Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Экономика министрлиги АКШнын санкция тууралуу билдирүүсүнө жооп берди


Экономика жана коммерция министрлиги.
Экономика жана коммерция министрлиги.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстанда кармалган 14 учкучсуз аппарат боюнча маалымат берди. Министрлик "Инвест Импульс" ишканасынын DJI Agras T30 14 даана учкучсуз аппараттары былтыр, 2022-жылы Казакстан аркылуу Орусияга ташылып бара жатканда кармалганын билдирди.

"Учкучсуз аппараттар Кыргызстандын импорт, экспорт, реэкспорт жана транзит товарлары боюнча улуттук көзөмөлгө алынган товарлардын тизмесине кирет жана аларды ташууга уруксат кагазы талап кылынат. Бирок "Инвест Импульс" ишканасы 2022-жылы мындай типтеги товар ташууга уруксат сурап кайрылган эмес. Мекеме учкучсуз аппараттар айыл чарбасында кеңири пайдаланылып жатканын эске алып, товардын экспорттук көзөмөлгө жатарын билбеши мүмкүн. Бул экспорттук көзөмөл эрежелери бузулган жалгыз учур экенин баса белгилейбиз, ишкана толугу менен жоопкерчиликке тартылган", - деп жазылган маалыматта.

Министрлик ошондой эле быйыл АКШ, Евробиримдик жана Британиянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кеткен соң, мындай товарларга экспорттук көзөмөл күчөтүлүп, бир катар чаралар көрүлгөнүн кошумчалады.

Анын ичинде мындай товарлар Кыргызстанга атайын уруксат берүүчү документтерсиз киргизилбей турган атайын системага камтылганы айтылат. Мамлекеттик бажы жана Салык кызматтары мындай товарлардын жүгүртүлүшүнө электрондук эсеп-фактура аркылуу көзөмөл жүргүзүлүп, ишкерлерге экспорттук көзөмөлдөгү товарларды мыйзамсыз сатууга жол берилбестиги эскертилип турат деп жазылган.

"Мындан тышкары министрлик Европа Биримдигинин, АКШнын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнө экспорттук көзөмөлдү жакшыртуу боюнча кеңеш берүү сунушу менен кайрылган. Биз Евробиримдиктин ыйгарым укуктуу органдарына сыртка чыгарылып жаткан товарлар боюнча акыркы сатып алуучунун сертификатын талап кылуусун сунуштаганбыз. Бул кыргыз тарап үчүн мындай товарларды сатып алуучу субьектилерге мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзмөк", - деп жазылган маалыматта.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын "Экспорттук көзөмөл тууралуу" мыйзамына быйыл, 15-февралда өзгөртүү киргизилгенин, учурда аны ишке ашыруу үчүн ченемдик актылар иштелип жатканын билдирди.

The Washington Post басылмасы 18-июлда АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга карата жаңы экономикалык чара көрүүгө камынып жатканын жазды. Анда мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы, америкалык жана европалык дипломаттардын Кыргызстанга жасаган сапарлары жыйынтык бербегендиктен, Вашингтон ушул аптада экономикалык чараларды кабыл алары белгиленген.

Басылма Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан кытайлык 14 DJI Agras T30 учкучсуз учактар тобунун Казакстанда кармалганына токтолгон. Казакстандын бажысы жеткирүүчүнүн жүккө тиешелүү документтери жок экенин билдирген эле.(ZKo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG