Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

"Олуттуу чегинүү". Кыргызстан басма сөз эркиндигинин индексинде 50 орунга төмөндөдү


"Азаттык" радиосунун журналистти Бакыт Төрөгелди
"Азаттык" радиосунун журналистти Бакыт Төрөгелди

Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга түшүп, 122-сапка жайгашты. Бул – аймактагы абдан сезилерлик начарлоо. Дүйнөлүк алкакта 57 позициясын жоготкон Бутан гана Кыргызстандын алдында турат. Мындай жыйынтыкка “Чек арасыз кабарчылар” уюму келди.

Бул жолку баяндамасында уюм журналистика жалган маалымат таратуу индустриясынын коркунучуна туш болгонун белгиледи.

3-майда жарык көргөн докладда уюм 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттарды, абалды анализдеп чыккан. Натыйжада адистер 31 өлкөдө кырдаал “өтө олуттуу”, 42 өлкөдө “кыйын”, 55 жерде “көйгөйлүү”, 52синде “жакшы” же “канааттандырарлык” деген бүтүмгө келди.

Авторлор Борбор Азиянын жалпы көрсөткүчтөрү начарлаганын белгилешет. Алсак, Тажикстан “көйгөйлүү” деген топтон “өтө олуттуу”дегендердин арасына кошулган үч өлкөнүн катарына кирип, 153-сапка түштү. Казакстан - 134, Өзбекстан - 137, Түркмөнстан - 176-орунда турат. Кыргызстан кошуналарга салыштырмалуу өйдөрөөк, 122-сапка жайгашканы менен былтыркыга караганда 50 орунга ылдыйлап кеткен. Башка коңшуларда өзгөрүүлөр анча сезилерик эмес. Мисалы Өзбекстан төрт сапка гана түшкөн.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жанн Кавельенин айтымында, быйыл Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдө басма сөз эркиндигинин абалы начарлаган, бирок эң кескин төмөндөө Кыргызстанда байкалган.

Жанн Кавелье: Кыргызстан 122-орунга, Тунис менен Нигериянын ортосуна жайгаштырылды. 50 сапка түшүү – Борбор Азиядагы эң начар көрүнүш. Журналисттер иштеген абалга баа берүү үчүн пайдаланган бардык беш көрсөткүч – саясий, укуктук, экономикалык, социалдык-маданий контекст жана коопсуздук начарлаган. Кыргызстан буга чейин басма сөз эркиндигин алганда аймактагы салыштырмалуу оазис деп каралып келген. Бирок журналисттер куугунтукталган мурда болуп көрбөгөндөй кырдаал түзүлгөнүн байкаса болот. Бул президент Садыр Жапаров баштаган авторитардык бурулушка туура келет. Журналисттер барган сайын кысым-басымга туш болууда. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун 2022-жылкы сыйлыгына көргөзүлгөн Болот Темиров жыл бою бийликтин куугунтугуна кабылып жүрүп, 3-ноябрда кармалып, жалган айып менен соттолгондон кийин өлкөдөн мыйзамсыз Орусияга чыгарылды. “Азаттык” радиосу жана жогоруда айткан авторитардык бурулуштун дагы бир курмандыгы болуп калды. Медиа бир нече айдан бери Кыргызстандын саясий жана юридикалык күчтөрүнүн бутасына айланган. 27-апрелде саясий сотто бийлик “Азаттыкты” жаптырууга жетишти. Мындай цензура Жапаров режиминин авторитардык багытын жана көз карандысыз медиага каршы күрөшүн сүрөттөйт. Мунун бардыгы Кыргызстандын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүн түшүндүрөт.

Кыргызстан басма сөз эркиндигин алганда Борбор Азияда дагы деле биринчи орунда кала берүүдө. Бирок азыр айткандай эле абал начарлап баратат, журналисттер үчүн кырдаал барган сайын кыйын, кооптуу болуп баратат.

“Азаттык”: Бул жолку баяндамада негизги көңүл Украина менен Орусияга бурулуптур. Согуш баштагандан бери Орусиядагы басма сөз эркиндигинин абалы начарлаганы, пропагандасы жайылып жатканы калетсиз. Мындай жагдай Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандагы кырдаалга таасир эттиби?

Жанн Кавелье : Ооба, анткени аймактагы, жалпы эле мурдагы советтик өлкөлөр Орусиядан үлгү алат. Айрым учурларда мыйзамдарды ачыктан-ачык эле ошол жактан көчүрүп алышат. Орусияда катаал мыйзамдар кабыл алынган сайын эпкини чөлкөм өлкөлөрүнө да жетүүдө. Орусияда ушул тапта болуп жаткан окуяларга байланышкан тенденциялар Борбор Азияда да байкалууда.

“Азаттык”: Баса, Орусия индексте 9 позицияга ылдыйлап, 164-орунду ээлептир. Ал жактагы цензуранын кулач жайганын, репрессивдүү мыйзамдардын кабыл алынганын айттыңыз. Ошол эле маалда Кыргызстан 50 орунга төмөндөдү. Муну кандай чечмелесе болот?

Жанн Кавелье : Орусиянын рейтинги бир нече жылдан бери түшүп келатат. Өлкө буга чейин эле төмөнкү саптарда болчу. Демек, Кыргызстан менен салыштыра албайбыз. Кыргызстан 50 орунга түшүп, бирок жалпы индекстин орто ченинде кала берүүдө, ал эми Орусия ансыз да ылдый турганы менен ого бетер тизменин этегине карай жылып баратат. Тигил же бул өлкө кайсы зонада орун алганын да эске алуу зарыл. Кыргызстан басма сөз эркиндиги “олуттуу” абалда деген саргылт зонада турат. Орусия болсо “абдан начар” деген өлкөлөрдүн катарында кызыл зонага кирет. Төмөнкү бөлүктөгү өлкөлөр көп позиция жогото албайт, себеби андан ылдый кайда түшмөк эле.

“Азаттык”: Классификация кайсы көрсөткүчөргө таянып түзүлөт?

Жанн Кавелье: Жыл бою жүргүзүлгөн мониторинг кармалган, киши колдуу болгон, кордолгон журналисттердин санын билүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары жыл сайын ар бир өлкөдөгү эксперттерге суроолор жөнөтүлөт. Алар журналисттердин кесибин аркалоо шарттарына баа беришет. Атап айтканда, укуктук базага, экономикалык, саясий, социалдык-маданий кырдаалга, коопсуздукка көз жүгүртүп, анын негизинде көз карашын ортого салат. Демек, эксперттер Кыргызстандын позициясы башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөндөгөн деп сыпатташты.

“Азаттык”: Кыргызстан бийлиги басма сөз эркиндиги өлкөдө бар деп кайталап келатат. Мындай билдирүүлөр канчалык ынанымдуу?

Жанн Кавелье : Кыргызстанда басма сөз эркиндиги кайсы бир формада кала берүүдө. Биз журналисттерге барган сайын иштөө кыйын болууда деп айтып атабыз. Алар барган сайын бийликтин, саясий партиялардын бутасына айланууда, кээде көчөдө кол салууга туш болгон учурлар жок эмес. Абалдын начарлашын каттап жүрөбүз. Демек, бийлик басма сөз эркиндиги Кыргызстанда кынтыксыз сакталууда деп айта албайт. Бийлик өзү цензураны күчтөндүрүүгө катышууда, басма сөз эркиндигин чектей турган мыйзамдарды кабыл алууну көздөйт. Бийлик чындап эле басма сөз эркиндигин камсыздоону кааласа, анда “Азаттык “ радиосун цензуралабайт эле, “жалган маалымат” тууралуу мыйзамды ратификациялабайт болчу. Маалымат каражаттары жөнүндө жаңы мыйзамды киргизүү үчүн көз карандысыз медианын айткандарына кулак салат болчу. Себеби бул жааттагы мыйзамдар канааттандырарлык эмес. Мыйзамдык чөйрөнү бийлик өзү көзөмөлдөйт эмеспи.

Баяндамада өкмөт дагы эле бардык салттуу медианы көздөмөлдөгөнү, менчик маалымат каражаттарга да таасир этигүү аракеттенгени айтылат. Бирок 24.kg, Kaktus.media жана Kloop.kg сайттарынын популярдуулугуна, дата журналистиканын, иликтөөлөрдүн күч алышына караганда, кайсы бир деңгээлде плюрализм дагы эле сакталууда.

Авторлор саясий чөйрө туруктуу эмес экенин, мамлекеттик мекемелер журналисттердин маалымат алуусун чектегенин белиглешет.

Дүйнөлүк индекстин сап башында жетинчи жыл катары менен Норвегияны көрүүгө болот. Андан ары Ирландия, Дания жайгашкан. Нидерланд 22 сапка көтөрүлүп, 6-орунга илинди.

Ал эми эң төмөнкү орундарда Азиядагы өлкөлөр турат. 179-орундагы Кытайды авторлор пропаганданын эң ири экспорттоочусу, эң көп журналистти түрмөгө салган өлкө деп атады. Акыркы сапка Түндүк Корея жайгашкан.

Баяндамада Орусиянын пропагандасынын күчөшү тууралуу да кеп кылынат. Өлкө быйыл тогуз позицияга ылдыйлап, 164-орунду ээледи. Маалыматка караганда, Москва Украинанын убактылуу оккупацияланган жерлеринде Кремлдин үгүтүн жайылтуу үчүн рекорддук кыска мөөнөттө жаңы медиа-арсенал түзө алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG