Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Балага эненин атын берген учурду сот териштирет


Мамлекеттик каттоо кызматы.
Мамлекеттик каттоо кызматы.

Балдарынын метрикасындагы "атасынын аты" деген графага өз ысымын жаздырган активист Алтын Капалованын окуясына байланыштуу сот иши башка күнгө жылды.

Свердлов райондук сотунда белгиленген соттук отурум судьянын жүйөлүү себептери болуп келбегенине байланыштуу 4-мартка жылган.

Мамлекеттик каттоо кызматы активист Алтын Капалованын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Документ берүү жол-жобосунун мыйзамдуулугун текшерүү максатында сотко кайрылган.

Алтын Капалова.
Алтын Капалова.

Соттук отурумга келген Алтын Капалова окуя боюнча буларды мындай деди.

«Кыргыз өкмөтү мени сотко берип жатканына таң калдым. Анткени, өкмөт тескерисинче эненин укугун коргош керек болчу. Мыйзамда ушундай нерсеге эмнеге жол берилбей жатат деп териштирүү ордуна кайра мени сотко берди. Сотко мени колдоп жоон топ адам, журналисттер келди. Бирок сот жылып калды».

Жарандык активист Алтын Капалова өткөн жылдын 30-декабрында үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган. Анда атасынын ысымы жазыла турган жерге өзүнүн атын жазган.

Ал балдарынан кабар албаган атасын көп жылдык соттук отурумдардан кийин аталык укуктан ажыратып, ушундай чечим кабыл алганын түшүндүрдү.

«Балдарымдын атасы менен расмий ажырашкан соң, алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жаңылагам. Ошол учурда балдардын атасы деген жерге өзүмдүн атымды койдургам. Мисалы, менин уулум Капалов Даанышман Алтынович, кызым Капалова Аймона Алтыновна. Эми бул документтерди жокко чыгаруу үчүн мени Мамкаттоо сотко берди».

Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиргенине караганда, 2020-жылы ноябрь айында күчүнө кирген Жарандык абалдын актылары жөнүндө жаңы мыйзам боюнча балага энесинин атынан документ берилбейт.

Сотто мекеменин кызыкчылыгын коргоп келген Мамлекеттик каттоо кызматынын башкы адиси Рысбек Томанбаев журналисттерге мындайча түшүндүрмө берди:

«Балдарга бир гана атасынын аты берилиши керек. Мыйзам боюнча ушундай. Беренеде да ушинтип көрсөтүлгөн. Биз мыйзамды гана аткаруучуларбыз. Ошондуктан, ушундай учурда маселени сот чечиши керек».

Ал эми юрист Елена Крапивина былтыр күчүнө кирген жаңы мыйзамда ушул өңдүү адам укуктарын бузган беренелер кирип калганын белгиледи:

Евгения Крапивина
Евгения Крапивина

«41 беренеден турган жаңы мыйзамда адам укуктарына каршы келген беренелер көп экен. Алтын Капалованын иши айсбергдин чокусу гана. Мисалы, мурдагы мыйзамдар боюнча балага атын жынысына карабай ким камкордук алган болсо беришчү. Азыр бир гана "атанын аты берилет" деп кирип калыптыр. Бирок бул жерде балдардын укугу, тандоосу эске алынбай жатпайбы»​.

Укук коргоочулар “матроним” же балага эненин атын ыйгарууну кыргыз коомундагы прецедент деп аташты.

Алтын Капалованын окуясы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, аны колдогон флешмобдор менен коштолду.

Кырнетте фамилиядагы “ов, ев” мүчөлөрү тууралуу да талаштар кызып, аны жоюп салуу сунуштары да айтылды.

Мындай пикирин жарандык активист Атай Самыйбек уулу да айтты:

Атай Самыйбек.
Атай Самыйбек.

«​Негизи эле фамилиядагы “ов” мүчөсү бул тарыхка келип такалат. Кыргызстан да бир учурда Орусиянын колониясы болуп, алардын маданияты бизге жуурулушуп калган. Болбосо, кыргызда фамилия эмес, жети ата деген түшүнүк болгон. Менин ата-энем эгемендик алган жылдары карындашым экөөбүздү “уулу, кызы” деп жаздырган. Айрымдар "тегин" деп жатышат. Менин пикиримде, документте баланын апасы да, атасы да экөө тең жазылышы керек»​.

Деген менен балага эненин ысымын ыйгаруу кыргыздын нарк- насилине туура келбейт деген пикирди кармангандар да жок эмес. Алардын бири - акын Бактыгүл Чотурова:

Бактыгүл Чотурова.
Бактыгүл Чотурова.

«Менимче балага бир гана атанын ысымы берилиши керек. Кандай болгон күндө да бала атасын билгенин оң. Мындай учурда кыска ойлонбошубуз керек. Бала чоңойгондо фамилиясы ага ыңгайсыздык жаратпашы керек. Ошол эле кезде биз демократиялуу өлкө болгондуктан тандоолорубуз да ар башка болуп жатпайбы», - деди Бактыгүл Чотурова​.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда буга чейин балага мындай жол менен документ алуу учуру катталган эмес.

Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, 2019-жылы 10 миң 995 ажырашуу фактысы катталган. Ажырашуу тууралуу арыз эң көп берилген аймак – Бишкек шаары. Укук коргоочулар соңку жылдары жалгыз бой энелер көбөйүп, аталардан алимент өндүрүү маселеси да көйгөй жаратып жатканын белгилешет.

Кыргызстанда 2 млн. 300 миң бала бар. Мамлекет анын 277 миңине, башкача айтканда 10% жетпеген бөлүгүнө гана жөлөк пул берет. Жөлөк пулдун орточо суммасы ар бир балага 875 сомду түзөт.

Балага эненин атын берүүгө бир катар өнүккөн мамлекеттерде мыйзам жол берет. КМШда соңку жылдары Орусияда, Украинада баласына өз атын берген энелерди жана энесинин атын алган адамдарды мыйзамдуу каттаган учурлар кездешкен. Мындай кадам улутчулдардын жана диний көз караштарды карманган адамдардын сынына кабылып келет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG