Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:57

Бишкектин дабышы. Кытайдын карызы


Кытайдагы шаарлардын бири (Иллюстрациялык сүрөт)
Кытайдагы шаарлардын бири (Иллюстрациялык сүрөт)

Алдыга жыла албай айласыз туруп калган экономика, каржылоо булактарынын аздыгынан Кыргызстандын тышкы карыздарды төлөөсү кыйынга турууда, кайтарылчу акчанын көбү Кытайга берилчү каражат. Каржылык милдеттенмесин аткарыш үчүн өлкө бир катар катаал чараларды ишке ашырууну көздөөдө.

«ПЛАНДАР БАР»

Ачыкка чыгып калган маалыматтарга караганда Кыргызстандын тышкы карызы беш миллиард долларга жетип калды, анын 40% жакыны (1,8 миллиард доллары) Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына кайтарылчу акчалар. Опсуз чоң каражаттар акыркы 10 жылда инфратүзүмдөрдү жаңылоо долбоорлоруна деп алынган.

Ушу тапта Кыргызстандын экономикасы төмөндөөнүн гана үстүндө. Өлкөнүн ички дүң продукту 2020-жылы 8,6 пайызга азайды. Оор жагдай кабатырлыкты жаратып, өлкө карызын төлөй албай калабы, сырттан алган кредиттерине төлөнчү акчаларын кайдан табат, айрыкча, Кытайдан алган карызды кантип кайтарабыз деген суроо айкүрүнөн коюлууда.

Кайтаруу мөөнөтү жакындагандан бери Кыргызстандын расмий бийликтери карыздын ордуна мамлекеттик активдердин бир бөлүгүн берүү мүмкүндүгүн талкуулоого өтүштү.

«Эгер төлөнчү карызды убагында кайтара албай калсак, биз көптөгөн объекттерибизден айрылып калабыз, — деп билдирди Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаров мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттигине 13- февралда берген маегинде. — Ушундай шарттар менен келишимдерге Атамбаев [экс-президент Алмазбек Атамбаев] кол коюп койгон экен. Бирок, кудай буюрса, бардык карыздарды төлөйбүз. Пландар бар».

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Бирок карызды кайтаруунун ал кандай планы экени азырынча так айтыла элек.

Жапаров Кытайдын атын ачык атай элек, бирок, анын сөзүнөн кийин коомчулукта Борбор Азиядагы маанилүү саясий оюнчу, карыз акчаны тартынбай бере келген Бээжинден алган карызын Кыргызстан кантип кайтарат деген маселе кызуу талкууга туштү.

Арганы кетирип турган Кытайдын карыз кайгайы «Бир алкак — бир жол» ири долбоорунун ири инфратүзүмдөрүнө байланышкан олуттуу проблеманы ачыкка чыгарды, карыздарды кайтаруу COVID-19 апаатынан улам экономикалык кризиске кабылган башка мамлекеттер - ошол эле Казакстан, Тажикстан, Пакистан үчүн деле оорго турууда.


Буга чейин Бээжин карыздардын кайсы бир бөлүгүн кайтарууну кийинкиге жылдырууга макул болгондой түр көрсөтүп, ошол эле учурда карыз алып жатканда берилген милдеттенмелерди жеңилдетүүгө макул болбостугун, антишке айрым өлкөлөр, мисалы, Кыргызстан сындуу каржылык оор абалга кабылган мамлекет менен сүйлөшүү жүргүзүүнүн татаалдыгы себепкер болорун айтууга өттү.

«Кытай Латын Америкасы, Африканын өлкөлөрү менен мамиле-катышында карыз соопчулук үчүн берилбестигин, өз пайдасы үчүн бекем турчу прагматик өнөктөш экенин көрсөтүп, карызын кандай да болсо өндүрүп аларын ырастап келатат, — деп айтты Москвадагы Каргени борборунун Борбор Азия менен Кытай мамилелери боюнча эксперти Темур Умаров “Азаттыкка” курган маегинде. —Кыргызстан үчүн бул кыйла эле оор жагдай, андан чыгыштын жолу да кыйын».

Борбор Азия Кытайга канча карыз:



Акыркы айларда Кыргызстан Жетим-Тоо темир кенин кантип иштетүүнүн жолдорун карай баштаган, ошондон улам өкмөттүн айрым сынчылары карыз үчүн пайдалуу кенди Бээжинге берип же сатып ийиши мүмкүн экенин айтууга өтүштү.

Жапаров өзү президенттикке талапкер кезинде Жетим-Тоо кенин Кытайга төлөнчү карызга берүү идеясын ачыкка чыгарган, а бирок Кыргыз Республикасынын өкмөтү темир кени эч кимге берилбестигин, аны Кыргызстан өзү иштетээрин билдирген.

Пайдалуу кенден тышкары айрым мыйзам чыгарчулар Кытайга өлкөнүн энергетика секторун башкаруунун бир бөлүгүн өткөрүп берүү мүмкүндүгүн карап көрүүнү көтөрүштү.


Карызды жөндөөнүн мындай жолун 22-февралда парламент депутаты Акылбек Жапаров [президентке эч кандай туугандыгы жок - ред.] ачыкка чыгарды. Ал чоң талашты жараткан Бишкектин башкы жылуулук-электр борборун оңдоого деп алынган карыз акчаны Кыргызстан төлөй албай калса объектти Кытайга башкарыш үчүн беришке мажбур экенин билдирди. Электр борборду оңдоого деп алынган карыз өтөле кымбатка түштү, оңдолду деген ЖЭБ бузулуп, кынтыксыз иштейт деген ишкана үзгүлтүккө учурап калууда.

«Кыргызстандын бул кризистен чыгып кетчү жолу, таасир этчү рычагдары деле жок, — дейт Бишкектеги ОБСЕ академиясынын изилдөөчүсү Нива Яу “Азаттыкка” берген маегинде. — Көп нерсе (Садыр) Жапаровдун экономикалык реформаларын аягына чыгарышына жана коррупцияга каршы күрөшүнө көз каранды».

БООР ТАРТАБЫ ДЕГЕН ҮМҮТ

22-февралда Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү өттү. Кыргызстан президенти өз өлкөсүндө жакшы иштеп жаткан кытай долбоорлорун колдой турганын ырастап, Кытайды эл аралык бир катар маселелерди мыкты чечкени үчүн жогорку баасын берип өттү.

Телефон сүйлөшүүсү өткөн жылдын октябрындагы Кыргызстанды саясий кризиске кептелткен нааразычылыктардан кийин Жапаровду бийликке алып келген окуядан соң Бишкек менен Бээжиндин мамилеси кыйла салкындай түшкөн маалда өттү.

Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун каршылык акцияларынын натыйжасында бийликке келди. Жаалданган көпчүлүк өкмөттү кызматтан кетирип, жагдайдын дагы курчуп кетишинен чочулаган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын таштап кетүүгө аргасыз болду.


Нааразылык күчөп турган чакта, ага чейин деле Кыргызстандагы кытай ишкерлери, кытайлык жарандар ур-токмокко алынып, басым-кысымга туш келишкен. Буга кабатыр болгон Бээжиндин расмий бийлик өкүлдөрү өз жарандарынын коопсуздугуна кабатырланып Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулованы чакырып ага камтамачылык менен нааразычылыгын расмий билдиришти.

«Бээжин Жапаров сындуу популист башчыларга анчалык эле ишене бербейт, — дейт эксперт Яу. — Кытай [Кыргызстандагы] ички саясий жагдай туруктуу абалга келишин күтүүдө, азырынча ишенич арта элек, күмөнсүүсү күчтүү».

Кийинки жылдары Борбор Азияда кытайга каршы чыккан нааразылыктар көбөйүп баратат, андай жыйындар Кыргызстан менен Казакстанда арбууда.

Жерге менчик мамилесинен, мамлекеттик карыздан чыккан кабатырлык, кытай компанияларындагы иштөө шартынын начардыгы, Шиңжан провинциясындагы “кайра тарбиялоо лагерлерине” ал жерде жашаган мусулман уйгур, кыргыз, казактарды мажбурлап камап коюу көпчүлүктүн нааразылыгын жаратууда.

Эненин пикети. Улуу баласы - Казакстанда абакта. Кичүүсү - Кытайда:



Кийинки жылдары кытайлык жумушчуларды иштеген жеринен кубалап, аларды уруп-токмоктоо учурлары Кыргызстан менен Казакстанда катталууда.

Ата-энеси көп жылдар бою Кытайда жашап келген Садыр Жапаровдун алдында расмий Бээжинге мыкты өнөктөш болуп бере ала тургандыгын ынандыруу милдети турат, ошол эле мезгилде аны бийликке алып келген улутчул, антикоррупциялык риториканы да унутта калтырбашы керек.

Эки жагында тең президент опсуз чоң каршылыктарды жеңип чыгышы керек.

Кыргызстанда жемкорлукка карата элдин нааразылыгы дале болсо аябай күч. Анын үстүнө көпчүлүккө буга чейинки кытайлык мекемелер менен кол коюлган кредиттик келишимдерге байланышкан көп иштердин сыры ачыла элек, ошондон улам алардын аныгына караганда апыртмасы арбын. Бээжин алдындагы карызды өкмөт кантип төлөйт суроосуна дагы калың журт кулак түрүп турган кези.

Буга кошумча Жапаровдун алдында айыбы ачылган Райымбек Матраимовдун маселеси менен алпурушуу милдети турат. Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы төрага орунбасары, өлкөдөгү өтө таасирдүү аткаминер элдин нааразылыгынан улам 18-февралда экинчи ирет камакка алынды. Ага кыргыз соту биринчи ирет камакка алынганда арзыбаган айып пул салып, оңой-олтоң чыгарып жиберген болчу. Р.Матраимовго карата айыптар алгачкы жолу “Азаттыктын” Кыргыз редакциясынын журналисттик иликтөөсүндө жарыя айтылган.

Эл аралык иштерде тажрыйбасы аз Садыр Жапаров ушу тапта Орусиянын колдоосун алууга да куштар. Президенттин эки күндүк иш сапары Москвада өттү, Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин жана дагы башка расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Орусиянын президенти Владимир Путин (оңдо) менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кремлде жолугушту, 2021-жылдын 24-февралы.
Орусиянын президенти Владимир Путин (оңдо) менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кремлде жолугушту, 2021-жылдын 24-февралы.

КЕЛЕЧЕК

Садыр Жапаровду бийликке алып келген саясий башаламандыктардан мурда Бишкек Кытайдан карыздарды кечип коюуну өтүнүп жаткан.

Таажы вирус апаатына чейин Кыргызстан төлөө мөөнөтүн кечиктирбей карызын чекесинен кайтарып келаткан. Бирок COVID-19 эпидемиясынын айынан чыккан каржылык проблемалар карыздарды төлөө графигин үзгүлтүккө учуратып, айласыз абал түзүлдү, жугуштуу оору Кытай менен соодага көз каранды өлкөнүн экономикасын сызга отургузду.

2020-жылдын ноябрында Бээжинден көңүл жылытчу кабар келди, бул жылы кайтарылчу 35 миллион долларды 2022-2024-жылдарга жылдык үстөгү эки пайыздык өлчөм менен бөлүп-бөлүп төлөөгө Кытай макул болду.

Кыргызстан ошондой эле июнда Париж клубуна кирген эл аралык кредит берчүлөрдүн жардамына жетишти, алар жыл аягына чейин төлөнчү 11 миллион долларды токтото турууга макул болушту. Жалпысынан алганда Бишкек Дания, Франция, Германия, Жапония жана Түштүк Кореяга 300 миллион доллар карыз.

Албетте, мунун баары утурумдук гана жеңилдик, тышкы карыз Кыргызстандын карыз милдеттенмелерин убагында аткарууга чама-чаркы жетпей жаткан структуралык проблемаларын чечип бербейт. Бишкек Кытай карызын жоюунун биринен экинчиси радикалдуу варианттарды издеп табышы мүмкүн, жыйынтыгында маселе барып-келип Бээжин кандай жеңилдиктерди беришине такалат.

Кытайдын көзүн караткан карыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:18 0:00


«Схемасы мындай, Кытай карызды кайтарууну артка жылдырышы мүмкүн, аны кечип койгон учурлары айрым бир учурларда эле болбосо, дээрлик болбойт, — деп айтты Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөрдүн Reconnecting Asia долбоорунун директору Жонатан Хиллман “Азаттыктагы” маегинде. — Карыз акысына активдерин алып коюусу да чейрек».

Кытайдын карыз берүү боюнча сүйлөшүүлөрүндө анын пайдасын көздөп келген шарттары аябай көп. Кыргызстан менен кол коюлган келишимдерде атайын белгиленген жагдайлар бар, анда карызды кайтарууга байланышкан ар кыл талаш-тартыштар Кытай мамлекетинин арбитраждык сотторунда чечилет, эл аралык арбитраждык сот болсо көрсөтүлгөн эмес. Келишимдерде Бээжиндин пайдасына иштечү башка жагдайлар да бир топ.

«Кыргызстан кабылып жаткан проблемалардын көбү кыйла жылдардан берки келишим түзүү маалында этият болбогондуктун кесепети, ошондой эле кыргыз аткаминерлеринин мамлекеттик ишке кайдыгерлиги, каражатка ичи күйбөгөнүнүн натыйжасы, — дейт Хиллман. — Ошондой эле, менин оюмча, Кытай менен бизнес кылуунун тобокелчилиги. Алынган карыздын ачыктыгы болбосо ушундай иштер жасалат».

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын лидери Си Цзиньпинге «Манас» орденин тапшырууда. Бишкек шаары. 2019-жылдын 13-июну.
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын лидери Си Цзиньпинге «Манас» орденин тапшырууда. Бишкек шаары. 2019-жылдын 13-июну.


Анткен менен Кытай Кыргызстан, ошондой эле ушул чөлкөмдөгү кадыр-баркынын түшүп баратышына кабатыр, өлкөнүн активин карызга байлап тартып алуу кандай мамилеге алып келээрин, анын натыйжасы кандай болорун ал деле ойлойт болуш керек.

«Активин тартып алуу — эң начар саясий кадам, — деп эсептейт Хиллман. — Бул адамдардын Кытай тууралуу буга чейин ойлоп келген коркунучтарынын тууралыгын тастыктайт, анын ичинде "Бир алкак - бир жол" демилгесине дагы».

Рид Стэндишдин материалын которгон Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG