Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

"Эч кимге айта албайм". Талиб медреселеринде сексуалдык ыдык көргөн балдар


Ооганстандагы медресе. Иллюстрация
Ооганстандагы медресе. Иллюстрация

Ооганстанда талибдердин медреселеринде окуган эркек балдар мугалимдерден сексуалдык ыдык көрүп, таяк жешет. Атын атабаган 10-17 жаштагы окуучулар ошондой учурлар жөнүндө “Азаттыктын” ооган кызматынын (“Азади” радиосунун) кабарчыларына айтып беришкен.

Андай окуялар өлкөнүн батышында жана түштүк-батышында “Талибан” кыймылы ашынган исламчыл көз караштагы диний окуу жайларын кеңейткен жерлерде болгон.

“Бир күнү талиб мугалимибиз мага жосунсуз бир сунуш кылды. Мен аны кабыл алган жокмун. Сабак аяктагандан кийин кайрадан асылды”, - деп айтып берди Фарах провинциясында жашаган 16 жаштагы медресе окуучусу.

Ал окуя жөнүндө медресенин директоруна – карыга даттанганы менен, эч кандай жыйынтык чыккан эмес:

“Мугалим ушундай ыплас иш кылды десем, кары ага андай болбойт деп эскертти. Окутуучу ошондой иш кылганын моюнга алды, бирок мага да, башка окуучуларга да асылганын токтоткон жок”.

Талибан тескеген дагы бир медреседе жарым жыл окуган 17 жаштагы өспүрүм ушул өңдүү окуяны башынан кечирген:

“Сабак берген талибдердин бири сексуалдык мамиле курууну, дагы көп нерселерди сунуш кылды. Мен аны кабыл алган жокмун”.

Окутуучу сөгүнүп, коркутууга киришкен. Бала андай ыпластыкты үй-бүлөсүнө айта албай, кимден кеңеш сурарын билбей, ичинен бук болуп жүрдү. Мугалим тийишкен балдардын бири атүгүл окуу жайдан кетүүгө аргасыз болуптур.

Талибдердин медресеси. Батыш Ооганстан. 23-февраль, 2024-жыл
Талибдердин медресеси. Батыш Ооганстан. 23-февраль, 2024-жыл

“Талибан” кыймылы 2021-жылы августта бийликти кайрадан басып алгандан кийин көптөгөн чектөөлөрдү киргизип, исламдын ашынган эрежелерин таңуулаган. Кыздардын алтынчы класстан кийин билим алуусуна тыюу салынып, аялдардын коомдогу ролу иш жүзүндө жок кылынды. Ал эми музыкага тыюу салынышы, мугалимдер менен окуучуларга кысым-басым жынысына карабай бардык оогандарга таасир этти. Талибдер кайтып келгенден бери көптөгөн окутуучулар өлкөдөн чыгып кетти, аял мугалимдер чектөөлөрдөн улам жумушсуз калды.

Исламчыл кыймыл секулярдык мамлекеттик мектептерди жана расмий эмес медреселерди диний окуу жайлардын системасына алмаштыруу ишин жүргүзүп келет. Сөз болгон система кыздардын билим алуусуна жол бергени менен, сынчылардын пикиринде, ал заманбап билим берүү принциптерине туура келбейт жана көбүнчө экстремизмге үгүттөйт.

Бириккен Улуттар Уюмунун февралдагы баяндамасына караганда, талибдер эркек балдардын 6 836, кыздардын 380 медресесин уюштурду. Мартта башталып жаткан жаңы окуу жылына карата бирдиктүү диний окуу программасы иштелип чыкмакчы.

“Талибандын” руханий лидери молдо Хайбатулла Ахунзаданын 100 миң жаңы мугалимди ишке алуу буйругунан кийин медреселерге окутуучу жалдоо жараяны жүрүүдө.

Өткөн декабрда Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Ооганстандагы билим берүүнүн абалына берген баасында “Талибан” кыз-келиндердин билим алуусуна тоскоолдук түзүү менен бирге эркек балдардын окуусуна да залакасын тийгизгенин белгилеген.

"Мурда балдарды көбүнчө аял мугалимдер окутчу. Талибдер аялдардын эркек балдарга сабак беришине тыюу салгандан кийин алар жумуштан бошотулуп, балдар квалификациясы жок эркек окутуучулар менен, айрым учурларда мугалимсиз калды. Ата-энелердин айтымында, окуучуларга кол көтөрүү адаты ооган мектептеринде мурда деле боло келген, акыркы мезгилде андай учурлар ого бетер көбөйдү”, - деп айтылган докладда.

HRW “көптөгөн эркек балдар мектептерди таштоого аргасыз болгонун”, алар “депрессияга, башка психикалык көйгөйлөргө кабылганын” белгиледи.

“Талибан” бийликке кайтып келгенден көп узабай БУУ Ооганстандагы жеткинчектердин оор абалына, сексуалдык зомбулукка, билим албай калуу коркунучуна дуушар болгонуна көңүл бурган.

Эл аралык стандарттарга ылайык, 18 жашка чыга электер бала болуп эсептелет, талибдер болсо балакатка жеткендерди чоң киши деп санайт. Бул балдарды коргоо ишин ого бетер оорлоштурууда.

Кабулдагы медресе
Кабулдагы медресе

Ооганстандын батышындагы жана түштүк-батышындагы балакатка жете элек окуучулар да мугалимдердин зомбулугуна, сексуалдык ыдыкка кабылганын айтышат.

“Азади” радиосуна маек курган жаш жигиттин айтымында, ал бир тууган иниси Ооганстандын батышындагы медреседе сексуалдык зомбулукка дуушар болгонун жакында уккан:

“Мугалим үй тапшырмасын берип жатканда, ачык айтканда, ага жыныстык катнашта болууну сунуш кылып, колу-бутун сылап, өөптүр”.

Муну уккандан кийин ал жигит инисине эми мектепке барба деп кеңеш берген.

Балдар сексуалдык асылуу, зомбулук жана ыдыктан чочулап мектептерге баруудан баш тарткан учурлар көп кездешет.

“Кээ бир мугалимдер окуучуларга кысым-басым кылып, адеп-ахлакка сыйбаган талаптарды коюшат. Сабакты жакшы окубайсың деген шылтоо менен бетке, колго-бутка сабашат”, - деп айтып берди 14 жаштагы өспүрүм.

10 жаштагы медресе окуучусунун айтымында, мугалим бир нече баланы таманга чапкылаган.

“Талибан” өкүлдөрү “Азади” радиосунун медреселердеги андай окуялар тууралуу маалыматтарга тиешелүү комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок. Ооганстандын башка жерлериндеги абалдан кабардар адамдар куугунтуктан чочулап, журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып коюшту.

Аялдардын укуктарын коргогон активисттердин бири талибдер башкарган медреселерде ырайымсыз мамилеге туш болгон балдардын ата-энелери куугунтуктан чочулап арыздана албайт деген. Анын айтымында, медреселердеги окуу программалары “өлкөдөгү экстремизмдин жайылышына салым кошуп жатат”.

Активист Нажиб Амини окуучулардын үй-бүлөлөрү зомбулук маселесине көңүл бурушу керек деп эсептейт:

"“Балдар “Талибан” режими түзгөн медреселерде сексуалдык ыдыкка кабылып жатат. Ата-энелер балдары зомбулук көрбөсүн, базалык билим алсын деп кааласа, аларды талибдердин медреселерине жөнөтпөшү керек".

  • "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган-ред.) кыймылы 2021-жылдын 15-августунда ооган бийлигин кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен. “Талибан” адам укуктарын бузганы, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун чектегени үчүн сынга кабылып келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG