Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Уулу бала бакчада ыдык көргөнүн айткан эне милицияга кайрылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абад шаарында алты жаштагы уулу жеке менчик бала бакчада сексуалдык ыдык мамилеге кабылганын айткан аял милицияга, прокуратурага жана жергиликтүү билим берүү мекемесине кайрылганын 14-сентябрда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, уулу бала бакчанын ээсинин 13 жаштагы баласынын ыплас аракетинен жабыркаганы белгилүү болду.

Өзүн Надежда деп тааныштырган келин уулу аталган жеке менчик бала бакчага бир жашынан бери барып жүргөнүн, жакында ал ыдык мамиле тууралуу айтып бергенде тийиштүү органдарга кайрылууга мажбур болгонун, бирок алгылыктуу териштирүү жүрбөй жатканын билдирди.

Шаардык милициядан аталган окуя боюнча арыз 20-августта түшкөнүн жана маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынганын, арыз ээси 38 жаштагы жергиликтүү тургун экенин, тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүп жатканын “Азаттыкка” кабарлашты.

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын өз кайрылуусунда былтыр мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирген. Ал келтирген маалыматка караганда, 2021-жылы 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган, ур-токмокко алынган 264 балага коргонуу ордери берилген. Мамкатчы билдиргендей, 2022-2026-жылдары балдарды коргоо боюнча программанын негизги максаты – балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы укук-ченемдик базаны өркүндөтүү. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG