Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Британия Украинага кол салуу коркунучу жогору экенин эскертти


Украиналык аскерлер. Чыгыш Украина. Донецк облусу. 15-февраль, 2022-жыл.
Украиналык аскерлер. Чыгыш Украина. Донецк облусу. 15-февраль, 2022-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Беларус менен Орусиянын биргелешкен машыгууларынын узартылышына тынчсызданып, Москва Украинага кол салчудай болуп турганын кошумчалады. Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон Москва "Европадагы 1945-жылдан берки эң чоң согушту баштаганы тургандай" деп билдирди.

Орус күчтөрү Украина менен чек арага топтолуп жатканына байланыштуу кырдаал курчуп турат. Орусия жана Франциянын президенттери Владимир Путин менен Эммануэл Макрон телефондон кырдаалды талкуулап, конфликтти чечүү үчүн дипломатиялык аракеттерди улантууга даяр экенин билдиргени кабарланды.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен CNN телеканалына маек куруп жатып АКШ өнөктөштөрү менен олуттуу санкциялардын топтомун даярдап койгонун, эгер Москва кол салса, ал дароо күчүнө кирерин эскертти.

Блинкен ошондой эле азыркы кырдаалга таянып, Орусия Украинага кол салчудай болуп турганын, ал эми Беларустагы аскердик машыгуулардын узартылышы тынчсызданууну күчөткөнүн кошумчалады.

Анын айтымында, АКШ президенти Жо Байден акыркы мүнөттөргө чейин Орусиянын президенти Владимир Путин менен кайсы убакта кайсы форматта болбосун жолугууга даяр болгон. Ал Вашингтон Путиндин чечимин артка кайтартуу жана аны кол салдырбоо үчүн бардык аракеттерин көрөрүн билдирди.

Батыш лидерлери Орусия Украина жакка 150 миңдей аскерин топтоп койгонун, ал эми Беларуста 30 миңдей жоокери бар экенин билдирип жатышат. Миңдеген орусиячыл жикчилдер Украинанын чыгышында кагылышууларга даярдык көрүп жатканы белгилүү болгон.

Блинкен эгерде Орусия кол салбай турса, кийинки аптада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кезигүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

Ал тапта Орусия менен Беларус 20-февралда аяктай турган машыгууларын узартканы белгилүү болду.

Беларустун коргоо министрлиги Виктор Хренин буга эки өлкөнүн чек араларында аскердик аракеттердин күчөшү түрткү болгонун маалымдады.

"Москва чоң согушту баштаганы тургандай"

Буга чейин Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон Москва кошуна мамлекетке каршы согуштук аракеттерге бара турган болсо, орусиялык компаниялар доллар жана британ фунту менен каржылык операцияларды жүргүзө албай каларын эскерткен.

Жонсон Орусия чабуул койсо, орусиялык олигархтар кайда жашынарын билбей элеңдеп калышы мүмкүн экенин кошумчалады. Бул тууралуу ал Мюнхенде "Би-Би-Си" телекомпаниясына маек куруп жатып билдирди.

"Орусия Европадагы 1945-жылдан берки эң чоң согушка камданып жаткандай",-деген Жонсон согуш тутанып кетсе, канчалаган жаштар, анын ичинде орусиялык жаштар каза болорун ойлонууга чакырды.

1991-жылы Советтер Союзу ыдырагандан баштап жүздөгөн орус олигархтары байлыктарын Лондонго жана башка шаарларга чыгарып кетишкен.

Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 19-февраль, 2022-жыл. Мюнхен.
Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 19-февраль, 2022-жыл. Мюнхен.

Зеленский дипломатиялык чечимге чакырды

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-февралда жасаган билдирүүсүндө баарын "үн катпоо" режимин күйгүзүп, кризисти тынч жол менен чечүү аракетин күчөтүүгө чакырды.

Үч тараптуу байланыш тобунун чукул жолугушуусун өткөрүүгө чакырды. Бул топко Украина, Орусия жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму кирет.

Аталган топ 2014-жылы Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен Киевдин жаңжалы башталганда түзүлгөн.

19-20-февраль күндөрү Украинанын чыгышында Киевдин күчтөрү менен Москва колдогон жикчилдердин ортосунда ок атышуулар болгону кабарланууда. ЕККУнун байкоочу миссиясы ок атышпоо режимин бузган учурлар кескин көбөйгөнүн ырастады.

Атышууда эки украиналык аскер каза болгону расмий маалымдалды.

Орусия Украинага кол салуу ниети жок экенин айтып, Батыштын эскертүүлөрүн "жөнү жок ызы-чуу" деп атап келет. Анткен менен Батышка бир катар коопсуздук талаптарын коюп, ошолор аткарылганда гана Украина жактагы аскерлерин алып кетерин билдирип жатат. Ал талаптарга Украина жана башка мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттер НАТОго эч качан кирбесин деген да шарт кирет.

Түндүк Атлантикалык альянс Орусиянын мындай шартына макул боло элек. Ал эми НАТО менен Евробиримдикке мүчө болуу деген стратегиялык максат Украинанын баш мыйзамында жазылган. Азырынча Украина эки уюмга тең мүчө эмес, бирок тыгыз кызматташып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG