Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

ЕАЭБ: Кыргызстан мигранттар маселесин козгоду


ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери. 25-август, Чолпон-Ата шаары.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери. 25-август, Чолпон-Ата шаары.

Президент Садыр Жапаров ЕАЭБ өкмөт башчылары менен жолугушууда мигранттарга шарт түзүү маселесин көтөрдү. 25-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйыны башталды.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын 25-августта кабыл алып, биримдиктеги негизги көйгөйлөрдү атады.

Жапаров эмгек миграциясы биримдиктеги актуалдуу көйгөй экенин белгилеп, уюмга мүчө өлкөлөрдө жумушчуларга тиешелүү шарт түзүү керек экенин билдирди.

“ЕАЭБ органдарында Кыргызстан төрагалык кылып турган учурда, биримдиктин аймагына иштөө үчүн келгендерге тийиштүү шарт түзүү приоритеттүү иштердин бири болмокчу. Буга байланыштуу бул багытта иштөөнү улантуу маанилүү деп эсептейм. Анын ичинде жумушчуларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык камсыздоо маселелерин чечүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде алар үчүн миграциялык талаптарды жөнөкөйлөтүү”, - деди Жапаров.

Жапаров ЕАЭБде соода жүгүртүүдө дагы деле тоскоолдуктар болуп жатканын белгилеп, "Жасалган кадамдарга карабастан биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода байланыштардын кеңейишине тоскоолдуктар болууда”, - деди.

Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасынан келе жатып жол кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болгон окуя кызуу талкууланып жаткан учурга туш келди.

Айрым серепчилер мигранттарга шарт түзүү үчүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү зарыл экенин белгилешет. Мурдагы парламент депутаты, активист Орозайым Нарматова жыйында кыргыз бийлиги мигранттардын маселесин кабыргасынан коюп, жыйынтык чыгарууга аракет кылышы керек деп эсептейт. Нарматова айырыкча учурда мигранттарга Орусияда каттоого туруу эрежелери түйшүк жаратып жатканын белгиледи.

“Тилекке каршы 90% мекендештердин каттоосу мыйзамсыз, анткени алар жашаган жеринде каттоого турбайт. Ал эми 50% ашыгы гана мыйзамдуу жумушуна катталган, иш келишими бар десек болот. 3-сентябрдан кийин алар массалык депортация болушу мүмкүн экенин айткам. Ошондуктан эртеңки жыйында Кыргызстан өзүнүн сунушун айтышы керек. Кандай сунуш айтса болот? Жумуш берүүчүнүн дарегине каттоого турүп, ал эми жашап жаткан жерин кошумча кылып каттатса болот. Ушундай сунуштарды айтышы керек”, - деди Нарматова.

Евразия экономикалык комиссиясы Орусияда миграциялык каттоосу бүткөн кыргызстандыктар 3-сентябрга чейин каттоосун кайра узартып же өлкөдөн чыгышы керектигин 23-августта эскертти.

Буга байланыштуу мигранттар паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн дүрбөлөң түшүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) болсо кооптонууга негиз жок экенин билдирди. ТИМ эгер Кыргызстандын жараны Орусияда мыйзамдуу жүрсө ага бул өлкөнүн чек арасынан чыгып, кайра кирүүнүн кажети жок экенин белгилейт. Иш келишими болсо ошонун негизинде миграциялык каттоо бир жылга чейин узартылат.

Экономикалык серепчи Элдар Абакиров Кыргызстан көтөргөн маселе жакынкы аралыкта оң жагына чечилет дегенге ишенбейт. Анын пикиринде айрыкча соода жүгүртүү жана миграция боюнча ЕАЭСтин алкагында көпчүлүк келишимдер жыйындардан кийин кагаз жүзүндө калып калат.

“Биримдиктеги кагаздар, макулдашуулар, максаттар баары эле жакшы. Бирок, тилекке каршы ишке ашпайт. Ошол эле эркин товар жүгүртүү деген жок. Ошондой эле эмгек мигранттары каалагандай иштеп жүрө берсе болот деген макулдашуу иштеген жок. Азыр кыргызстандыктар каттоого турбаса, өлкөдөн чыгарылат деген шарттар бар. Кыскасы, кагазда башка, иш жүзүндө такыр башка”, - деди Абакиров.

21-августта Орусиянын Ульяновск аймагында ошондой белгини койдуруу үчүн жолго чыккан 14 кыргызстандык каза болгон. 23-августта Кыргызстанда аза күтүү жарыяланган. Бул окуя кыргызстандык мигранттарга байланышкан оор көйгөйлөрдү козгоду.

25-августта Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар башталды. Жыйынга катышуу үчүн Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов жана Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин келишти.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG