Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Муриватов: Чек арада чыр чыкса жүрөгүм сыздайт


Кадыр Муриватов.
Кадыр Муриватов.

Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин вице-президенти, тажик тилиндеги «Паёми Ала-Тоо» («Ала-Тоо кабарлары») гезитинин башкы редактору Кадыр Муриватов менен жазуучу Мирзохалим Каримов маектешти.

Салттуу эмес диндин лидерлери менен бийликтин ортосундагы так талашуунун кесепетинен тутанган саясий согуш оту Тажикстанда 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн кыйып, миңдеген атуулдарын башка өлкөлөргө качып кетүүгө аргасыз кылган.

Өзбекстан ошол кезде Тажикстан менен алакасы жакшы болбогону үчүн чек араларын бекитип салганы маалым. Ошол себептүү, качкындардын басымдуу бөлүгү кыргыздар жашаган Жерге-Тал району аркылуу Кыргызстандын Чоң-Алай районуна өтүп кетүүгө үлгүрүшкөн.

Кыргызстан аларга каалгасын кенен ачып, качкындардын жолун торогон эмес. Тажикстанда тынчтык орногондон кийин, алардын көбү өз өлкөсүнө кайта баштаган.

Алардын арасында Кыргызстанда калып, атуулдук алып, биротоло жашап калгандар да бар. Ошолордун бири – КМШ журналисттеринин Конфедерациясынын мүчөсү, чыгыш таануучу, Кыргызстандагы тажиктердин А.Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин вице-президенти, тажик тилиндеги «Паёми Ала-Тоо» («Ала-Тоо кабарлары») гезитинин башкы редактору Кадыр Муриватов менен баарлашкан элек.

Каримов: Кадыр мырза, Кыргызстанда канча жылдан бери жашап келатасыз?

Муриватов​: Тагдырдын буйругу экен, 1994-жылы жалпы тажик элинин башына мүшкүл түшкөн Кыргызстанга үй-бүлөм менен ооп келдим. Качкын болуп келген улутташтарымдын кеткени кетти, бирок мен ушул жердин тузун таттым, абасын жуттум, меймандос элинин ырайымын көрдүм да келген бойдон калып калдым. Кыргыз Республикасынын атуулдугун алдым.

Каримов: Өлкөңүздө саясий согуш чыкканга чейин эмне иш кылып жүргөнсүз?

Муриватов​: Тажик мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу факультетин бүтүргөндөн кийин, 1979-1986-жылдары советтик армиянын жоокери катары Ооганстандагы согушка катышып, кийин ошол өлкөнүн Юстиция министрлигинде дари-орус тилдери боюнча котормочулук кызматты аркаладым. Ооганстандын ошо кездеги президенттери Бабрак Кармал, Наджибулла жана башка жетекчилер катышкан мамлекеттер аралык көптөгөн сүйлөшүүлөрдө котормочулук кылгам.

Каримов: Тарыхый мекениңиздеги туугандарыңыз менен байланыш барбы?

Муриватов​: Байланыш жакшы, каалаган маалда барып-келип турабыз.

​Каримов: Көчүп келгиле деп кыстабайбы алар?

Муриватов: Кыргызстан бир тууган өлкө, жашай бергиле, бизди унутпасаңар эле болду, башыбызга мүшкүл түшкөндө качкындарыбызды кучак жайып кабыл алган деп, Кыргызстанды абдан жакшы көрүшөт, алкап жүрүшөт ар дайым.

​Каримов: Саясий жаңжал башталганда СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, тажик Эл акыны, сиздин агаңыз Мумин Каноат да Бишкекке келип бир жылдан ашуун жашаган деп айтып жүрүшөт, ушул чынбы?

Муриватов: Ал киши саясатка аралашкан эмес, карапайым эл тарабында болгон. Бишкекке келип жашаганы чын. Анын улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен көп жылдар бою достошуп жүргөнүн сыймыктанып айта алам. СССР Жогорку Советинин төрт жолку чакырылыштарында депутат болуп шайланган, СССР Жазуучулар Союзунун төрагасынын орун басары болгон убагында.

Чыңгыз Айтматов жана тажик акыны Мумин Каноат.
Чыңгыз Айтматов жана тажик акыны Мумин Каноат.

Ошо кездерде Чыңгыз Айтматов менен биргеликте Орто Азия республикаларынын маданиятынын жана адабиятынын өнүгүшүнө байланышкан орчундуу маселелерди чечишкен. Мамилелери абдан жылуу болчу. Тилекке каршы, агам Мумин Каноат эки жыл илгери 86 жаш курагында Дүйшөмбү калаасында ааламдан өттү.

​Каримов: Таанымал инсандардан дагы кимдер Кыргызстанга качып келишкен?

Муриватов: Тажик Эл акыны Гулрухсор Сафиева, таланттуу акын жана адабиятчы, азыркы учурда Тажикстандагы «Садои Шарк» («Чыгыш үнү») журналынын башкы редактору болуп иштеп жаткан Рустам Вахаб, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, коомдук ишмер Шоиста Равшанова, чыгаан журналист Косим Бекмахамадов да качып келүүгө аргасыз болушкан. Айрымдары азыр деле мен сыяктуу Кыргызстандан кетпей жашап жүрүшөт. Ал согушта чыгармачыл инсандардын өмүрүнө абдан чоң коркунуч туулган. Алынган маалыматтарга караганда, 40тан ашуун чыгармачыл адамдардын өмүрү кыйылган.

​Каримов: Эми өзүңүз 11 жылдан бери редакторлук кылып келаткан тажик тилиндеги «Паёми Ала-Тоо» («Ала-Тоо кабарлары») гезитинин ишмердиги тууралуу маалымат берсеңиз.

Муриватов: Ай сайын чыга турган бул газета Кыргызстандагы 56 миң тажиктердин коомдук Бирикмесинин басма сөз органы болуп саналат. Анын алгачкы саны 2008-жылы август айында жарык көргөн. Жумуриятыбыздын ар кайсы аймактарында жашаган тажиктердин тилинин жана маданиятынын сакталышына, мектептердеги тажик класстардын окуучуларына окуу куралдарын кыргыз тилинен которуу жана басмага даярдап туруу сыяктуу маанилүү иштердин аткарылышына, коомдук бирикменин ишмердүүлүгүнүн чагылдырылып турушуна аталган басылманын салымы чоң.

Жер-жерлерде жашаган ар кайсы курактагы окурмандарыбыз он бир жыл ичинде газеталарына абдан кызыгып калышкан. Чынын айтсам, айылдык кабарчыларыбыз жазып жиберген кабарларга кээде орун калбай калууда.

Каримов: Өзүңүздүн чыгармачылыгыңыз, пландарыңыз жөнүндө да айта кетсеңиз.

Муриватов: Кыргызстанга келгенге чейин орус прозачыларын тажик тилине көп котордум. Айрыкча Антон Чехов менен Василий Шукшиндин чыгармаларына абдан кызыккам. Профессор А.Раимжанов экөөбүз Кыргызстандын Конституциясы менен Демократиялык кодексин тажик тилине которгонбуз. Авторлору көп китептерде, ар кайсы басма сөз беттеринде кыргыз-тажик элдеринин достугунун тарыхына байланышкан макалаларым байма-бай жарык көрүп турат. Берекелүү кыргыз жергесинде жашаган 26 жыл аралыгында көптөгөн таланттуу, дилгир, меймандос адамдар менен таанышуу, баарлашуу бактысына ээ болдум. Келечекте ошол асыл инсандар, алар менен болгон баарлашуулар тууралуу эскерүү китебин жазууну максат кылып жүрөм.

Каримов: Үй-бүлөңүз тууралуу да билсек болобу?

Муриватов: Өмүр шеригим Истодаой жогорку билимдүү, тажик тили жана адабият мугалими, КРнын маданиятынын мыкты кызматкери. Экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз. Үч балабыз, неберебиз бар. Жашообуз жаман эмес. Бизди бооруна баскан кыргыз элине терең ыраазыбыз.

Каримов: Тажик тарап да, кыргыз тарап да тарыхый бир тууган элдербиз деп сыймыктанып айтканыбыз менен, чек араларыбызда ошол ыйык кандаштыкка көлөкө түшүргөн чыр-чатактарга, үрөйдү учурган ок атышууларга жол берип келатканыбыз абдан өкүнүчтүү. Ошол ар бир ок атылган сайын Манас Атабыз менен Санирабийга энебиздин арбактары урпактарына нааразы болуп жатышса керек…

"Чек арада чыр чыгыптыр" деген кабар угулса эле заманабыз тарып кетет. Биз, чыгармачыл инсандар айрыкча ушул маселеде кара кылды как жарган калыстыктан тайбашыбыз керек.


Муриватов: Көптөн бери жүрөгүмдү өйүтүп жүргөн суроону бердиңиз тууганым. "Чек арада чыр чыгыптыр" деген кабар угулса эле заманабыз тарып кетет.

Биз, чыгармачыл инсандар айрыкча ушул маселеде кара кылды как жарган калыстыктан тайбашыбыз керек. Нечен жылдардан бери чечилбей келаткан чек ара маселеси тууралуу сиздин жазган бир макалаңызды канааттанып окудум. Анда сиз чек ара маселесин чечүүнүн ачкычы – бул эки тараптын тең элдик дипломатиясын натыйжалуу пайдалануу деп эң туура белгилептирсиз.

Менин деле пикирим ошондой, чек ара маселесин эки тараптын тең аксакалдары менен абройлуу адамдары чече алат, дал мына ошолор менен иш алып баруу керек. Себеби, эл бийлик өкүлдөрүнө караганда ошолорду көбүрөөк угат.

«Ок атышпай касам кылгын, кыргыз-тажик урпагым» деп аталган Манас Ата менен Санирабийга Эненин монологун абдан жакшы жазгансыз. Эки элди тең ойлондура турган ойлорду ортого салгансыз. «Эгер эки бир тууган эл жер, суу талашып жакалашсаңар, ок атышсаңар, алардын баары адегенде Манас Атаңар менен Санарабийга Энеңердин жүрөктөрү аркылуу өтөрүн унутпагыла, тарыхый бир тууган экениңерге касам кылбасаңар, биздин жаткан жайыбыз жаннат болбой баратат» деп айтылган акыйкат сөздөрдү эки тарапка тең толук жеткире албай жүргөнүңүзгө мен да кыжалатмын.

Мирзохалим Каримов, жазуучу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG