Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

"Бүтүн Кыргызстандын" дагы бир мүчөсү камалды


Замирбек Шамшидин уулу
Замирбек Шамшидин уулу

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулун 20-октябрга чейин камакка алды. Аны 21-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери кармаган. Активист "мамлекеттик чыккынчылык" айыбы менен кармалган депутат Адахан Мадумаровду коргогон митингдерге катышып жүргөн.

Ал тапта Бишкекте “Бардык маселелерди диалог аркылуу чечели” деген чакырык алдында жыйын өтүп, анда оппозициялык көз караштагы саясатчылардын, алардын тарапташтарынын кармалышы талкууланды.

25-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кармалышынын мыйзамдуулугу жана бөгөт чарасы жабык каралды. Ага жакындары да кирген жок.

Эки сааттан ашыкка созулган соттун чечими кечки саат 5тен өтүп чыгып, Шамшидин уулу 20-октябрга чейин камакка алынды.

Замирбек Шамшидин уулунун мамлекет сунуштаган адвокаты Алманбет Бексултановдун айтымында, ага кылмыш иши 8-сентябрда эле козголгон. Бирок 13-сентябрдагы шаардык соттун алдындагы митингден кийин башка беренеге алмаштырылган.

"Кармалганын мыйзамдуу деп эсептеди. Бөгөт чарасын карап, 25-октябрга чейин камакка алды. Бул иш 8-сентябрда эле козголуптур. Анда 327-("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") берене экен. Бирок 13-сентябрь күнү Бишкек шаардык сотунун алдында сүйлөгөн сөзун экспертизага берип, 278-беренеге (Массалык баш аламандыктар) алмаштырыптыр".

Соттон алып чыгып келатканда Замирбек Шамшидин уулу журналисттердин суроосуна учкай жооп берип, өзүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук деп атады.

"Бул саясий куугунтук. Бул күндөр да өтөт. Биз мыйзамдан чыкпайбыз, мыйзам - биздин жол".

Шамшидин уулун 21-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кармаган. Атайын кызмат расмий маалымат тарата элек.

32 жаштагы Замирбек Шамшидин уулу 2021-жылдагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлигин койгон. Ал
буга чейин бийликтин айрым аракеттерин сынга алып келген.

13-сентябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун камалышына байланыштуу Бишкек шаардык сотунун алдында тарапташтары митинг өткөргөн.

Митингде Замирбек Шамшидин уулу да сөз сүйлөп, Мадумаровдун бошотулушун талап кылган.

Акциядан кийин Мадумаровдун тарапташтырынын бири Орунбай Кыдыралиев дагы суракка чакырылып кое берилген. Кыдыралиев 21-сентябрда УКМКга кайра чакырылып, райондук сот тарабынан эки айга үй камагына алынды.

"Мени биринчи 15-сентябрда кармады. УКМКга алып барып 5-6 саат кармашты. Ар кандай суроолор болду. Экинчи жолу 21-сентябрда кармады. Эртеси күнү сот болуп, мени үй камагына чыгарды. Бийликке каршы адамдарга чакырык кылдың дейт. Бирок алар дагы эле келип атат. Кечээ дагы келишкен. Митингге чыкканым үчүн кармады, биринчисинде деле ошол жерде сүйлөгөн сөздөрүм үчүн кармаган. Мен партияда мүчө эмесмин. Мен ал жерге барып калганымдын себеби, Youtube каналдарынан көрүп жарандык пикиримди билдирүү үчүн баргам. Ал жерде эркин микрофон экен, "каалоочулар сүйлөгүлө" дегенде, мен дагы сүйлөп койгом".

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын дагы бир мүчөсү Мирлан Ураимов 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылган.

Мекеменин басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен күнөөлүү деп табылып, сот залынан камакка алынган.

25-сентябрда Кыргызстандагы мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун жетектеген “Консолидация жана диалог кыймылы” Бишкектеги “Бардык маселелерди диалог аркылуу чечели” деген чакырык алдында жыйын өтүп, ага чакырылган бир нече активист оппозициялык күчтөртүн кармалышын сындады.

Турсунбек Акун өлкөдө адам укуктары чектелип, Баш мыйзамдын бир нече беренеси бузулуп жатканын айтып, буга камакта отурган саясатчы жана активисттердин ишин мисал кылды.

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

"Бийлик өкүлдөрү да, оппозиция да биздин жыйынга келбей атат, эки тарап тең сүйлөшүүгө барбай жатат. Эрегиштен эр өлөт дейт. Эгер мындай улана берсе, баягы эле төңкөрүш болот. Азыр канчалаган кишилер оюн айта албай калды. Убагында демократия үчүн күрөшкөнбүз. Парламентте сүйлөп, бийликти сындап турган көрүнүктүү депутат Мадумаров камалып атат. Активист Адилет Балтабай жакында эле чыкты. Биз ушул маселелерди айтып атабыз, келгиле, ушуларды чечели, бири-бирибизди укканга үйрөнөлү деп атабыз".

Ал эми саясат талдоочу Руслан Акматбек элдин үнү угула турган аянтчалар жок болуп калганын белгиледи.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Оппозиционер аттуунун баары камакта. Алардын катарында Мадумаров, Жээнбеков Молдокматов жана башкалары бар. Бийликтин үч бутагы же тең салмактуулук тууралуу сөз айтуу мүмкүн эмес болуп калды. Авторитардык режим ушундан башталат. Алгач саясий талаа тазаланып, ЖМК жана жарандык активисттер чектелет, ал эми үчүнчү этабы катары бийлик калктын калың катмарына кирет. Биздин өлкөдө оппозициянын үнү угула турган аянтчалар жокко эсе, ал укукту бийлик өзүнө гана таандык деп эсептейт. Ал ишти кандайдыр бир деңгээлде жарандык активисттер алып барууда.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мындай пикирлер менен макул эсмес. Ал фундаменталдуу пикир айтып, мамлекеттин өнүгүүсүнө атайын программа сунуштаган оппозиция жок деген көз карашта:

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

"Чогулгула, биз митинг кылалы, ушинтип эле бийликти карап жүрө беребизби, көтөрүлгүлө" деген чакырыктар болуп атпайбы. Алар жөн эле сүйлөп койгон жок. Алар мунун алдында мыйзамды карап, окуп чыгышы керек. Ошол эле учурда мыйзамды билбеген адам жоопкерчиликтен кутулбайт. Кармалып, камакка түшкөндөн кийин "мен билбей калыптырмын, мен өз оюмду гана билдиргем" деп чыгышат. Эгер чынында оюн айткысы келсе, анда элдин атын аралаштырбасын. Биз мыйзамдуулукка үйрөнөлү, анын жолу мына ушундай татаал. Ал далайыбыздын жаныбызга тийип, этти тилип, туз сепкендей болот. Анархияга көнүп, оюбуздагыны сүйлөп көнгөнүбүздү билген Садыр Жапаров жумшак алып баратат. Мисалы, Сингапурдун жетекчилиги учурунда канчалагандарды каматып, сабатып, ушул ийгиликке жеткен. Кайсы мамлекет болбосун мыйзамдуулукка көндүрүш оор болот. Азыр реформа жүрүп атат өлкөдө".

Акыркы мезгилде пикирин ачык билдиргени үчун бир нече активист суракка чакырылды. Парламенттеги оппозициялык фракциянын лидери камакка алынды. Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 27 кишинин ушу тапта 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Акаев: Саясий камоолор - бийликтин чоң катасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:21 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG