Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

Үрөй учурган кырсык мигранттар көйгөйүн козгоду


Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан 14 кыргыз жараны каза тапты. Алардын баары Орусияда убактылуу иштеп жүргөн мигранттар болгон. Кырсыкка байланыштуу 23-августта Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

21-августта Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгы кыргызстандыктардын жүрөгүнүн үшүн алды. Чоң жолдо тыгында токтоп турган кичи автобусту артынан күү менен келген жүк ташыган оор машине сүзүп, алдыдагы фурага кептеп салган. Кырсыктан 16 адам мүрт кетип, үчөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Каза болгондордун 14ү жана жараат алган үч адам кыргыз жарандары экени ырасталды.

Алар орус бийлигинин миграция боюнча жаңы талабын аткаруу үчүн Казакстандын аймагына чыгып, кайра Москваны көздөй бара жатканда кырсыкка кабылган. Бөөдө кырсыкка туш болуп, мерт болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Москвадагы Кадамжай коомунун төрагасы Өмүрбек Акматовдун "Азаттыкка" билдиришинче, каза болгондордун арасында кадамжайлык жубайлар да болгон. Алардын артында үч баласы калды.

"Жол кырсыкта Кадамжай районунан үч адам каза болду. 25 жаштагы бала жана 30дан жаңы өткөн жубайлар бар экен. Алар Москвада иштеп жүргөн. Бөтөн элде, бөтөн жерде жүргөнүнө байланыштуу документти тактап коелу деп чек арага келип, кайра бара жатканда кырсыкка кабылышыптыр".

Кырсыктан каза болгондордун дагы төртөө Жалал-Абаддын тургундары болгон. Алардын ичинен эки жигит Аксынын Үч-Коргон айылында туулуп-өскөн. Бул айыл өкмөттүн адиси Бактыгүл Атантаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, он гүлүнүн бир ачыла элек жигиттер эки жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн.

“Алар 1999-жылы туулган А. Т. уулу жана 2000-жылы туулган Ш. Ж. Эки бала тең эки жылдан бери Орусияда иштеп жүргөнү белгилүү болду. 23 жаштагы маркумдун ата-энеси да Москвада эмгектенип жүргөн экен. Бүгүн айыл аймактын жооптуу кызматкерлери маркумдардын үйлөрүнө барып, жакындарына көңүл айтып кайтышты. Азыр алардын жакындары сөөктөрдү күтүп жатат”, - деди Атантаева.

Жолдогу каргашадан каза болгон башка адамдар да Кыргызстандын ар кыл аймагынан Орусияга иш издеп барып, эмгектенип жүргөн мигранттары. Алардын эң улуусу 46 жашта болсо, кичүүсү 22ге чыккан.

Кырсыкта жараат алган үч адамдын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкери Алтынбек Өмүралиев буларды билдирди:

"Элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, жабыр тарткан жарандар жана дарыгерлер менен жолукту. Алардын абалы оор болгонуна карабастан, жылыш бар", - деди ал.

"Аза күнү жарыяланды"

Кыргыз өкмөтү кабарлагандай, каза болгондордун сөөгүн алып келүү үчүн атайын учак жиберилет. Ал 23-августта Ош аэропортуна келери күтүлүп жатат.

Ал тапта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ульяновск аймагындагы жол кырсыгына байланыштуу атайын кайрылуу жасады. Ал 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялады.

"Суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз. Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам. Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот", - деп айтылат президенттин 22-августтагы кайрылуусунда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлөрүн убада кылды.

"Мигранттар качан жай турмушта жашайт?"

Орусиядагы үрөй учурган бул кырсык четте иштеп жүргөн журтташтарга мамлекеттин камкордугу тууралуу маселени кайрадан күн тартибине чыгарды.

Буга чейин бийлик өкүлдөрү сырттагы мигранттардын көйгөйлөрүнө көңүл буруу күчөтүлөрүн убада кылып келген.

Кырсыктын алдында орус бийлигинин жаңы талабы боюнча мигранттар дембе-дем маселе көтөрсө да, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги өз убагында кулак салбаганы жөнүндө дооматтар көп айтылууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев акыркы кырсыкка байланыштуу элчиликтин жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты.

Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

"Кыргызстан Бажы биримдигине (ред: - ЕАЭБ) кирген учурда адам, акча, товар эркин жүрөт деген убада болгон. Бирок бул нормалар аткарылбай, биздин жарандарга ар түрдүү тоскоолдуктар болгонун соңку кырсык көрсөтүп жатпайбы. Биздин бийлик убада кылынган шарттарды талап кыла албай жатат. Элчиликтин иши жокко эседей сезилет. Анткени мигранттарга шарт түзүп, өз убагында маселеге көңүл буруш керек болчу. Биздин өкмөттөгү миграция жаатына жооптуу болгон жетекчилердин да жоопкерчилиги бар".

Орусияда Кыргызстандын бир миллионго жакын жараны эмгектенип жүрөт. Алар жыл сайын өлкөгө 2 миллиард доллардан ашык каражат которушат. Бул өлкө бюджетинин үчтөн бирин түзүп, экономиканы туруктуу кармоого салымын кошуп жатканын адистер айтышат.

Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар ар кандай аянычтуу абалда өмүр менен кош айтышкан окуялар утур-утур катталып келет. Мындан 6 жыл мурун, 2016-жылы август айында Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн 17 кыргыз кыз-келиндин өмүрү кыйылган.

Ал учурда да бийлик мигранттарга карата камкордукту күчөтөрүн убада кылган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG