Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

"Чек арада жүздөгөн мигрант кезекте турат". ЕАЭБге каршы эреже


Орусиядагы кыргызстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирди. Кыргызстандык мигранттар катуу текшерилип, 5 миң рублдан өйдө айып пул төлөп жатканын айтышууда.

Эң башкысы - миграциялык каттоого туруу дагы деле негизги маселе экенин, 10-15 миң рубль берип, каттоого тургандар да базага кирбей калганын айтып, даттанышууда.

Казакстанга чек арага агылган мигранттар

Москвада иштеген Назира Акпаралиева миграциялык каттоосун жаңыртуу үчүн Орусиядан Казакстанга агылган миңдеген кыргызстандык мигранттардын бири. Ал бой жеткен уулу менен кызын (экөө тең Кыргызстандын жараны) алып, такси менен Казакстанга кирип чыкканын "Азаттыкка" айтып берди.

Назира Акбаралиева, мигрант
Назира Акбаралиева, мигрант

"Казакстанга чыгып, кайра келгенче үч күн убактыбыз кетти. Москвадан Саратов шаарына чейин бардык, ал жактан башка автоунаага которушту. Кийин Казакстанга кеттик. Түнкү саат 12де чек арага жеткенбиз. Казакстанга кирип, кайра Орусияга чек арадан өткөнчө толук 16 саат өттү. Жолдон да чек арадан чыгып, кайра киргенибиз оор болду. Ээн талаа, курсагыбыз ач, алып алган суусундук-тамактарыбыз түгөндү. Адам ушунчалык көп, узун кезекте кечке турдук. Бирок булардын баары бир тең, чек арадагы бизге жасалган мамиле бир тең болду. Адамдык мамилеге зар болдук".


Назиранын айтуусунда, Орусиянын чек арачылары кылдат текшерип, айрым мигранттарды түрдүү шылтоо менен киргизбей, кайтарган учурлар да болуп жатат.

"Эки жолу төлөнбөй калган айып пулдары бар мигранттарды киргизбей, депортация кылып салып жатышты. Мурда маска тагынбай, айып салынып калгандар. Таксисттер жол кыймылынын эрежелерин сактабай, штрафын төлөбөй жүргөндөр көп экен. Белгилеп айтып коеюн, акыркы эки айдан бери бул жакта каттоосу базадан чыкпай калгандарга айыппул салынган, ошолору чыгып калып, анан кире албай калышты. Бизде бир эженин иниси ички паспортун жоготуп, жалпы паспорту менен каттоого туруп иштеп жүргөн экен, чек арадан чыкканда ал аныкталып калган экен. Ал жигит кире албай, ары Кыргызстанга кетүүгө мажбур болушту. Алар түрдүү мөөнөткө - үч-беш жылга депортацияланып кетишти окшойт".

Орусия бийлиги миграциялык каттоону катаалдатары тууралуу кабарланып, айрым мекеме, ишкана жана башка жерлердеги каттоолор жокко чыгарыла баштагандан тарта, кыргызстандык мигранттар миграциялык картасын жаңыртуу үчүн чет жакка чыгып кирүүгө же "кирди-чыкты" кылууга киришкен. Мекендештердин айтуусунда, мурда Украинага арзан жана аз убакытта чыгып, кайра кирүү мүмкүн болсо, ал жакта согуш башталгандан тартып мигранттар Казакстанга чыгып-кире башташкан. 3-сентябрга чукулдаган сайын чек арадан чыгып-кирүүнү каалаган мигранттардын агымы күч алган.

21-августта Ульяновск облусунда Казакстанга чыгууну көздөп бара жаткан мигранттар отурган кичи автобус жол кырсыгына учурап, ичиндеги 17 адам көз жумду. Үч адам ооруканага жеткирилген, алардын абалы дале оор экени кабарланды. Каза болгондордун 14ү кыргызстандык жарандар экени аныкталып, алардын сөөгү 23-августта мекенине алып келинген. Ал күнү Кыргызстан аза күттү.

Миграциялык картасын жаңыртуу үчүн чек арадан Казакстанга чыгууну көздөгөн мигранттардын агымы тыйыла элек. Ушул тапта да Орусия менен Казакстандын чек арасында жүздөгөн кыргызстандык турганын ошол жерде жүргөн Азиз Абдугапар уулу айтып берди.

Азиз Абдугапар уулу.
Азиз Абдугапар уулу.

"Кечээ (4-сентябрда) жолго чыкканбыз. Бүгүн түштөн кийин араң жеттик. Азыр кезек күтүп турабыз. Көпчүлүк машиналарда жалаң биздей болуп кирди-чыкты кылгысы келген мигранттар экен. Төлөнбөгөн айып пулдары бар экен деп, айрымдар кире албай калып атыптыр. Кооптонуп турабыз, билбей, төлөнбөй калган айыппулдар болбосо экен деген чочулоо бар".

Минтип Казакстанга кыйынчылык менен чыгып, кайра Орусияга ийгиликтүү киргендерди да алдыда дагы башка текшерүүлөр күтүп турат. Алар Сахароводогу мигранттар борборунда медициналык кароодон өтүшү керек. Бирок ал жакка расмий каттоосу жок мигранттар киргизилбейт.

Назира Акпаралиева кирди-чыкты маселеси чечилип, миграциялык картасы жаңырганы менен, эми негизги көйгөй - каттоого туруу чечилбей жатканын айтып кейиди.

"Мен эки балам менен эле батирде турам. Көпчүлүк эмес. Бирок батирдин ээси - москвалык байбиче караманча каршы болуп, мыйзамдуу каттоого коюудан баш тартты. Салыгын өзүм төлөп берейин деп, жалдырасам да көнбөй койду. Участкалык милиция кызматкери менен тааныш элем, ал аркылуу айттырсам да, таптакыр көнбөй койду. Айлам кетип, эмне кылышты билбей турган чагым".


Назиранын айтуусунда, айрымдар 10-15 миң рубль төлөп, тааныштарынын үйлөрүнө каттоого туруп жатышат.

"Мигранттар тааныштан тааныш таап, акчасын төлөп берип, каттоого туруп атышкан. Бирок ошол эле адамдар кайра бир жумадан кийин эле каттоо базасынан аты-жөнүн таппай калып жатышат. Чек арага чыгып кайра кирүү убарасы, Сахароводогу азап, короткон акчасы жана башка тарткан түйшүгүнүн баары жокко чыгып кетти. Эми кайра чек арага чыгып келүүнү же эмне кыларын билбей жүрүшөт".

Сахароводо мигранттар медициналык кароо жүргүзүлүп, дактилоскопиядан (бармак изин текшерүү) өткөрүлөт. Мекендештер ал жакта да узун кезек жана көп акча коротулуп жатканын айтып жатышат.

"Сахароводо бир күн кечке жүрөсүң. Медициналык кароодон өткөндө кээ бир мекендештерге "анализиң жаман чыкты" деп кымбат дарыларды жазып берген учурлары болгонун айтып жатышат. Биздин тааныштардын туугандары ошондой абалга кабылыптыр. Сахароводо тапшырган анализинен жаман оорусу бар деп чыгыптыр. Москвага келип жеке клиникаларга текшерилсе, таза чыкты. Иши кылып, мигранттарды кыйнамай, акчасын алмай болууда", - деди Назира Акпаралиева.

Москвадагы кыргызстандыктар августтун аягынан тартып полициянын текшерүүсү күчөгөнүн айтып беришти. Айрыкча 3-сентябрдан тарта, миграциялык каттоо мыйзамдарынын катаалданышы менен текшерүү күч алган.

"Бизди участкалык полиция эскертип, 9-сентябрга чейин этият болуп, эки жакка көп баспай турууга чакырды. Бирок биз үйдөн чыкпай жатып ала албайбыз да. Жумушка барыш керек. Текшерүү күчөдү. Мени бүгүн эле метродон эки жолу токтотуп текшеришти. Мен жакында эле Казакстанга чыгып келгеним үчүн, убактым бар болгондуктан, мага "30 күндөн ашырбай, каттоого туруңуз" деп эскертип кое беришти. Миграциялык каттоосу эски, өзү базада жок кыргыздарга 5 миң рубль айыппул салынып же түз эле Сахарового жөнөтүлүп атканы өкүнүчтүү", - деп билдирди мигранттардын бири.

Кыргызстандык мигранттар 3-сентябрдан тарта миграциялык каттоо талабы катаалданып, жоболорго өзгөртүү киргизилери тууралуу кабарга тынчсыздана башташкан. Казакстанга массалык түрдө чыгып, "кирди-чыкты" кылып, миграциялык картасын жаңыртуу аракети күч алган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги алгач бул маалыматтарды жокко чыгарган билдирүү тараткан.

Орусиядагы мигранттардын каттоо маселеси Жогорку Кеңештин отурумунда да көтөрүлүп, бийликтен буга кылдат көңүл буруу талап кылынган. 5-сентябрь күнү бул маселени сүйлөшүү үчүн Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Москвага кеткени кабарланды.

Элчилик бүгүнкү күнү да миграциялык картаны жаңыртуу же чек арадан чыгуу-кирүү жол-жобосун ишке ашыруу зарылдыгы тууралуу мыйзам кабыл алынбаганын кайталап жатат.

"Кыргызстандык жарандар ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандары катары мурдагыдай эле эмгек келишиминин негизинде 1 жылга чейинки мөөнөт менен иш жүзүндө жашаган жерине бир жылга чейин каттоого тура алат. Бул Орусияга кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде ишке ашырылат. Кыргызстандык жаран Орусияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болсо, 3-сентябрга чейин да, андан кийин да чыгуу-кирүү жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы жок", - деп жазылган элчиликтин 5-сентябрда "Азаттыктын" кайрылуусуна берген жообунда.

Элчилик ошол эле учурда кыргызстандыктар Орусиядагы иш жүзүндө жашаган гана жерине - батирби, мейманканабы каттоого тура аларын, жашабаган жайга жасалма миграциялык каттоого турушу Орусиянын миграциялык эрежелерин одоно бузуу болуп саналарын, алар миграциялык каттоодон чыгарылып, административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Элчиликтин маалыматына караганда,кыргызстандык мигранттарга жумуш берген тарап аларды жашай турган жай бербеген соң, каттоого коюуга укугу жок деп белгиленген.

Мекеме учурдагы текшерүүлөр Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында туруктуу жүргүзүлүп турарын белгилеп, кыргызстандык жарандарды келген өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырды. Маалыматта ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн миграциялык каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү маселеси Орусия тарап менен мамлекеттер аралык кызматташуунун дээрлик бардык деңгээлдеринде үзгүлтүксүз талкууланып келе жатканы белгиленген.

Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп 2015-жылы кирген. Ошол туштагы бийлик Орусияга ыктаган интеграцияга кирүүнүн негизги себептеринин бири катары - мигранттардын көйгөйүн чечүү аракетин көрсөткөн. Айрым адистер биримдиктеги жоболордо кыргызстандык мигранттардын эркин иштөөсүнө шарт түзө албаганын айтышууда.

Москвада иштеп келе жаткан юрист Мирбек Токтошев ЕАЭБ келишимине Орусиянын миграция мыйзамы дал келбейт деген пикирин "Азаттыкка" билдирди.

"Орусиянын "Миграциялык каттоо" мыйзамынын 20-21-беренелери биздин мигранттарга толук эркин болууга мүмкүнчүлүк бербейт. Бул Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы көп тараптуу келишимдерге, анын ичинде ЕАЭБ алкагындагы келишимдин 97-беренесине туура келбейт. Ошондуктан, кыргызстандык мигранттар Орусияда эркин иштөөгө укугу бар, бирок миграциялык каттоого туруу эркиндиги жок. Бул мыйзам биздин мигранттарды эркин эмгек рыногунан четтетип турат. Демек, эркин эмгектенүү мыйзамы толук иштебейт".

Юрист муну Кремлдин саясаты менен байланыштырды.

"Саясий чечимдердин негизинде биздин мекендештер да мыйзамдуу каттоого тура албай, кара тизмеге кирип, Орусиядан чыгарылып жатат. Менин оюмча, ЕАЭБ алкагындагы келишимдин 97-беренесин толук калыптандыруу керек. Ал үчүн Орусиянын "Миграциялык каттоо мыйзамынын" 20-21-беренелерин өзгөртүүгө туура келет. Ал мыйзамда чет элдик мигрант Орусияга келген кезде миграциялык каттоого жашаган жери боюнча турууга милдеттүү деп турат. Бирок ошол турак жайдын ээси аны каттоого тургузууга милдеттендирилген эмес. Ушул жагдай биздин жарандарыбыздын арга жоктон мыйзам бузуп, башка жакка каттоого турууга түртүп жатат. Жүз миңдеген мекендештерибиз аргасыздан мыйзамсыз жүрүп, ошондой ортомчуларга кайрылууга мажбур болууда. Орусиянын укук коргоо органдары мыйзамсыз каттоого турган мигранттарды гана эмес, аларга турак жай берип, бирок аны каттоого тургузбаган үй ээлерин жоопкерчилигин да карашы керек болчу. Орусия бийлиги бул кенемтени оңой эле чечип, тескеп кое алмак, бирок кайра эле алардын каалоосу менен ал өзгөртүлбөйт. Анткени бул мыйзамдар аркылуу каалагандай чечимдер чыгарып, акыйкатсыз саясат жүргүзүү ыңгайлуу".

Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык мигрант убактылуу жашап-иштейт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG