Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Эл үнү: Насыянын үстөгү, дыйкандын cанаасы


Ош шаары, март, 2020-жыл.
Ош шаары, март, 2020-жыл.

"Эл үнүнө" материалдык жана тамак-аш жагынан жардам күткөн жалгыз бой энелер жана көп балалуу үй-бүлөлөр кайрылышты. Москванын "Шереметьево" аэропортунда турган мигранттар бийликке дагы кайрылуу жолдошту.

Гүлсара Маразыкова:

- Жалгыз бой энемин, Оштон болом. Бишкекте Совет көчөсүндө батирде турам. Үйдө тамак-аш, эч нерсе калбай калды. Абдан кыйналып жатам. Ичкиликтин айынан беш жыл мурда күйөөм менен ажырашып кеткем. Тигүү цехинде иштечүмүн, карантинге байланыштуу жумуш токтоп калды. Эки күндөн бери тамак иче элекпиз. Картөшкө, пияз – эч нерсе калбады. Кимге жардам сурап кайрыларымды билбей турам. Балдардын улуусу 3-класс, анан 2-класс, дагы бирөө беш жашта. Кыйналып жатам.

Венера Райымкулова:

- Беш балам менен кыйналып жатам. Жол кирем 1760 сом болуп кетиптир. Кошунамдан да карыз алгам. Бир кызым 11-класста, экинчи кызым 7-класста окушат, дагы бир балам алты жашта, кичүүсү төрт жашта. Күйөөм иштебейт, ал карантинге чейин эле иштечү эмес. Ал ичкиликке жакын. Бир ичкенде 10-15 күн токтобой ичет, ошон үчүн ишке деле алышпайт.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 7-апрелде өткөн брифингде мындай деди:

- Өкмөттүн токтому менен бөлүнгөн, ишкерлер жана катардагы жарандар берген жардамдар биринчи кезекте аз камсыздалган үй-бүлө катары тизмеде тургандарга, андан кийин жардамга муктаждарга таратылат. Ал үчүн жардамга муктаж адамдар өзү жашаган райондордун акимчилигине кайрылып, тизмеге жазылышы зарыл.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин 7-апрелде берген жообу:

- Калктын мындай катмарына өткөн жумадан тартып жардам бериле башталды. Социалдык өнүктүрүү кызматынын тизмесинде турган жарандардан тышкары күнүмдүк акча тапкандар акчасыз калганы түшүнүктүү. Ошон үчүн азыр жергиликтүү бийлик менен бирге тизмелер түзүлүп жатат. Аларды биз ала баштадык. Анын негизинде күнүмдүк керектелчү азык-түлүктүн 6-7 түрү элге таратылат. Буга жергиликтүү бийликтин жана өз ыктыяры менен жардам берип жаткан ишкерлердин каражаты жумшалды. Тизме боюнча өлкөдө 210 миң үй-бүлөгө жардам берилет.

Атын атабаган аял:

- Саламатсыздарбы. Гуманитардык жардамга берилип жаткан ун ар бир облуска таратылып кетти го. Ошол жардамдан ар бир жаранга бирден кап ун берилеби? Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылабы? Азыр Кочкор районунун борборунда ундун баасы 1700-1800 сомдон болуп жатат. Эмнеге эч ким көзөмөлдөбөйт? Баа 2000 сомго чыгат деп атышат. Ар ким өз баасын коюп, сатып жатышат. Карапайым элге ун арзаныраак болсо жакшы эле.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин 7-апрелде берген жообу:

- Азык-түлүктүн баасына көзөмөл бар. Ун, нан, сүт, картөшкө сыяктуу негизгилерине көзөмөл киргизилген. Антимонополиялык комитет мүмкүн болушунча бааларды бекиткен. Бирок ачыгын айтыш керек, баа өсүп жатат. Бул жалпы кырдаалга байланыштуу. Бир топ азык-түлүк продукциясы бизге сырттан келет. Бул доллардын курсунун жогорулашына да байланыштуу. Өзгөчө кырдаал киргенде жарандар дүрбөлөңгө түшүп, ал да баанын өсүшүнө таасир этти. Баа күн сайын көзөмөлдөнүүдө. Мамлекет көзөмөлдөбөсө баалар мындан да жогору болмок.

Москвадагы аэропортто тургандар бийликке дагы кайрылышты

- Урматтуу Сооронбай Шарипович, мына бир айга жакындап калды. Москванын "Шереметьево" аэропортунда Кыргызстанга жете албай жүрөбүз. Ушунча киши турабыз, бизди алып кеткиле.

Москва: "Бизди бул жерде калтырбагыла"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00

6-апрелде Екатеринбургдан 17 кыргызстандык жаран Бишкекке учуптур. Бул жакта 200-300 мигрант уча албай жатат. Сөзсүз эле бирөө ооруп, же бирөө чоң кызматта иштеши керекпи? Биздин кыйналганыбызды, үмүттөнүп турганыбызды ким угат? Чыдадык, бул жакта жаттык. Мындай болбойт да, күндөн күнгө Москвада ооруга чалдыккандар өсүп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Дыйканбаев «бийлик өлкөгө келе албай жаткандардын талабын жакшы билет, бирок дүйнөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу маселени тезинен чечүү мүмкүн болбой жатат» деп билдирген эле.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги абал оңолгончо мигранттарды иш жана жатакана менен камсыз кылуу боюнча көрүп жаткан аракеттери тууралуу да маалымат берген.

Насыя менен айып пулдун үстөгүн ким төлөйт?

Фарида Маралбекова, Ысык-Көл облусунун Бает айылында жашайбыз.

- Жакында эле “Мөл-Булактан” 60 миң сом насыя алдык эле. Процентин төлөө маалы келип калды. Бирок эми минтип карантинге туш болдук. “Мөл-Булакка” чалсак “биз жеке менчик компаниябыз, процентти төлөш керек. Эч кандай жүйө кабыл албайбыз” дешти.

Венера Абылкасымова:

- Үч балам бар. Өзүм үйдөмүн, жолдошум эле иштечү. 17-февралда ломбарддан акча алганбыз. Сом беришкен эмес. Кагазга сом түрүндө көрсөтүп, ал эми бизге болбой доллар карматкан. «Росломбард» берген. "Эртең доллардын баасы 80-85 сомго чыгып кетсе кандай болот?" десек, «доллар канчага чыкса ошончодон төлөйсүңөр» дешкен. Азыр жер-суунун барында жумуш жабылган да. Телевизордон бардык төлөмдөр үч айга созулганын уктук. Ломбард – менчик. Ал да үч айга созуп береби? 5000 доллар алганбыз. Батирдин акчасын да төлөй албай жатам.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин жообу:

- Улуттук банктын насыя төлөмдөрүн үч айга созуу тууралуу сунушун банктар аткарып жатышат. Эгер кайсы бир банк аткарбай жатса, Улуттук банкка же өкмөткө кайрылсаңыздар болот. Насыянын үстөк маселесин такыр токтотуу өтө оор маселе. Коммерциялык банктар депозиттин эсебинен жарандарга насыя берерин эске алышыбыз керек. Насыянын үстөк пайызын же төлөөнү такыр токтотуу мүмкүн эмес. Банктардын насыядан тарткан чыгымды төлөп берүүгө мамлекеттин чамасы жетпейт.

Мындан эки жума мурун ломбарддардын ишмердигин караган Финансы көзөмөл агенттигине ломбарддардан алынган насыялардын төлөө мөөнөтүн үч айга узартуу тууралуу сунуш берилген. Бүгүн да ушул маселе тууралуу сүйлөшүү болот.

Рахат Кулов, Бишкекте такси айдайт.

- Ак үйдө иштегендер, силерге кайрылып кетейин дедим эле. “Коопсуз шаар” боюнча айып пулдардын пениясы күндөн күнгө өсүп жатат. Күнүгө 20-30 сомдон кошулуп жатат. 23-мартта жумуш токтогон. Мына баарыбыз үйдө отурабыз. Айып пулдун акчасын төлөйлү деп барсам, "Коопсуз шаардын” компьютердеги программасы иштебей калып, кайра келгем. Андан кийин барайын десем акча жок болуп калды. Карантинде болгон акча тамак-ашка кетип, үйдөн чыга албай калдык. Бирок күндөн күнгө анын үстөгү өсүп жатат. Карантин башталгандан тартып, ошол айып пулдун баарын өчүртүп, же жок дегенде 50% төмөндөтүп берсеңер.

Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов мындай жооп берди:

- Негизинен азыркы учурда "Коопсуз шаар" долбоорунун аппараттык-программалык комплекстери штаттык түрдө өз ишин улантып жатышат. Эгер жол эрежелерин бузуулар болсо катталып жатат. Ал эми жол эрежелерин бузуп, буга чейин токтом алган же аларды алып жаткандар болсо дүкөндөрдө, супермаркеттерде жана башка жерлерде терминалдар бар. Ошол терминалдар аркылуу эле айып пулду төлөп койсо болот.

Азыркы учурда терминалдарда чектөөлөр да киргизилип жатат. Буга чейин бузгандар болсо ушуга чейин күтпөй туруп эле өз ыктыяры менен төлөп коюшса болмок. Азыр деле кеч эмес. Азыркы учурда жеңилдиктер карала элек.

Жер айдаган дыйканды ким ойлойт?

Амандык Сапарбеков, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын тургуну:

Урматтуу министрлер, депутаттар!

Техниканын тетиктерине байланыштуу маселени чечип берсеңер жакшы болот эле. Шайман-тетик саткан контейнерлердин ачтырып койсоңор. Оор жүк ташыган машинелерге жармашып, тетик алып келели деп барып, баары жабык, темселеп кайра келатабыз. Бир сом акча жок. Ушуну карап бербейсиңерби? Бул силерге тамашабы? Жер айдоо жүрүп жатканда ушул жагын да ойлобойсуңарбы?

Жер айдаган дыйканды ким ойлойт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Үйгө жетпей калгандар

Жанара Эсеналиева, Ала-Тоо айылынан.

- Карантин башталганча эле балдарыбызды Кара-Балта шаарына таенесиникине жибергенбиз. Анткени ал маалда жолдошум экөөбүз тең иште болчубуз. Карай турган киши жок болуп калып, үч баламды Кара-Балта шаарына жеткиргенбиз. Алардын сабагы 8-апрелде башталганы турат. Башка ата-энелер да балдарын карантинде айылга жиберип, эми кайра алып келе албай жатышат. Кара-Балтага балдардын окуу китептерин жеткирип бере албай же өздөрүн алып келе албай калдык.

Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиевдин жообу:

- Өзгөчө абал учурунда бардык кыймыл-аракетти чектөө талабы коюлат. Тилекке каршы, сурангандардын баарына өткөрмө бере албайбыз. Өзгөчө абалда кыймылды токтотуу зарыл.

Урматтуу окурман, "Эл үнү" программасынын "Вотсап" номери 0550-988-755. Кайрылууңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG