Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:21

Бийлик кыргыз-тажик чек арасын майга чейин тактоону көздөйт


Баткен. 25-декабрь, 2022-жыл. Сүрөт президенттин басма сөз кызматына таандык.
Баткен. 25-декабрь, 2022-жыл. Сүрөт президенттин басма сөз кызматына таандык.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы жумушчу сапарында быйыл сентябрдагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган Ак-Сай, Капчыгай, Миң-Өрүк, Достук жана башка айылдарда үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин көрдү.

Эл менен кездешүүдө жергиликтүү тургундар коопсуздук жана чек ара маселесин тез арада чечүү, пайызсыз насыя алуу сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрдү. Жапаров чек араны келерки жылы май айына чейин тактоо ниетин айтканын жолугушууларда президентти коштоп жүргөн жергиликтүү жетекчилер билдиришти.

Президенттин сапарын чагылдырууга журналисттер тартылган жок. Өзүнүн басма сөз кызматынын өкүлдөрү гана коштоп жүрүп, сапар учурунда ал айткан сөздөрдүн видеосун таратпады, текст түрүндө берүү менен чектелди. Андагы козголгон маселелерди жергиликтүү жетекчилерден, жашоочулардан билүүгө аракет кылдык.

24-25-декабрдагы иш сапарында Садыр Жапаров туура үч ай мурдагы чек ара жаңжалында жабыркаган Ак-Сай жана Капчыгай, Миң-Өрүк, Достук айылдарында үйлөрдү калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, эки чек ара тозотунун абалы менен таанышты. Каргашалуу окуяда уулунан ажыраган жергиликтүү тургундун жаңы курулган үйүнө кирип, маркумдун жакындарына көңүл айтып, куран окуду. Ак-Сай айылындагы талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин көрдү. Курулушу аяктап калган үйлөрдүн ээлери менен сүйлөштү.

Жапаров барган айылдардын жашоочулары чек арага байланыштуу бир катар көйгөйлүү маселерди да көтөрүшкөн.

Октябрь айында курулушу башталып, пайдаланууга берилген үйдүн кожойкеси, беш баланын энеси Зубайда Эрдавлатова жаңы конушу бардык шарты менен курулганын айтып берди:

Чек ара чырынан кийин курулган үй. 24.12.2022. Сүрөт президенттин басма сөз кызматына таандык.
Чек ара чырынан кийин курулган үй. 24.12.2022. Сүрөт президенттин басма сөз кызматына таандык.

"Кудайга шүгүр эми... Азыр толук бүттү деп айта албайм, анча-мынча майда иштери калды. Аны куруучулар тез арада бүтүрүп беребиз дешти. Коноктор бөлмөсү, балдар бөлмөсү, уктоочу бөлмө, тазалык бөлмөсү, иши кылса бардык шарттары эске алыныптыр. Жаңы курулганы үчүн жылытыш бир аз кыйын болуп жатат, от жагып жатабыз. Ушунчасына рахмат. Мурдагы үйүбүз да чоң болчу. Аны да зарыл шарттарын баарын, жуунган бөлмөлөрдү кошуп салган элек. Ал талкаланып кетти. Эми ушул үйдө тынч жашасак, коопсуздук камсыздалса, чек аралар чечилсе эле болду. Калганын өзүбүз камсыздап алабыз".

Аксайлык дагы бир тургун Таалай Назаралиев жаңы үйү курулуп, пайдаланууга берилгенине жетине албай турат.

"Колдонууга уруксат берип, жашай бергиле дешти. Мурдагы тапкан-туткан мүлкүбүз баары жок болгон да. Эми аларды алыш үчүн дагы 100 миң сомдон беребиз дешти. Жаңы үйүбүз жакшы экен. Бардык шарттары каралыптыр. Кемчиликтер болсо дагы толуктайбыз дешти. Президент өзү келип үйдү көрдү, сурады. Кемчилиги болсо айткыла деди. Баары жакшы экенин айттык".

Президент элдин турмушун жакшыртуу үчүн зарыл болгон шарттардын бардыгы этап менен ишке аша турганын белгилеген.

Жергиликтүүлөр чек ара, коопсуздуктан тышкары сугат, таза суу, пайызсыз насыя менен камсыздоо жана социалдык обьектилерди курууну тездетүүгө бийликти чакырышты. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдиргендей, айтылган көйгөйлөр боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Анда Жапаров кыргыз-тажик чек арасын май айына чейин тактоо ниетин да жарыялаган:

Учкунбек Жоробаев, Баткен районунун акими.
Учкунбек Жоробаев, Баткен районунун акими.

«Президент элдин көтөргөн маселелери боюнча аткаруу бийлигине тиешелүү тапшырмаларды берди. Калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Жол, суу боюнча каражаттар чечилген. Курулуп жатат. Алдыда бардык айтылган маселелер боюнча иш жүрөт. Иш мерчемдер бекитилген. Ал эми коопсуздук, чек араны тактоо боюнча айтылгандарга да президентибиз жооп берип, түшүндүрдү. Президент Кыргызстан тарап келерки жылдын май айына чейин чек араны тактоо ниети бар экенин айтты. Бирок бул маселе эки тараптуу болгондуктан, кошуна өлкөнүн да аракетине байланыштуу экенин билдирди", - деди Жоробаев.

Президент Баткендеги "Достук" жана "Капчыгай" чек ара тозотторунда да болду. Аны менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев кошо жүрдү.

2021-жылы апрелдеги чек арадагы кагылышта "Достук" чек ара тозотунун имараты талкаланып кайра оңдолгон. Быйыл сентябрдагы кагылышууда талкаланып, өрттөлүп кеткен тозот кайрадан курулду.

Ал тапта президенттин иш сапары тууралуу маалымат элге толук жетпей, үй-жайынан ажыраган жарандардын арыз-даттануулары толук айтылбай калды деген пикирин "Интербилим" эл аралык борборунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн директору Гүлгаакы Мамасалиева билдирип чыкты:

Гүлгаакы Мамасалиева
Гүлгаакы Мамасалиева

"Бизде чек ара чырында жабыркагандар үчүн атайын тайпа бар. Анда 400дөй катталуучу отурат. Ал жерде бир топ көйгөйлөр айтылып турат. Курулуштун ыргагы, кемчиликтери, кенемте, укуктары сыяктуу көйгөйлөр айтылат. Өлкө башчысынын бул жакка иш сапары тууралуу алдын ала ачык айтылбады. Эл менен ачык жолугушуп көйгөйлөрдү, маселелерди жеткиребиз дегенде, алдын ала айтылып, "жолугушууну каалагандар, бул жерге келгиле" десе болмок. Бизде да маалымат жок болду. Кээ бир үйлөр коопсуз жерге жылдырылды. Кандай критерий менен каралды, жабыркагандарга кенемте төлөө, алардын тизмесин тактоо, тонолгондорго кандай жардам берилет деген суроолорго жоопту эл президенттин өзүнөн укса жакшы болмок. Анткени алар канчадан бери күтүп жатышкан болчу".

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тарткан. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз болгон. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган. Бирок мал-мүлкүнөн кол жууган жайкын тургундарга качан жана канча сомдон кенемте төлөнөрү айтыла элек болчу.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан куралдуу кагылыштан бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып окко учкан 80ден ашуун адамдын тизмесин чыгарган. Эки тарапта тең каза тапкандардын арасында балдар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG