Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Чек ара: Чоң-Алайдагы элди чочуткан каңшаар


Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Карамык айылы.
Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Карамык айылы.

Ош облусундагы Чоң-Алай районунун тургундары тажик чек арачылары мурдагы турган жерлерин өзгөртүп, Кыргызстандын аймагына жылып келишкенин айтып жатат. Бул маселени бүгүн парламентте депутаттар да көтөрүп чыгышты.

Чоң-Алайдагы Карамык айылынын тургуну Сагындык Амитовдун айтымында, жергиликтүү чабандар Түз-Конуш, Унжу-Булак, Тескей жана Карамык-Сай жайлоосуна чыга албай калган. Бул жайыттарды мурда Кыргызстандын жарандары колдонуп келсе, кийинки кезде мал жайып чыккандарды коңшу өлкөнүн аскерлери коркутуп, жандыктар жоголуп кеткен учурлар болгон экен.

Амитов кыргыз-тажик куралдуу жаңжалынан кийин бул аймакта кошуна өлкөнүн аскерлери кайрадан жандана баштаганын айтты.

“Буга чейин Тескей жайлоосуна барыш үчүн Кызыл-Суу дарыясына көпүрө салганбыз. Азыр ошол көпүрөнүн Тажикстанга өтүп кеткени айтылып жатат. Унжу-Булак жайлоосун илгертеден эле колдонуп келгенбиз. Азыр болсо аталган аймактардан мал жоголгон учурлар абдан эле көп. Мындан тышкары Тажикстандын аскерлери Унжу-Булак жайлоосуна барган малчылардын документтерин сурап, ар кандай кысым көрсөтүп жатышат. Алар жыл өткөн сайын бери көздөй жылып келе жатат”.

Жогорку Кеңештин 19-майдагы отурумунда депутаттар Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу Министрлер кабинети маалымат беришин талап кылышты. Эл өкүлү Аккулу Бердиев 1999-жылдагы Баткен согушу да Чоң-Алайда башталганын эске салып, азыр дагы кооптуу кырдаал жаралганын айтып чыкты:

“Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тарап окоп казып жатат деп кооптонуп телефон чалышууда. Азыр Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду, Чек ара кызматынын башчысын чакырып маалымат укпайлыбы”, - деди депутат Аккулу Бердиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Аккулу Бердиевдин айткандарына жооп кайтарып, чек арадагы кырдаалды курчутуп жибере турган билдирүү жасагандан алыс болууга чакырды.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Чек ара кызматы коопсуздукту сактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Чек ара кызматынын аппараты күчөтүлгөн режимде иш алып барып, чек арада эскалацияга жол бербөө боюнча иштер жүрүп жатат. Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадагы ар кандай окуяларга даяр жана ыкчам аракет көргөнгө жетиштүү күчкө ээ деп айтылат”, - деп айтылат маалыматта.

19-майда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү дагы Чоң-Алайдагы кырдаал боюнча маалымат таратты. Ал жерде 18-майдагы окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара тозотторунун башчылары жолугуп, такталбаган аймакка эки тараптын тең аскерлери кирбей туруу жөнүндө макулдашуу болгону жазылат.

Мекеме Интернетте «Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караган аймактагы такталбаган жайытка тажик аскерлери техникасы менен кирип келди» деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Ал эми Тажикстан чек арадагы кырдаал боюнча маалымат бере элек.

Кыргыз -тажик чек арасындагы талаштуу аймактардын 13.6 чакырымы Ош облусунун Чоң-Алай районуна туш келет
Кыргыз -тажик чек арасындагы талаштуу аймактардын 13.6 чакырымы Ош облусунун Чоң-Алай районуна туш келет

Карамык айылынын тургуну Займалды Мамажунусов расмий бийлик тараткан маалыматка ишенбей, Тажикстандын аскерлери такталбаган аймакта азыркы учурда дагы турганын айтып жатат.

“Кечээ Ош облустук чек ара башкармалыгынын башчысы, район акими катышкан чогулушка мен дагы бардым. Чек арачылар Тажикстандын өкүлдөрү менен болгон жолугууга дымактуу кетип, кайра ындыны өчүп келди. Биз ушундан улам Унжу-Булак баштаган жайыттар өтүп кеттиби деп жатабыз. Биздин чек ара тозот менен Тажикстандын чек арасы башталган жердин ортосу нейтралдуу аймак болуп эсептелип келген. Бул аралыктын узундугу алты чакырымдай. Ошол жер Унжу-Булак деп аталат. Азыркы учурда Тажикстандын аскерлери биздин чек ара тозоттору турган жерден 150 метр алыстыкта, такталбаган аймакта жүрүшөт”.

Чоң-Алай районунун акими Өскөн Мамажакыповдун айтымында, калк арасында туура эмес маалымат тарап кетти. Ал Унжу-Булак жана Караганды-Сай жайыттарына өтүп кеткен мал-жандыкты чек арачылар кыйынчылыксыз кайтарып алып келип жатканын кошумчалады.

"Чоң-Алай менен Тажикстан чектешкен аймакта 1010 гектар такталбаган жайыт бар. 1924, 1927 жана 1989-жылдардагы карталар боюнча алардын картасында экен. Бирок биздин жарандар эле иштетип жүргөн. Демаркация жана делимитация иштери жүргүзүлө электигинен мурда алардын чек арачылары алыстан көзөмөлдөп турса, учурда аймактын өзүнө кирип көзөмөлгө алып алышкан. Ошондуктан калк арасында туура эмес маалымат чыгып кетти. Эки тараптын чек ара тозотторунун башчылары жолугуп, такталбаган аймакка эки тараптын тең аскерлери кирбей туруу боюнча сүйлөшүлдү".

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу аймактардын 13.6 чакырымы Ош облусунун Чоң-Алай районуна туш келет. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Чоң-Алай менен Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагы чектешкен аймакта 1010 гектар такталбаган жайыт бар. Мындан тышкары Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Мазар деп аталган жер дагы талаштуу тилкелердин катарына кирет.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткендеги иш сапары учурунда 17-майга чейин чек ара маселеси толук чечиле турганын кабарлаган. 10-майда болсо кыргыз өкмөтү Ошто кыргыз-тажик чек арасы тууралуу топографиялык топтордун жыйыны өтүп, дагы бир протокол кабыл алынганын билдирген. Бирок аталган жана ага чейинки 1-майдагы протокол боюнча кенен маалымат бериле элек.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG