Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Репрессиянын каргашасын чагылдырган спектакль


«Жат эмесмин» спектаклинде НКВДнын офицери Хайдар. Хайдардын образын театр актёру Нурбек Эсенгазы уулу ойноду.
«Жат эмесмин» спектаклинде НКВДнын офицери Хайдар. Хайдардын образын театр актёру Нурбек Эсенгазы уулу ойноду.

Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры 11-ноябрда күзгү тетралдык сезонун «Жат эмесмин» спектакли менен ачты.

Спектаклде мекенге болгон кусалык атасынын тескери батасынан улам бактысыз болгон үй-бүлөнүн, атасынын жана жубайынын керээзин орундаткан Мирвали аттуу каармандын окуясы аркылуу чагылдырылат.

Спектаклди режиссёрлору Уланмырза Карыпбаев жана Назира Мамбетова койгон, сценарийин кыргызстандык калемгер, театр сынчысы Людмила Молдалиева жазган. Сүрөтчүсү Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү Марат Шарафидинов болду.

Чыгарманы кыргыз тилине Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз эл артисти Назира Мамбетова которгон. Анын айтымында, бул чыгарма – Татарстандын Эл жазуучусу Аяз Гилязовдун «Үч карыш жер» повестинин негизинде жазылган.

Назира Мамбетова.
Назира Мамбетова.

«Сталиндик репрессия убагында билимдүү, келечекти көрө билгендерди жок кылуу саясаты жүрдү, - дейт ал. - Алардын баары атылды, кордук көрдү. Биздин келечектин пайдубалын түптөй тургандар күнөөсүз жерден күнөөлүү болушту. Сталиндик репрессия Советтер Союзунун тарыхында кара так менен эскерилет. Биз бул спектаклибизде өздү өгөйлөбөй, өзгө өздөй мамиле кылыш керек экенин, акылдуубу, акылманбы, эртеңки күндү ойлогон адамдардын кендирин кеспеш керек экендигин чагылдырганга аракет кылдык».

Спектаклде башкы каармандар Мирвали менен Манишайым жаштык кездерин эстеп олтурушат. Алардын үйлөнүүсүнө каршы чыккан атасы баласына тескери бата берген жайы бар. Окуя ушул тескери батанын айланасында чиелешет.

«Жат эмесмин» спектаклинде башкы каармандар Мирвали менен Манишайым. Алардын образын Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлору Өмүрзак Токтомуратов менен Нурай Аскарбекова ойноду.
«Жат эмесмин» спектаклинде башкы каармандар Мирвали менен Манишайым. Алардын образын Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлору Өмүрзак Токтомуратов менен Нурай Аскарбекова ойноду.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова аты аталган спектаклди көрүп жатып бизге чейинки доордогу акылмандардын «жаным арымдын курмандыгы болсун, малым жанымдын курмандыгы болсун» деген сөздөрүн эстегенин билдирди:

Саламат Садыкова.
Саламат Садыкова.

«Кара тумоого карабай, театр жамааты изденип иштеп, адамзаттын басып өткөн жолунан коңгуроо кагып, адам адамды сүйүүгө чакырып, илгертеден келе жаткан «каргыш эмне, ак менен кара эмне» экендигин көрсөткөнгө аракет кылганы - бул чоң эмгек. Азыркы кыргыз урпактары аң-сезимди, акыл-парасатты иштетип, айлана-чөйрөгө жылуулук таратып, жан дүйнөгө азык тартуулап, ата-бабаларыбыздын башынан өткөргөн оор тагдырын, басып өткөн жолун айгинелеп чагылдырып беришкенин көрүп, ырахат алдым. Асманда күндүн нуру адамга тегиз тийип жаткан убакта, азыркы жашообузга шүгүр келтирип, тобо кылып жашашыбыз керек».

Садыкова мындан сырткары учурда бардык театрлар эшигин ачып, элди руханий азык тартуулашы учурдун талабы экендигин баса белгиледи.

Адабиятчы Дүйшөн Керимов «Жат эмесмин» спектаклинин ийгиликтүү чыккандыгынын бирден-бир себеби - анын көркөм жетекчиси менен режиссёрунун жаңы табылгаларды көрө билгендиги болгонун айтты:

Дүйшөн Керимов.
Дүйшөн Керимов.

«Бул повесть - классикалык деңгээлде жазылган чыгарма. Режиссёр жалпы спектаклдин жүрүшүн ар кандай кырдаалда көрсөтүп жатат. Ошону менен катар эле көрүүчү өз дараметине жараша ой жүгүртүп алышына өбөлгө түздү. Ата баласынын, бала атасынын ички сезимдерин түшүнө албагандыгы эле канчалык чоң трагедияга түртүп жатат. Махабаттын татаал жолу эки жашты өз мекенине алыс жакта жүрүүгө мажбурлаганы аз келгенсип, атасы каза болгон соң атасынын керээзинен улам туулган жерине келсе, репрессия башталып кайрадан сүргүнгө айдалуу деген кандай оор трагедия».

Репрессиянын 90 жылдыгына арналган бул эмгекте махабат, керээз, туулган жерге болгон кусалык темалары кеңири чагылдырылган.

“Жат эмесмин” - сүйүү, атанын каргышы жана репрессия
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:09 0:00

Спектаклде башкы каармандын картайган кездеги образын чагылдырган Өмүрзак Токтомуратов «туулган жердин топурагы алтын», «бардык дарттын дабасын туулган жерден табасың», «эркиндик - эң чоң жоопкерчилик», «каргышка калба, керээзди аткар», учурдагы мигранттардын абалы өндүү терең темаларды көрүүчүлөргө ачып берүүгө аракет кылышканын билдирди:

Өмүрзак Токтомуратов.
Өмүрзак Токтомуратов.

«Белгилүү театр сынчысы Людмила Молдалиева атайын репрессиянын 90 жылдыгына арнап, башкы каармандын образын мага ылайык көрүп сценарийин жазган экен. А.Гилязовдун жазганындай, Людмила эженин байкаганындай ойногонго аракет кылдым. Өзүңүздөр көргөндөй, көп ата-бабаларыбыз сталиндик репрессиянын курмандыгы болду. Канчалаган эрлер өлдү, канчалаган зайыптар, баласыз калды. Канчалаган боордошторубуз мекенинен айдалды?! Бул спектаклди репрессияга кабылып, өз мекенине кайтып келбей калгандардын жаркын элесине арнадык».

«Жат эмесмин» спектакли.
«Жат эмесмин» спектакли.

Театрга коронавирус пандемиясына байланыштуу спектаклди атайын чакырылган гана коноктор көрө алышты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.

14-сентябрдан баштап китепканалар, музейлер жана театрлар иштей баштаган, бирок аларга адамдарды кабыл алууга уруксат бериле элек.

XS
SM
MD
LG