Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Эл үнү: Милицияны ким коргойт?


Бишкектеги милиция кызматкерлери.
Бишкектеги милиция кызматкерлери.

Өзгөчө абалда эки эсе күч-кубат менен иштеп жаткан дарыгерлер менен тартип коргоо кызматкерлери оор кыйынчылыкка туш болушту. "Эл үнү" аркылуу жардам алган жарандарыбыз "Азаттык" радиосуна ыраазычылык билдирет.

Аида Жекшебаева, Военно-Антоновка айылынын тургуну:

"Үч балам бар, батирде турам. Жалгыз бой аялмын. Күйөөм каза болуп калган. Военно-Антоновка айылы, Жангазиев көчөсү, 52. Тамак-аш жагынан жардам берип койсоңуздар".

Гүлсана Калбаева, Бишкектин тургуну:

"Сегиз балам бар. Үч жыл мурда кырсыкка кабылгам. 45 жаштамын, ден соолугума байланыштуу иштей албай калдым. Азыр үйдө 10 киши жашап жатат. Төртөө мектеп жашында. Мурдагы жолдошумдан алты балам, кийинки күйөөмөн эки кызым бар. Чоң кызым тигүү цехинде иштеп жардам берип турчу эле. Эми бир баласы менен алардын өзүнөн ашпай калды. Жардам сурап кетет элем. Дордой-1 конушундагы Ибраимов көчөсү, 4".

Калия Султанбаева, Бишкектин тургуну:

"Азыр Чүйдөгү төрөт үйүндө жатам. Кечээ кечинде кыз төрөдүм. Бешинчи балам. Тамак-аш жагынан, акча жагынан жардам сурайм. Кыйналып турам. Батирде жашайбыз. Күйөөм желим бөтөлкө терип иштейт. Паспортумду аптекага күрөөгө коюшуптур. 588 сом болуптур. Кыйналып жатабыз. Жардам берип коюңуздарды суранам".

"Азаттык": Жаңы эле көз жарып, төрөтканадан мындан аркы жашоо кандай болот деп бушайман болуп турган Калия Султанбаевага жардам берем деген жарандар болсо, ал азыр Чүй облустук төрөтканасында жатат. Телефон номери 0-702-09-08-35.

Таза сууга таңкыстык

Коронавирус дартынан сактануу үчүн тазалык менен жеке гигиенаны сактоо талабын биз аткара албай жатабыз деп Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айыл өкмөтунө караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну Мирбек какшып турган суу түтүктөрүн сүрөткө тартып жөнөткөн.

Чоң-Арыктагы суу түтүгү.
Чоң-Арыктагы суу түтүгү.

Атын ачык атабаган Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылынын тургуну:

"Ала-Тоо совхозунда карантин маалында ушундай кир суу ичкенге аргасызбыз. Анткени таза суу издеп, эч жакка чыга албайбыз. Бул сууда, курт, ылай-топурак баары аралаш. Адамдын жашоосунун негизги булагы - суу. Биз болсо ушул сууну ичүүгө мажбурбуз".

Кара-Жыгач: Таза суу жетпеген айыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

Милицияны ким коргойт?

Күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан милиция кызматкерлери тамак-аш, транспорт жана коргонуучу кийимдер менен камсыз болбой жатат деген маселе коомдо жана социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Атын-жөнүн ачык айтуудан чочуган Бишкектеги милиция кызматкери:

"Азыркы өзгөчө абал маалында милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бирок эч кандай шарт түзүп бербей эле талап кылып жатышат. Милиция бөлүмүндө түнү менен нөөмөттө тургандарга жок дегенде үч жолу тамак берилиши керек. Андай шарт жок. Постто тургандарга тамак-ашты милиция кызматкерлери өзүбүз камдап жатабыз. Анан жеке автоунааңарды айдабагыла деген буйрук чыкты. Көп кызматкерлер шаар сыртында жашайт. Жөө келип жатышат. Же кызматтык машине жок, же ага бензин жок. Кыскасы, милиция да кыйын абалда калды".

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитовдун жообу:

"Азыр өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал киргизилген бардык аймактарда милиция кызматкерлери, ички аскерлер күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат. Өзгөчө абал кирген аймактарда, айрыкча Бишкек шаарында, анын тегерегиндеги блок-посттордо мурда милиция кызматкерлери турган. Кийин болсо милиция кызматкерлери шаардын ичиндеги тартипти көзөмөлдөөгө тартылган.

Түнкүсүн болсо атайын автопатрулдарда турушат. Андан сырткары күндүз тартипке көз салган жөө патруль бар. Алар эртең мененки саат 7ден кечки саат 8ге чейин турушат. Алардын аймактары, маршруттары белгиленген. Милиция кызматкерлерин иш ордуна жеткирүү, анан нөөмөтү бүткөндө аларды үйүнө жеткирүү башында көйгөй болгон. Бирок бүгүнкү учурда милиция кызматкерлери өздөрү жашаган жерге жакын бөлүмчөлөргө бекитилди. Алардын жөө басып келгенге мүмкүнчүлүгү бар, атайын ошондой шарттар белгиленген.

Ошондой эле атайын автобус менен жеткирилип, нөөмөтү бүткөндөн кийин алып кеткен жерлер да бар. Оперативдүү топтордо, штабдарда иштеген кызматкерлерди эртең менен белгилүү маршруттан жыйнап кетет. Кайра кечинде жеткиришет. Бул жагынан маселе жок".

"Азаттык": Кызматтан кетебиз деп арыз жазгандар жокпу?

Бакыт Сеитов: Андай жок. Болушу да мүмкүн эмес деп ойлойбуз. Республика боюнча биздин да штаб бар. Кылмыш, жоруктарды, калк арасындагы ар кандай тартип бузууларды анализдеп, карап турабыз. Абалды туура түшүнүү менен кызматкерлер өз ордунда иштеп жатат.

Постто турган милиция кызматкерлери тиешелүү каражаттар меен жабдылган, тамак-аш маселеси чечилген. Башында көйгөй болгон, бугүнкү күндө маселе жокко эсе. Милициядан кетем деп арыз берген факты да жок, бардыгы өз ордунда милдетин аткарып жатат. Аларга шарт түзуп бергенге аракеттенип жатабыз".

Үйдөн ишке, иштен үйгө жетпеген медиктер

Баткен районундагы медицина кызматкерлерин ишке жана үйлөрүнө жеткирүү кандай кыйын болуп жатканын тастыктаган көрүнүштү видеотасмага тартып, медициналык кызматкерлерди алып келген аты белгисиз айдоочу адамдын врачтарды ташууга ыңгайлуу автоунаа менен камсыз кылууну өтүнгөн тасманы жөнөтүштү.

"Мына биз Бужумдан медициналык кызматкерлерди алып келдик. Беш-алтоо батпай калды. Эми кайра барабыз. Дагы бир машине койгула деп суранабыз".

Баткен: Бир машинеге тыгылган 20 дарыгер
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

Интернет жетпеген айыл

Турдубек уулу Канатбек, Нарын районундагы Ак-Кудук айылынын тургуну:

"Кыргызстандын өкмөт башчысына жана “Мегаком” компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловго кайрылуу. Мындан 10 жыл мурун, 2010-жылы Мегаком” компаниясы коюлган. Бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин жабдыктарынын эскиргенине байланыштуубу же дагы башка себеби барбы – антенна кубаттуулугун жоготуп, элге түз байланыш жетпей жатат. Мындайча айтканда, антенна чыкпай, бири-бирибиз менен байланыш үзүлдү. Бул жерде 760 киши жашагандыктан, башка компаниялар “элиңердин саны аз” деп антенна коюп беришкен эмес. Жардам сураганыбыздын себеби – ушул тапта мектептер жабылып, окуучулар үйдөн онлайн окуп жатышат. Балдарыбыздын татыктуу билим алуусуна шарт түзүп, бизге жаңы жабдыкпы же башка жолун таап, маселебизди чечип беришет деп үмүттөнөбүз".

Антеннасы жок Ак-Кудук айылы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

“Альфа-Телеком” компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангуловдун жообу:

"Үч уюктук оператордун тең байланыш мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес. Бирөөнүн байланышы бир жерде күчтүү болсо, башка жерде тескерисинче солгун. "Мегаком” начар тарткан жерде “Билайн” же "О" оператору күчтүү. “Мега24” тиркемесинде эч кандай чектөө жок. Башка уюктук операторлор деле “Мега24” аркылуу окууну жүргүзө берсе болот.

Жогорудагыдай суроо-талап абдан көп. Жылдын башында бекиген планга ылайык, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы бардык станцияларыбыздын күч-кубатын арттыруу маселеси каралган. Азыркы коронавируска байланыштуу биздин техникалык адистер ал жакка чыга албай жатат. Ошон үчүн бул иш токтоп турат. Жабдыктардын жолдо келатканы, кампада жатканы бар. Кырдаал баштапкы калыбына келсе иштер толук жүргүзүлөт.

"Эл үнү" аркылуу жардам алган жарандар

13-апрелдеги берүүдө "бирөөнүн гаражынын бир бурчунда жашайбыз" деп, жардам сураган Бишкектин тургуну программа обого чыгаар замат үйдүн кожоюну азык-түлүк алып келип бергенин айтып, "Азаттыктын" журналисттерине ыраазычылык билдирди. Ал аялга "жардам берели" деп бир нече адам, дарегин сурап кайрылды.

Андан тышкары 11 айлык ымыркайы жана көзү азиз алты жашар уулу менен батирде турам деп жардам сураган Жаркынай Молдобековага Европада жашаган жана Кыргызстанда турган кайрымдуу мекендештер кол сунушту.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG