Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:18

8-март: Пандемия гендердик теңсиздикти күчөттү


Камакка алынган оппозициячыл айымдарды бошотууну талап кылган флэшмоб нааразылык чарасы. Минск, Беларус. 2021-жылдын 14-февралы.
Камакка алынган оппозициячыл айымдарды бошотууну талап кылган флэшмоб нааразылык чарасы. Минск, Беларус. 2021-жылдын 14-февралы.

Германиянын канцлери Ангела Меркел COVID-19 пандемиясы аялдардын түйшүгүн көбөйтүп койгонун айтып, чыныгы гендердик теңчиликти камсыз кылууга чакырды. 8-март Айымдардын эл аралык күнүнө карата БУУ да дүйнө өлкөлөрүн аялдардын укугун коргоого үндөдү.

Европадагы гана эмес, дүйнө жүзүндөгү эң таасирдүү айымдардын бири атыккан Ангела Меркел 8-марттын алдындагы видео кайрылуусунда Германияда пандемия башталгандан бери аялдардын түйшүгү көбөйгөнүн айтты. Ал COVID-19 пандемиясы аялдар менен эркектердин ортосундагы теңчиликти камсыз кылуу багытындагы буга чейинки жетишкендиктерге шек келтирип жатканын билдирди.

“Пандемия биз эбак жеңип чыктык деп ойлогон эски гендердик маселелерди кайра жаратпашы керек. Кайрадан эле көбүнесе аялдар балдарды үйдөн окутуунун, аларга кам көрүүнүн жана өз жумушун аткаруунун ортосундагы тең салмакты табууга аргасыз болуп жатат”, – деди Ангела Меркел 6-марттагы кайрылуусунда.

Аял дарыгерлердин абалы оор

Немис канцлеринин айтымында, дарыканаларда, ооруканаларда жана лабораторияларда иштегендердин 75 пайызын аялдар түзөт. Бирок бул тармактардагы жетекчилик кызматтарда иштегендердин 30 пайызы гана аялдар.

Коронавируска каршы күрөштүн алдыңкы сабында дарыгер айымдар арбын болду. 2020.
Коронавируска каршы күрөштүн алдыңкы сабында дарыгер айымдар арбын болду. 2020.

Меркел аялдар коомдо чечүүчү ролду ойноп жатканына карабай, медицинада гана эмес саясатта, бизнесте жана башка тармактарда чечим кабыл алууга катыша албай жатканын “кабыл алынгыс” жагдай деп мүнөздөдү.

Ал бул маселени чечүү үчүн Германиядагы ири компаниялардын директорлор кеңешинде кеминде бир аял болушу керек деген эреже киргизилип жатканын билдирди. Ал, ошондой эле, чыныгы теңчиликти камсыз кылуу зарылдыгын, ал үчүн аялдар менен эркектердин эмгек акыларынын ортосундагы айырмачылыкты жоюу керектигин баса белгиледи.

"Бизге коомдун бардык чөйрөсүндө паритет керек. Анын ичинде аялдар эркектер менен бирдей эмгек акы алышы кажет", – деди Меркел.

Ангела Меркел, Берлин. 2021-жылдын 13-январы.
Ангела Меркел, Берлин. 2021-жылдын 13-январы.

Меркелдин билдирүүсүнүн алдында Европа комиссиясы да Евробиримдиктеги гендердик теңчилик тууралуу баяндамасын жарыялаган. Ал баяндамада да коронавирус пандемиясы аялдардын абалын оорлоштуруп койгону белгиленген.

Маселен, коронавирус менен түздөн-түз алпурушкан медициналык кызматкерлердин 76 пайызын аялдар түзгөндүктөн, пандемия маалында аял медиктердин иши эселеп көбөйгөн.

Ошол эле учурда аялдар коронавируска байланыштуу чечим кабыл алуу жүрүмдөрүнө эркектерге салыштырмалуу аз катышкан.

“Дүйнөнүн 87 өлкөсүндө, анын ичинде Европа Биримдигине мүчө 17 мамлекетте СОVID-19га каршы улуттук штабдардын 85,2 пайызын эркектер жетектейт”, – деп айтылат Еврокомиссиянын билдирүүсүндө.

Кыргыз полициячылары гендердик теңчиликти талап кылган демонстрант айымды кармап кетүүдө. Бишкек. 2020-жылдын 8-марты.
Кыргыз полициячылары гендердик теңчиликти талап кылган демонстрант айымды кармап кетүүдө. Бишкек. 2020-жылдын 8-марты.

Зомбулук жана жумушсуздук

Ошондой эле Европа комиссиясынын баяндамасына ылайык, аялдар соода, кызмат көрсөтүү жана социалдык кызматтарда көп иштегендиктен, пандемия маалында жумушсуздук маселесине көбүрөөк туш болушту.

Карантин жумшарган кезде да аялдар үчүн жумушка кайра орношуу оңойго турган эмес. Маселен, 2020-жылдын үчүнчү жана төртүнчү токсондуктарынын ортосунда Европада эркектер арасындагы жумушсуздук 1,4 пайызга кыскарса, аялдар арасындагы көрсөткүч 0,8 пайызга гана азайган.

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда "үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук" тууралуу мыйзамдын долбооруна нааразылык билдирген көп балалуу энелер, 2021-жылдын 25-январы.
Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда "үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук" тууралуу мыйзамдын долбооруна нааразылык билдирген көп балалуу энелер, 2021-жылдын 25-январы.

5-мартта жарыяланган баяндамага ылайык, пандемия башталгандан бери Европада үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөн. Үй-бүлөдөгү чыр-чатак Францияда карантиндин алгачкы жумасында эле 32 пайызга, Литвада алгачкы үч жумасында 20 пайызга көбөйгөн.

Ал эми карантин маалында аялдар балдарына кам көрүү үчүн жумасына эркектерге караганда эки эсе көп убакыт же орточо 62 саат сарпташкан.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда да аялдарга карата зомбулук күчөгөнүн расмий мекемелер ырасташкан. Маселен, былтыр Ички иштер министрлиги үй-бүлө зомбулугу 65% көбөйгөнүн билдирген. Өткөн жылы өлкөдө 20дан ашык аял ар кандай зомбулуктан мерт болгон эле.

Мындай окшош маселелерден улам Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынынын президенти Волкан Бозкыр 8-марттын алдындагы кайрылуусунда дүйнө өлкөлөрүн гендердик теңчиликти камсыз кылууга, аялдардын чечим кабыл алуу жүрүмдөрүнө катышуусуна шарт түзүүгө чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынынын президенти Волкан Бозкыр.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынынын президенти Волкан Бозкыр.

“2021-жылга карата дүйнөдөгү сабаты жоюла элек адамдардын үчтөн экисин аялдар түзөт. Санариптик тоскоолдуктардан улам дагы көп аял артта калуу коркунучунда калды. Эмгек базарында сегрегация бар. Айлык акыда да айырмачылык кала берүүдө. Үйдөгү “экинчи нөөмөт” атыккан акы төлөнбөгөн жумуштун көбү аялдардын мойнунда. Бул COVID-19 пандемиясынан улам үйдөн иштеген аялдарга тоскоолдук жаратууда. Карантин маалында жабык эшик артында гендердик негиздеги зомбулук өкүм сүрүп жатты”, – деп билдирди Бозкыр.

Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердеги парламент депутаттарынын 25 пайызын гана аялдар түзөт. Ошол эле учурда дүйнө жүзүндө 2,5 миллиарддан ашуун аял ар кандай дискриминациялык мыйзамдардын басымы астында жашап келишет.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун 2018-жылкы рейтингинде аялдардын укугу эң жакшы корголгон мамлекеттердин башкы сабына Исландия, Норвегия жана Финляндия чыккан.

Бирмалыктар шайланган лидер Аун Сан Су Чжи айымдын бошотулушун талап кылышты. Янгон шаары. 07.2.2021.
Бирмалыктар шайланган лидер Аун Сан Су Чжи айымдын бошотулушун талап кылышты. Янгон шаары. 07.2.2021.

Бул рейтингде аялдардын билим алууга болгон укугу, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, саламаттыгы жана саясаттагы ролу эске алынган. Рейтингде Кыргызстан 150дөй мамлекеттин ичинен 93-орунга ээ болгон. Украина 59-, Казакстан 72-, Орусия 81-, Тажикстан 137-саптан орун алган.

Эл аралык уюмдун рейтингинде аялдардын укугун коргоо багытында Батыш Европа өлкөлөрү алдыга чыкса, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Африкадагы мамлекеттер эң акыркы орундарды ээлешкен.

XS
SM
MD
LG