Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Бишкектеги шайлоо: талапкердин убадасы, УКМКнын дооматы


Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева.
Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева.

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Сариевдин жана анын тарапташтарынын добуш сатып алуу фактысы аныкталганын Улуттук коопсуздук комитети маалымдады. Сариев мындай айыптоону четке какты.

Атайын кызматтын 1-июндагы маалыматында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Сариев жана анын тарапташтары добуш сатып алууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен айыпталып жатканы жазылган.

“Үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү айныксыз далилдер алынды. Учурда УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, жыйынтыгында чогултулган материалдар Борбордук шайлоо комиссиясына андан ары кароо үчүн жөнөтүлөт”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Мекеме жашыруун камерага тартылган видео тасманы жарыялады. Анда Сариевдин тарапташы Бишкектин Жал кичи районундагы көп кабаттуу турак жайлардын биринин жашоочулары менен сүйлөшүп, үйдүн алдына балдар аянтчасын куруп бере турганын айтып, шайлоо учурунда Сариевге добуш берүүгө үндөгөнү жазылган.

Шайлоо күнү адамдарды машина менен ташуу үчүн телефон сүйлөшүүлөр болгонун видеодон көрүүгө болот.

Улан Сариев УКМКнын мындай билдирүүсүн четке кагып, ал үйдүн жашоочулары менен жолугушууда балдар аянтчасын куруу тууралуу убада берилбегенин айтууда.

“Кечээ (31-майда ред.) мурда ижарага алган штабдарымда тинтүү жүрдү. Үгүт материалдарды, техниканы алышты. Үй комитети арыз жазыптыр, бир жашоочу аларды “балдар аянтчасын салып берет, ошого шайлагыла деп жатат” деп. Ал үйгө мен жолугушууга баргам. Алар жеке көйгөйлөрүн айтып берди. Мен бул жерди оңдоп, балдар аянтчасын салып берүү Жогорку Кеңештин жумушу эмес дедим. Бирок, бул көйгөйдү дагы жоюш керек. Шайлоодон кийин кайрылгыла, карап көрөм дегем. “Балдар аянтчасын салып берем дегенсиң, бул добуш сатып алуу” деп жатышат”.

Сариев 31-майда атайын кызматка сурак берип чыкканын кошумчалады.

Буга чейин эң добуш алган талапкер Дамира Ниязалиева 30-майда суракка чакырылып, анын штабында иштеген эки адам добуш сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Ниязалиева муну "оппоненттеринин басымы" катары баалаган.

Ал эми талапкердин адвокаты Эрик Ирискулбеков Ниязалиева 31-майда оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жатканын билдирди.

28-майда Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоодо Дамира Ниязалиева шайлоочулардын 35%, башкача айтканда 6 242 адамдын добушун алган.

Ал эми экинчи орунду алган Улан Сариевге жалпы шайлоочулардын 11% же 2070 адам добуш берген.

Эки талапкердин добушу жокко чыгарылса, кайра шайлоо өтөт

Коомчулукта “эгер эки талапкердин добуш сатып алуу фактысы аныкталса, кайра шайлоо өтөбү?” деген суроолор утур-утур көтөрүлүүдө.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев укук коргоо органдарынын корутундусуна ылайык Боршайком тиешелүү чечим чыгарарын билдирди:

Узарбек Жылкыбаев
Узарбек Жылкыбаев

"Укук коргоо органдары кандай жыйынтык берсе, ошого жараша чыгарабыз. Эгер күнөөлүү деп табылса, анда биринчи талапкердин каттоосун жокко чыгарабыз. Андан кийин ушуга байланыштуу добушу жараксыз деп табылат. Көбү жокко чыгаралып калса, кайра шайлоо болот деген туура. Бирок алдын ала эч нерсе айтпай туралы, анткени азыр тергөө жүрүп жатат".

Жылкыбаев шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса, үчүнчү орунда турган талапкерге мандат берилбей турганын кошумчалады.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселенин үстүндө иштеп, мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү көздөп жатканын айтууда.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, 28-майдагы шайлоо өнөктүгүнө 18,5 миллион сом сарпталды. Эгер кайра шайлоо өткөрүлсө, мамлекеттик бюджеттен кайра акча бөлүнүп, казына кошумча чыгымга учурамакчы.

Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

Добуш сатып алуу

Кыргызстанда өткөрүлгөн шайлоолордо добуш сатып алуу фактысы буга чейин да катталган.

2021-жылы Свердлов округунан кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахман Муртазалиев да добуш сатып алды деген айып менен мандат алган эмес. Ал мандат бул округдан экинчи келген Шайлообек Атазовго тийген. Бирок ал учурда Муртазалиев шайлоочулардын жалпы добушунун үчтөн бирин ала алган эмес эле.


2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Камчыбек Жолдошбаев дагы добуш сатып алууга шек саналып, Боршайком аны шайлоодон четтеткен. Ал дагы 28-майда Ленин шайлоо округунан парламентке аттанган талапкерлердин арасында болчу.

Ал эми 2021-жылдагы жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо дагы добуш сатып алууга аралашкан деп Бишкек шаарынан катышкан НДПК партиясын, Ош шаарынан “Биздин Кыргызстан” партиясын, Токмок шаарынан катышкан "Эл Биримдиги" партиясын дагы шайлоодон четтеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG