Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

COVID-19: Казакстанда кайрадан чектөөлөр кирди


Алматы шаарындагы коронавирусту алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат берген баннерлер.
Алматы шаарындагы коронавирусту алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат берген баннерлер.

2-августтан баштап башкалаа Нур-Султан жана Алматы шаары баш болгон беш шаарда коронавирус чектөөлөрү күчөтүлдү. Буга өлкөдө вирусту жугузуп алгандардын саны кескин көбөйгөнү себеп болгон.

Бул тууралуу шаардын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысынын орун басары Асел Калыкова маалымат таратты.

"Июль айынын акыркы төрт күнүндө эле алты миңден ашык жаран коронавирус менен ооруканага жаткан. Мурунку апталарга салыштырмалуу вирусту жуктуруп алгандардын саны 92 пайызга өскөн",-деди Калыкова.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин кол койгон токтомго ылайык, эми 16-августка чейин мамлекеттик мекемелер, дарыкана, азык-түлүк дүкөндөрдөн башка ишканалар ишемби жана жекшемби күндөрү толук жабылат.

Казакстанда коронавирус жаш балдардын арасында жайылганы байкалганы айтылууда. Расмий маалымат боюнча, жыл башынан бери Казакстанда 34 миң бала коронавирус жуктуруп, эки бала көз жумган. Өткөн апта өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой "эгерде Pfizer/Biontech вакцинасы өлкөгө келсе, ал балдарга ыктыярдуу түрдө ата-энесинин макулдугу менен сайыларын" айтты.

2-августтагы маалыматка ылайык, Казакстанда 5,4 миллион киши вакцинанын эки дозасын тең алып бүттү. Ал эми 3,8 миллион кишиге вакцинанын биринчи дозасы сайылган.

Казакстанда элди Карагандада чыгарылган Орусиянын "Спутник V", жергиликтүү QazVac жана Кытайдын CoronaVac вакциналары менен эмдеп жатышат.

Вакцина демекчи, Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Шугыла Турлыбек дүйшөмбүдө өткөн жыйында, Чыгыш Казакстан облусундагы Семей шаарында "вакцинация паспортторун" сатууга шектелген эки дарыгер кармалганы кабарлады.

"Ыкчам операциянын негизинде "вакцинация паспортторун" сатуу менен алектенген эки медициналык кызматкер аныкталды. Семей шаарындагы ооруканалардын биринде иштеген кызматкер айрым жарандардан 15 миң теңгеден акча алыптыр. Акчанын бир бөлүгүн – 10 миң теңгени жеке документтердин көчүрмөсү менен тез медициналык жардам борборундагы таанышына берген. Ал вакцина тууралуу базага туура эмес маалыматтарды киргизип турган", - деп жазат министрликтин өкүлү.

Казакстанда айрым соода борборлорундагы эмдөө жараяны.
Казакстанда айрым соода борборлорундагы эмдөө жараяны.

Ошондой эле учурда “эмдөө паспортун” сатып алган жарандар да суракка алып жатканын ачыкка чыкты. Шектүүлөр 30дай жасалма документ жасашканын мойнуна алышкан. Бирок бул көрсөткүч мындан дагы көп болушу ыктымал.

Ал эми Семейдеги окуя боюнча тергөө аяктагандан кийин жасалма “эмдөө паспорттору” жокко чыгарылып, алардын маалыматтары базадан өчүрүлөт.

Ал арада акыркы бир айдан бери милдеттүү эмдөөгө каршы нааразылык акциялары Казакстандын бир нече шаарында өтүп жатат. Митингчилердин айтымында, иш берүүчүлөр эмдөөдөн баш тарткан адамдарды кысымга алып, жумуштан кетиребиз деп коркутушкан.

Казакстанда жарандар "Ashyq" тиркемеси аркылуу коомдук жайларга кире алат.
Казакстанда жарандар "Ashyq" тиркемеси аркылуу коомдук жайларга кире алат.

Алсак, 20-июлда башкалаа Нур-Султандагы Саламаттыкты сактоо министрлигине барган эмдөөгө каршы топтун мүчөлөрү эмдөө өнөктүгүнүн принциптерин түшүндүрүүгө аракет кылган аткаминерлерге кол салышкан. Башкы санитардык дарыгердин өкүлү Эржан Байтанаевди бир нече аял сабап кеткен.

Бул окуяга катышкан алты аял "бейбаштык" үчүн айыпталган. Ал эми президент Касым Жоомарт Токаев окуядан кийин "вакцинацияга каршы жарандардын айынан жалпы элдин ден соолугун тобокелге сала албайбыз" деп билдирген.

Казакстанда коронавирус соңку бир суткада 86 кишинин өмүрүн алды. 7500дей кишиден вирус аныкталды. Мындай жогорку көрсөткүчтөр коронавирустун "дельта" штаммына байланыштуу экени айтылууда.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG