Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Украинадагы согуш - Казакстанга чоң сыноо


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кремлде. 3-апрель, 2019-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кремлде. 3-апрель, 2019-жыл.

Орусиянын Украинага бастырып кириши Москва менен Нур-Султандын мамилесин өзгөртөбү? Эмне үчүн Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев сырт жактан да, өлкөнүн ичинде да улам катуу кысымга кабылууда? Кытай Борбор Азиядагы өзүнүн позициясын күчөтөбү? Ушул жана башка суроолорду бул аптада батыш ЖМКлары көтөрүп чыкты.

Токаевдин “сактыгы”, Орусиядан оолактоо чакырыктары

"Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Орусиянын Украинага бастырып кирген кезинде Кремлдеги “эмне кылып жиберери белгисиз” шериктешин да, өз элин да ачуулантып алуудан этияттанууда" ,-деп жазды Жапонияда чыгуучу Asia Nikkei онлайн-журналы.

Бул басылмада жапырт каршылыкка чыгуу кан төгүү менен уланган январдагы окуяларда Токаев Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) куралдуу күчтөрүнө таянганын, ошондуктан “Орусиянын президенти Владимир Путинге милдеткер” болуп калганын эске салат. "Бирок Орусиянын Украинага кол салуусун ачык эле колдосо, Казакстандын жар салынып келген көп векторлуу турумуна шек жаралып, өлкөдө нааразылыктын кайрадан күч алышына себеп болушу мүмкүн эле,- дейт бул журнал.

"Ошондуктан Токаев өтө сактык менен аракеттенүүдө",- деп жазат макаланын автору, журналист Наубет Бисенов.

Казакстан агрессияны айыптаган жок, БУУнун согушту токтотуу жана Орусиянын аскерлерин Украинадан алып чыгып кетүүнү талап кылган резолюциясы боюнча добуш берүүдөн тартынып койду.

Путин Донбасстагы жикчил түзүмдү тааныган соң Токаев орусиялык лидер менен телефон аркылуу эки ирет жана 3-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский менен бир жолу сүйлөштү (бул маек Киевдин демилгеси менен болду деп Акордо баса белгиледи). Токаевдин сайтындагы учкай билдирүүдө Орусиянын агрессиясы “согуш” эмес, “күжүрмөн иш-аракеттер” деп аталганына автор көңүл бурду.

Украинанын Волновахи шаарынын тургундары Z тамгалуу танканын алдында. Украинанын Донецк облусу, 2022-жыл, 11-март.
Украинанын Волновахи шаарынын тургундары Z тамгалуу танканын алдында. Украинанын Донецк облусу, 2022-жыл, 11-март.

“Казакстан Кремлдин “согуш” сөзүн тергеп, бастырып киргенин “атайын аскердик операция” деп атаган үлгүсүн кайталады окшойт”, - дейт Бисенов.

Токаев өлкө ичинен да кысымга кабылууда. Журнал Украина боюнча так позицияда турбаганы үчүн Нур-Султанды Фейсбукта сындаган юрист Эржан Эсимхановдун пикирин келтирди. Ал Казакстандын Орусияны колдогону өзүн өлтүрүүгө барабар, кызмат адамдары мындай кырдаалда согушту айыптоодон тартынып жатканын, анткени “кошуналар чындап агрессиялуу” жана “эмне кылып жиберери такыр белгисиз” экенин белгиледи.

Эсимханов баары бир Акордо бир жолду тандашы керек деп эсептейт. “Айрылышта токтоп тура берүү мүмкүн эмес”, - дейт ал. Анын оюнча, "өкмөт Орусиядан алыстап, согушту айыптоого тийиш". Балким, “Евразия экономикалык шериктештигинен да чыга туруу керек”.

Саясат таануучу жана Oyan, Qazaqstan кыймылынын мүчөсү Димаш Алжанов Казакстан көп жылдар бою Орусияга жакындаша берген саясатынын барымтасында калганын айткан. Ал: "Казакстан ЖККУ менен Евразия экономикалык шериктештигине киргенде бул уюмдардын стратегиялык максаттары, пайдасы жана алардан чыгуу жолдору жөнүндө ойлонгон эмес",- деп баса белгиледи.

Саясат таануучу өлкө ичиндеги саясий кырдаалды опурталдуу деп баалады. Ал: "Казакстан Орусияга тикелей аскердик же кандайдыр бир башкача жардам сунуштабайт. Анткени, санкциялардан жана жаӊы каршылык толкунунан коркот",-деп ойлойт.

"Согуштун жана санкциялардын экономикалык кесепеттери Казакстанды катуу кыжаалат кылат. Улуттук акчанын куну кетүүдө, ири компаниялардын акциялары түшүп баратат, мунай кардарлары Орусия менен Казакстандын чийки затынан баш тартып коюуда",-деп санап өттү басылма.

“Жаңы Казакстан” Орусияга азыраак ыктайбы?

Американын Diplomat басылмасы "Украинадагы согуш Казакстан-Орусия мамилелерин кандай өзгөртүшү мүмкүн?" деген суроого жооп издейт. Макаланын автору, Индианадагы Чыгыш университетинин саясий илимдер боюнча профессору Кристофер Риз Токаевдин түзөм деп жарыялаган “Жаӊы Казакстан” багыты Орусияга алда канча аз ыктайт деп ойлойт.

Бул автор да январдагы окуяларды эске салып, "Казакстан ЖККУга кайрылгандан кийин бул бийликтин коопсуздук маселелери боюнча Москвага көз карандылыгы күчөдү",-деп байкоочулар айтканын белгилейт.

Бирок Орусиянын Украинага бастырып киришине Казакстандын бийлик башындагылар менен элинин жооп мамилеси бул өлкө Орусиянын көзөмөлүндө турат деген түшүнүккө туура келбейт. Орусиянын башка шериктеши болгон Беларустан айырмаланып, Казакстан БУУнун агрессияны айыптаган резолюциясына каршы добуш берген жок.

Кийинчерээк Токаев тараптарды мунасага келүүгө чакырып, эки тараптын эч кайсынысын колдобой тургандыгын сездирди. Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Казакстан Украинанын чыгышындагы жикчил ДЭР менен ЛЭР түзүмдөрүн тааныбастыгын билдирди.

6-мартта Алматыда согушка каршы шаар бийлиги менен макулдашылган митинг өттү. Ар кайсыл санактар боюнча ага бир жарым миӊден бир нече миӊге чейин киши катышты. Бул митингге бийликтин уруксат бергендиги “режим өзүнүн өлкө ичиндеги легитимдүүлүгүн бекемдеш үчүн адамдардын өз пикирин жана тынчсыздануусун айтып чыгышына жол берүү зарылдыгын унчукпай моюндаганы” деп эсептейт автор.

Мамлекеттик Egemen Qazaqstan гезитине чыккан кеп-сөздөрдө украин элине санаалаш маанай сезилип турат: бул гезитте жарыяланган макалада тынч шаарларга орустар сокку ургандыгы айтылат. Abai.kz порталында Орусия үстөмдүк кылган ЕАЭБ менен ЖККУдан чыгууну жактаган петиция жөнүндө кабар жарыяланган.

Кристофер Риз коомдо ачык-айкын талкуулардын болуп турушу казак коомчулугунун айрым талаптарын кабыл алууга бийлик даяр экенин билдирет деп ойлойт.

“Казакстандын Орусия менен болгон мамилесин режимдин кайра карап чыгышы Токаевдин өз бийлигин легитимдештирүү аракетинин натыйжасында, Орусиянын Украинага карата агрессиясына жооп иретинде тездеди. Бирок кечээ жакындагы окуялар – эгемендикти миф жаратуу нугундагы улуттук түзүмгө негизделген, өзөгү Казакстанга тиешелүү нукта түшүнүүчү узак мөөнөттүү процесстин бөлүгү болуп саналат”, - деп жазат Риз. "Бирок Орусиядан толугу менен баш тартпаган бул багыт канчалык туруктуу болору азырынча белгисиз, анткени Казакстан көп жагынан мурдагыдай эле Кремлге көз каранды",- деп өз оюн жыйынтыктайт эксперт.

Санкциялар Кытайдын үстөмдүгүнө алып келеби?

"Орусиянын Украинадагы согушу – Борбор Азия үчүн апаат" деп жазат америкалык Time журналы. "Орусияга каршы санкциялар саясатчылар божомолдогондон кыйла чоң, дүйнөлүк оош-кыйыштарга алып келиши мүмкүн. Андыктан Батыш Орусияга көз каранды болгон Борбор Азиядай чөлкөмдөргө көӊүл бурушу керек" деп айтылат Вильсон борборундагы Киссинджер институтунун илимий кызматкери, Oxus’тагы Борбор Азияны изилдөө боюнча мекемесинин деректири Брэдли Жардин жазган макалада.

Ал Борбор Азия Москванын экономикалык кысымынан жабыркап жатат деп белгилейт.

“Энергия ресурстарына бай, өзүнүн мунайынын үчтөн экисин орусиялык порттор аркылуу экспортко чыгарып келген Казакстан эл аралык санкцияларга туруштук бере албайт, улуттук акчасын (теңгени) кубаттандыруу үчүн өтө орчундуу валюта корунан кол жууйт. Бул маселелер Казакстан үчүн 2022-жылдын январындагы зордук-зомбулук менен коштолгон башаламандыктардан кийин инвесторлордун ишенимин кайрадан бекемдөөгө аракет кылып жаткан оор мезгилде курчуду”, - деп айтылат бул макалада.

Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын бийликтери жумушсуздуктун кескин жайылышына жана бюджеттеги тартыштыкка даярданып жатат. Былтыр Орусияга бул өлкөлөрдөн 7,8 миллион эмгек мигранты барган эле.

Мигранттар которгон акча Тажикстандын ички дүӊ өнүмүнүн 30 пайызын, Кыргызстандын ИДӨсүнүн 25 пайызын жана Өзбекстандын ИДӨсүнүн 13 пайызын түзөт. Орусиянын бул чөлкөмдөгү таасири азырынча күчтүү, бирок алыскы келечекте Кытай аны "кысып коюшу" ыктымал.

Экономикалык жактан Пекин Москвадан озуп кетти. Азыркы кезде Борбор Азия менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү 18,6 миллиард долларды түзөт, бул ушул чөлкөмдүн Кытай менен болгон товар алмашуусунун үчтөн экисине гана жетет. Автор жазгандай, Орусиянын экономикасынын төмөндөшү анын позициясын начарлатып, Бээжиндин Борбор Азиядагы стратегиялык өнөктөш болуу процессин тездетет.

“Кытай кошуналар менен болгон күч айырмачылыгынан пайдаланып, кыйла өктөм, өкүмчүл боло баштайт. Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик карызынан Пекиндин үлүшү эми 40 пайыздан ашып кетти. Экономикалык каатчылык карыздардан кутулуу үчүн Кытайга дагы кыйла артыкчылык берүүгө себеп болушу мүмкүн”, - деп жазат автор.

“АКШ Казакстандагы окуяларга көз салышы керек”

"Вашингтон азыр Казакстандагы окуяларга кунт коюшу зарыл",-дейт Берлин бригадасында советтик аскер адамдары менен жана Иракта украиналык тынчтык орнотуучулар менен иштеген америкалык отставкадагы полковник Уэс Мартин.

Бул аптада Мартин америкалык National Interest басылмасында бир келки жазып, анда АКШ президенти Байденди "Казакстанга көңүл буруӊуз" деп чакырды. Автор батыш лидерлеринин кол куушуруп тура бергендиги Путиндин Украинага бастырып киришине жол ачты деп эсептейт. "Эми январь окуяларын баштан кечирген Казакстанга көӊүл буруу кажет",- дейт ал.

"Президент Токаев бийлик түзүмүндө бир катар которуштуруу жүргүздү, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге тиешеси бар кызмат адамдары жана бизнес төбөлдөрү ээлеген ордунан айрылып, кээ бирлери чет өлкөлөргө “узак мөөнөттүү каникулга” кетти, дагы бир тобу кайрымдуулукка акча которууга аргасыз болду",- деп жазат автор.

Мартин эски кошуундагы которуштуруу жана кызматтан бошотуулар дайым эле реформа боло бербейт: көп учурларда мурунку жетекчилерди жактагандардын ордун ошолор сыяктуу эле колунан иш келбеген мансапкорлор ээлейт деп белгилейт. Азыр эс алууга чыккан аскер кызматкери “президенттин администрация башчысынын орун басарлыгына Эржан Казыхановдун дайындалар жөнү жок эле, анткени ал Казакстандын тарыхында бул өлкөнүн АКШдагы эӊ чабал элчиси болчу”, - деп жазат.

“Казакстанда Токаевдин реформалары көп жагынан Советтер Союзунда айкындык жана кайра куруу жаатындагы демилгелерине окшойт. Бул реформалар азыр Путин кайра калыбына келтирүүгө умтулуп жаткан Совет мамлекетинин ыдырап калышына кыйла таасир эткен эле. Токаев курчап турган өлкөлөр менен да, Батыш менен да болгон экономикалык мамилелер жаатында иштеген. Ал Путиндин кыжырын келтирүүдөн өтө сактанат, ошондуктан орусиялык лидердин колдоосуна таяна бериши көбүрөөк ыктымал”, - деп эсептейт Уэс Мартин.

Автордун көз карашында Кошмо Штаттар Казакстандагы окуяларга кунт коё көз салышы керек, “анткени бул окуялар дүйнөнүн бул чөлкөмүндө бийлик алмашканда болушу мүмкүн көптөгөн ыктымал өзгөрүүлөрдү – жакшыларын да, жамандарын да – божомолдоого мүмкүндүк берет”.

"Азаттыктын" казак кызматынын сайтына жарыяланган Ельнур Алимованын макаласын орус тилинде бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG