Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Депутат Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагына камалды


"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына 24-октябрга чейин камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-сентябрда чыгарды. ИИМ депутатка мамлекеттик чыккынчылык боюнча айып тагылганын кабарлады.

Адахан Мадумаровдун адвокаты Гуляна Убалиева бир сутканын ичинде Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрыла турганын билдирди.

"Баласы менен көчөдө жүргөндө кармалган"

Депутатты ишемби түшкө жуук Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Тарапташтары ал баласы менен көчөдө жүргөн жеринен кармалганын билдиришкен.

Мадумаров алгач ИИМдин Тергөө башкармалыгында эки-үч сааттай болуп, андан кийин Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна бөгөт чарасын аныктоо үчүн жеткирилди. Сот дээрлик беш сааттан кийин анын бөгөт чарасын аныктаган чечим чыгарды.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, соттун имаратына Мадумаровдун тарапташтарын, журналисттерди киргизишкен жок.

ИИМдин имаратынан чыгып, сотко алып кетип баратышканда Мадумаров журналисттерге кыска жооп берип, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган протоколго байланыштуу кармалганын айтты.

"Баягы эле жомок, Баткен боюнча", - деп жооп берди ал.

Мадумаровду ИИМдин Тергөө башкармалыгынын имаратынан Биринчи Май райондук сотуна алып бараткан учур.
Мадумаровду ИИМдин Тергөө башкармалыгынын имаратынан Биринчи Май райондук сотуна алып бараткан учур.

Өзгөртүлгөн беренелер

Сотко катышкан "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова журналисттерге Жогорку Кеңеш Мадумаровду “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” беренеси менен жоопко тартууга уруксат бергенин, бирок тергөө аны мамлекеттик чыккынчылыкка алмаштырып койгонун айтты. Эл өкүлү Мадумаров эч качан тергөөнүн суроолоруна жооп берүүдөн качпаганын, буга карабай күч органдары жаш баласынын көзүнчө күч менен кармап кеткени туура эмес болгонун кошумчалады.

"Бирок тергөө азыр эмнегедир мамлекеттик чыккынчылыкка өзгөртүп жатат. Көп суроо бар. Укуктук жактан да суроолор көп", - деди Кожокулова.

Соттун имаратын милиция кызматкерлери катуу кайтарууга алып, тарапташтарын жана журналисттерди сырткы тосмосуна жакындаткан жок.

Түштө Мадумаров кармалгандан кийин тарапташтары Ички иштер министрлигинин алдына чогулушкан.

Адахан Мадумаровдун тарапташтары. 2-сентябрь, 2023. Бишкек
Адахан Мадумаровдун тарапташтары. 2-сентябрь, 2023. Бишкек

ИИМдин билдирүүсү

Ички иштер министрлиги Мадумаровго карата козголгон кылмыш иши тууралуу түнкү саат 12ге чукул маалымат берди.

Анда "ИИМдин Тергөө кызматында жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатат" деп жазылган.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.А.К. (Адахан Мадумаров ред.:) кылмыш ишинин алкагында кармалганы, ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") боюнча айып коюлганы кошумчаланган.

ИИМдин маалыматына караганда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө иштери уланууда.

Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-жылдын 5-октябрынан 2009-жылдын 26-октябрына чейин аркалаган.


Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.


Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Адахан Мадумаров башкы прокурордун сунуштамасын карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн “жогору жактан катуу буйрук алган” деп айыптаган.

“Жыйында бийликчил фракциялар Кыргызстандын элинин канын соттор ичип жатат деп айтышты. "Эми Мадумаровдун тагдырын ушундай сотторго кантип тапшырып жатасыңар?” деп Масалиев суроо узатпадыбы. Ошондой. Массалык башаламандыкты уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу дегендин баарын изилдеп чыгып, баарын четке какты. Бул айыптарга да илештирсе болмок, бирок эч кандай илинчек жок. Бүгүн жыйында комиссиянын төрайымы баш прокурорго караганда беш эсе күчтүүрөөк кызмат аткарып, мүчө болгон айрым депутат кесиптештерибиз ушундай катуу буйрук алган, катуу жан үрөштү. Аларга таарынбайм, бийик болуу керек”, - деген анда Мадумаров.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG