Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Кыргыз-тажик чек арасы: эки тараптан бирден адам жараат алды


Кыргыз-тажик чек арасы. Көк-Таш айылы (архивдик сүрөт)
Кыргыз-тажик чек арасы. Көк-Таш айылы (архивдик сүрөт)

Кыргыз-тажик чек арасында 3-декабрда эки тараптын жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Таш ыргытуу менен коштолгон бул чырдан эки өлкөнүн бирден жараны жараат алды. Эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кырдаал жөнгө салынганын билдирүүдө.

Чыр эмнеден чыккан?

Кыргызстандын Чек ара кызматы 3-декабрда кыргыз жараны Тажикстандын Сомониён айылы аркылуу Кыргызстандын Дахма участкасын көздөй өтүп баратканда “тажикстандыктар ага орой сөздөрдү айтканын”, натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, таш ыргытууга чейин жеткенин билдирди.

Азырынча чек арадагы соңку чырдын чоо-жайы тууралуу Тажикстандын бийлиги расмий билдирүү тарата элек. “Азаттыктын” тажик кызматы (“Озоди” радиосу) окуя болгон Тажикстандын Чоркух жамаатына караштуу Сомониён айылынын тургундарына шилтеме кылып, "кыргыз тараптан тажик жаранына таш ыргытылганын", айылдын бир тургуну ур-токмокко алынганын, андан соң чакан чуу чыгып кеткенин кабарлады.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жаңжалдан Кыргызстандын жараны Нурсултан Сайфулло уулу жараат алып ооруканага жеткирилгенин билдирди. “Озоди” радиосу чек арадагы окуядан Тажикстандын жараны Хизбулло Окилзода жараат алып ооруканага түшкөнүн жазды.

Кыргызстандын Көк-Таш айылынын Жамал аттуу тургуну "Азаттыктын" аймактагы кабарчысына чыр тууралуу буларды айтып берди:

"Бүгүн түшкө жуук Көк-Таш айылынын Дахма участкасында Акылбек Назаров дегендин үйүндө усталар иштеп жатса бир топ тажик жарандары келип, ошол чек арада жакын жерге топтолушуптур. Анан ошол жерден көк-таштык тургун өтүп баратса сөгүп-сагынышып, аны Тажикстандын аймагына сүйрөп жөнөшкөн экен. Үй куруп жаткан усталар жардамга барып, эл топтолгондо 40тай тажик жараны аларга таш ыргытыптыр. Ызы-чуу башталганда асманга ок атылды. Ким атканын билбейм. Тажик жарандары сүйрөп жөнөшкөн жигит бошонуп качып чыкканга жетишиптир. Ага сентябрда да ок тийген. Дарыланып чыккан эле. Анан чек арачылар менен милиция келип, эки тарап сүйлөштү. Азыр абал тынчып калды".

Ал эми Тажикстан тараптан жараат алган Хизбулло Окилзода аттуу тургундун атасы Окилжан Тоджиев "Озоди" радиосуна мушташ тууралуу мындай деген.

"Эртең менен жогорку кварталдан үйгө кайтып келаткам. Кыргыздардын үйлөрүнүн биринен мага карай таш ыргытышты. Мен көңүл бурган жокмун, үйгө кирдим. Бир нече убакыттан кийин бир кыргыз мени көчөгө чакырды. Мени менен кошо уулум да чыкты. Аны берки киши дароо темир (арматура) менен чаап жиберди. Сокку кулак тушка туура келген экен. Окуяны угуп коңшулар чогулушуп, дароо жергиликтүү бийликке чакырып, чыр басылды", - деди Тоджиев.

Тажикстандын Чоркух жамаатынын Сомониён кичи районунун башка жашоочулары чырдан кийин эки тарап тең ызы-чуу түшкөнүн айтышкан. "Кыргыз тараптын аскерлери асманды көздөй ок чыгарышты", - деп айткан күбөлөрдүн бири "Озодиге".

Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз жараны аңчылык мылтыктан ок чыгарганын билдирүүдө.

"Жаңжалдын курчуп кетишин алдын алуу жана Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарын таратуу максатында кыргыз жараны аңчылык курал колдонуп, асманга үч жолу эскертүү иретинде ок чыгарды", - деп айтылат Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

"Азаттыктын" кабарчысына окуяга күбө болгон адамдын айтымында, чыр чыккан аймакта салынып жаткан Акылбек Назаров аттуу тургундун мурдагы үйү 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда кыйраган.

"Озодинин" кабарчысына ошол аймактагы тажикстандыктар куралдуу кагылышуудан эки ай өткөндөн кийин салынган үйлөрүнө жаңы эле кайтып келишкенин айтып беришкен.

Чырдан кийинки сүйлөшүү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев "Азаттыкка" Баткен районундагы Көк-Таш айылына тушташ аймактагы окуя түшкү саат 12лерге жакын болгонун билдирди.

“Согд облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода менен сүйлөштүм. Тынчтыкты кармайбыз деп тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жолугушуу өткөрүп жатат. Абал тынч. Адамдар бири-бири менен айтышып уруша кетип, соңунда таш ыргытышкан”, - деди Алимбаев.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу 3-декабрда Баткен районунун Дахма участкасында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушту.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

“Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын мушташынын чоо-жайын изилдеп чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгында чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда провокацияларга жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө макулдашылды. Мушташ фактысын Ички иштер министрлигинин аймактык органдары иликтейт. Мындан тышкары бул аймакка ИИМдин кошумча отряддары жиберилет”, - деп айтылат маалыматта.

Чоркух жамаатынын бийлик өкүлдөрү Сомониён айылына келип, окуяны териштирип жатышканын, учурда аймакта кырдаал туруктуу экенин “Озоди” радисуна айтышкан.

Чек араны чечүү аракети

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 26-ноябрда Элдик курултайда кыргыз-тажик чек арасы боюнча коңшу өлкө менен мунаса табылганын, жакында эки тараптуу сүйлөшүү Кыргызстанда өтөрүн жана анда тиешелүү документтерге кол коюлгандан кийин парламентке алынып келерин айткан.

Ага чейин 17-ноябрда парламентте кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жагдайга учкай токтолуп, Тажикстан менен чек араны тактаган документтер жакын арада Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрүн айткан.

“Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп, алып келебиз деп жатабыз. Биз коңшу өлкөлөр менен ынтымакта, түбөлүк достукта жашашыбыз керек. Эч качан ок атылып, бир дагы жоокерибиз, жараныбыз каза болбошу керек. Биз биринчи кезекте ушуга басым жасашыбыз керек", - деген Жапаров.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык делегациянын соңку биргелешкен отуруму 14-ноябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн. Ага эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитеттеринин төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов катышкан. Жолугушууда протоколго кол коюлганы маалымдалганы менен анын мазмуну ачыкталган эмес.

18-ноябрда Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына берген маегинде чек ара тактоодо Тажикстандын бийлиги менен жемиштүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.

"Мен үч-төрт күн мурун өкмөттөр аралык комиссия менен чогуу барып, жолугушууга катышып келдим. Биз кайсы бир деңгээлде чечүүгө аракет кыла баштадык. Мурда биз жалаң тирешүү менен кепке келе албай келген болсок, азыр бир аз тил табыша баштадык. Бири-бирибизге чечиле турган жактарын көрсөтүп, мунасага келе баштадык. "Силер бул жерди алгыла, биз бул жерди алалы, силерге бул жер керек болсо, бизге анын ордуна бул жерди бергиле" деп, Тажикстан менен сүйлөшүп чечип атабыз. Протоколдорго кол коюлду, мамлекеттик макулдашууларды жүргүзүп ала турган болсок, аны парламентте кечээгидей кылып ийне-жибине чейин талкуулап, анан депутаттарыбыздын макулдугу менен кабыл алабыз. Президенттер кол коет, анан маселе чечилет", - деген Ташиев.

УКМК башчысы Тажикстандын борбор калаасында кол коюлган протоколдордун мазмунун ачыктаган эмес. Ал жакынкы күндөрү Бишкекке Тажикстандан расмий делегация келерин билдирген.

Расмий Дүйшөмбү кыргыз бийлигинин чек араны тактоо боюнча соңку билдирүүлөрүнө азырынча комментарий бере элек.

Соңку он жылда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы аймактарда ар кандай мүнөздөгү 144 чыр-чатак катталып, эки тараптан 200дөн ашуун киши каза тапкан. Жаңжалдар улам курчуп олтуруп, ок атышуу, кан төгүү, чек аралаш айылдарга кол салууга чейин жетти.

Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Куралдуу кагылышуу үчүн эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптаган.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт жана анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG