Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Кримтөбөл Көлбаевдин аты илешкен таймаш


Хабиба Нурмагомедов
Хабиба Нурмагомедов

Чолпон-Атада жеңил салмактагы мурдагы UFC чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедов негиздеген уюмдун мелдешине байланыштуу кримтөбөл Камчы Көлбаевдин аты аталды.

Бейрасмий булактарда бул таймаш "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөлдүн туулган күнүнө карата уюштурулганы айтылды. Нурмагомедов мындай маалыматты четке какты,​ милиция комментарий берген жок. Анын алдында Хабиб "Инстаграмдагы" баракчасына жайыл дасторкондун жанында президент Садыр Жапаровдун жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулдары менен түшкөн видео, сүрөттөрдү жарыялады.

Соңку окуя азыркы бийликтин кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөшү тууралуу суроону дагы бир жолу коомчулуктун эсине салды.

Чолпон-Ата шаарындагы Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship 38 деп аталган турнирин мамлекеттик КТРК-спорт телеканалы түз көрсөттү.

Таймашта уткан орусиялык кикбоксер Алексей Федосеев машыктыруучусуна, атаандашына ыраазычылык билдирип жатып атын атабастан "Урматтуу бир адамды туулган күнү менен куттуктайм" деп айтты. Ошондой эле көпчүлүк сөз ким тууралуу болуп жатканын билерин кошумчалады.

Социалдык тармактарда 3-август Камчы Көлбаевдин туулган күнү экенин жазышты жана спорттук иш-чара анын жеке майрамынын урматына уюштурулганын дагы айткандар болду.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз өкүлү Карима Жапаркулова милиция коомдук коопсуздукту гана көзөмөлдөгөнүн айтып, турнирдеги криминалдык элементтер тууралуу комментарий берген жок.

"Бул суроо менен силер уюштуруучуларга кайрылышыңар керек. Бизге анын эч кандай тиешеси жок. Биз коомдук тартипти гана камсыздадык".


Ушул эле күнү Хабиб Нурмагомедовдун урматына көкбөрү оюну боюнча кыргызстандык мыкты командалар "Ынтымак" жана "Достук" беттешти.

Көкбөрү федерациясынын жана Eagle Fighting Championship 38 турниринин уюштуруу тобунун басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова "спорттук иш-чаранын Көлбаев менен байланышы бар" деген сөздү жокко чыгарды.

"Программага көкбөрү оюну киргизилген. Кыргыздын улуттук оюнун Хабибге көрсөтөлү дедик. Ал өзү атка кызыгат экен. Эки команданын катышуусунда оюн толук көрсөтүлгөн жок. Мындай ат майданда көрсөтмө гана оюн болду. Лос-Анжелесте Хабибдин бир тууганынын таймашы болбодубу. Ошол мелдештин мөөнөтү жылып, спортчулардын таймашы бүткөндөн кийин бул жактагы программанын датасы белгиленген. Жанагыдай сөздөр тууралуу мен комментарий бере албайм, анткени биз уюштурган спорттук мелдештин максаты туризмди өнүктүрүү болчу. Бусурманкул Абдибаит уулу турнирдеги башкы титул үчүн күрөшпөдүбү. Негизги мелдешке кыргыз спортчусу катышканы үчүн турнирди Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган. Буга чейин бул мелдеш Казакстанда, Өзбекстанда өткөрүлгөн. Көлбаев мелдешке келген жок, аны көргөн жокпуз. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин балдары тууралуу дагы айта албайм, анткени биз аларды да көргөн жокпуз. Башка жакта жолугушуу уюштурулса керек. Кыргызстанда Хабибдин күйөрмандары, жолугуша турган адамдары көп да. Анын турнири Чолпон-Атадагы ат майданда спорттук иш-чара катары өткөрүлдү".

Нурмагомедов 4-августта өткөн басма сөз жыйынында турнирдин Көлбаевге байланышы жоктугун айтты.

Анын алдында Хабиб "Инстаграмдагы" баракчасына жайыл дасторкон жанында президент Садыр Жапаровдун жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулдары менен түшкөн видео, сүрөттөрүн жарыялаган.

"Криминалга каршы күрөштүн аты эле бар"

46 жаштагы Камчы Көлбаев сегиз жыл мурда "кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонуп, адам уурдаган" деген айып менен үч жылга соттолгон. Ал 2014-жылы 8-июнда эркиндикке чыккан.

Көлбаев андан кийин былтыр октябрь айында дагы бир жолу кармалган. Президенттин досу Камчыбек Ташиев атайын кызматка төрага болуп жаңы дайындалганда Көлбаев тууралуу айтып, анын ишкерлерди кысымга алганы аныкталса, жазага тартыла турганын айткан.

Кримтөбөлдү колго түшүрүү учуру видеого "шөкөттөлүп" тартылып, социалдык тармактарда тараганда "бул атайын сценарий" деген ой пикирлер айтылган.

Атайын кызмат Көлбаевге Жазык кодексинин "Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу" беренеси менен айып таккан. Көп өтпөй саламаттыгына байланыштуу деген жүйө менен №47 абакка которулган.

Кримтөбөл быйыл март айында эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен абактан бошотулган. УКМК ал 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешени адалдоо фактысынан улам анын туугандары мамлекетке 50 миллиондой сом которгонун маалымдаган. Анда "апрелдин аягына чейин калган акчаны кайтаруу боюнча аракет көрүлүп жатат" деп айтылганы менен Көлбаев абактан чыккандан кийин аталган сумманы төлөп бергени же бербегени белгисиз бойдон калды.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Көлбаевдин абактан бошотулушуна байланыштуу тынчсыздануу билдирген. Вашингтон Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу тууралуу баалуу маалыматтарды бөлүшкөндөргө бериле турган сый акынын өлчөмүн 5 миллион долларга чейин көбөйткөн. Ага чейин кримтөбөл эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары "кара тизмеге" кирген.


Садыр Жапаров март айында "Азаттыкка" курган маегинде АКШдан Көлбаевге байланыштуу далилдерди сураганын билдирген.

"Мен Тышкы иштер министрлиги аркылуу АКШнын элчилигине "Кылмыш ишин (ред: Камчыбек Көлбаевдин), фактыларын, далилдерин бизге берсин, биз ачык соттоп берели. Элчилигинен келип сотко катышсын" дедим. Биз карабай койсок айтса болот эле. Ал башында (ред: Камчыбек Көлбаев) "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен камалган экен. Азыр бир нече сумма төгүптүр. Калганын азыр чыгып төгүп жатат. Ал киши өлтүргөн жок. АКШ "ал маңзат ташыган, фактылар бар" деп атат. " (Фактыларды - ред.)...бер" десек бирок бербейт".

Талдоочу Турат Акимов Чолпон-Атадагы Көлбаевдин аты аталган соңку окуя аны актоо аракети болушу мүмкүн деген пикирде.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

"Көлбаев анын баарын өзү уюштурса керек. Стадионго акча төлөп, түшүнүксүз таймаштарга балким ошол жакта эс алып жүргөндөрдү акысыз киргизген чыгаар. Бизде ак менен каралардын, кызылдардын градациясы кетип калган. Балким мелдешти мамлекеттик деңгээлде көрсөтүү Камчы Көлбаевди легалдаштыруу аракети болушу мүмкүн деп ойлойм. Азыркы бийликтегилер Көлбаевдин убагында түрмөдө отурушкан. Ошонун чоо-жайын Камчы Көлбаев жакшы билет да. Камеранын ичинде кандай кысым болгонун башка эч ким билбейт. Азыр кызыл, ак, каралардын айырмасы деле билинбей калды. Көлбаевдин кызынын тоюнда өкүл ата болуп мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жүргөн, Көчмөндөр оюндарында Көлбаев чоңдор менен учурашып, сый-урмат көрүп коноктордун арасында болгон. Ал азыр эң таасирлүү адам".

ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошев криминалга каршы күрөшкө байланыштуу милицияга айтылган дооматтарга макул эмес. Ал күч түзүмдөрүнө мыйзам жетишпей жатканын айтты:

"Аларга каршы иштеш үчүн бардык Кодекстер, мыйзамдар биз тарапта болушу керек. Азыр милицияга саясий эрк эмес, мыйзам керек. Милиция иштеши үчүн Кодекстердин баарын алмаштыруу абзел".


Жыл башында ИИМ кылмыштуу топторду бийликке жолотпоо тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда учурдагы экономикалык, саясий туруксуздуктун шартында уюшкан кылмыштуулуктун таасири артып баратканы белгиленген.

Кылмыш чөйрөсү социалдык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, арам акчаны адалдап, партияларга жана башка түрдүү уюмдарга кирүүгө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоого умтулуп жатканы жазылган.

Документте кылмыштуу топторго байланыштуу соттолгон, соттуулугу жоюлгандар, кримтөбөлдөр, кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандар президенттикке, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлануу укугунан ажыратыла турганы жазылган.

Парламент депутаты Дастан Бекешев министрлик мыйзам долбоорун парламентке алып келүүгө ашыкпай жатканына токтолду.

Дастан Бекешов.
Дастан Бекешов.

"Менимче "караларга" каршы күрөш жакшы жүргөн жок. Мамлекет өзү ушундай деңгээлге түштү. ИИМ уюшкан кылмыш топторго каршы мыйзам долбоорлорун чыгарган. Тилекке каршы, аны акырына чейин алып барган жок. ИИМ негизи сунушташы керек болчу. Коомдук талкууга чыгарган. Алар "мына биз мыйзам долбоорлорду алып барабыз, парламент колдосо эле күчүнө кирет" деп катуу пиар жасашкан. Бирок 1,5 жыл өттү, дагы деле жылыш жок".

Кыргыз милициясы өлкөдө кримчөйрөнүн лөгү атыккан Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев жана Максат Абакиров түзгөн төрт негизги уюшкан кылмыштуу топ бар экенин билдирип жүргөн. Кийинчерээк кандайдыр бир себептерден улам кылмыш дүйнөсүндө "Водолаз" деген каймана ат менен таанылган Максат Абакировдун ысымы аталбай, үч эле ири топ бар экени айтылып калды. Абакиров былтыр октябрда коронавирустан каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG