Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Бир мандаттуу округдардан кимдер депутат болду?


Ак үй, Бишкек шаары. 2020-жыл.
Ак үй, Бишкек шаары. 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандагы бир мандаттуу 33 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын 27-декабрдагы жыйынында белгилүү болду.

"Баарына каршы" көп добуш берилген Биринчи май жана Свердлов округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын БШК жараксыз деп тапты. Бул округдарда 2022-жылдын 27-февралында кайра шайлоо өтөт.

Ошондой эле Чүй-Токмок округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы бекитиле элек. Бул округдан алдыга чыккан Медербек Саккараевдин Казакстандын жараны экени аныкталгандан кийин БШК анын талапкерлигин четке каккан. Буга макул болбогон Саккараев сотко кайрылган. Учурда анын арызы Жогорку соттун кароосунда турат.

БШК бекиткен 33 округдагы депутаттар тууралуу кыскача маалымат.

Чыңгыз Ажибаев (№1 Лейлек округу)

30 жаштагы Чыңгыз Ажибаев Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында тергөөчү болуп иштеп келген. Ага чейин башкы прокурордун коомдук башталгычтагы жардамчысы болгон.

Үгүт өнөктүгү башталар алдында Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов шайлоо бүткөнгө чейин кызматынан четтетилген. Ал талапкерлердин бирине үгүт жүргүзгөнү айтылган. Ишенимдүү булактар "аким дал ушул талапкер Ажибаевдин пайдасына үгүт жүргүздү" деген негизде кызматтан кеткенин билдирген. Шайлоодон кийин Рахманкуловдун кызматы калыбына келтирилди.

Айрым маалыматтар боюнча Чыңгыз Ажибаев мурдагы аскер прокурору, учурдагы Баткендин прокурору Нуркамал Набиевдин күйөө баласы.

Нурлан Ражабалиев (№2 Баткен шайлоо округу)

46 жаштагы Нурлан Ражабалиев соңку 12 жылдан бери Бажы кызматында иштеген. 2017-жылы Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Быйыл жыл башында Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун ишинин алкагында Ражабалиевге кылмыш иши козголгон. Ал быйыл 27-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Мындай чечимдин чыгышына Нурлан Ражабалиевдин тергөө менен кызматташканы себеп болгон.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ражабалиевдин соттуулугу быйыл 4-мартта жоюлганын билдирип, аны талапкер кылып каттаган.

Шайлоону өткөрүү боюнча негизги орган эгерде талапкердин соттуулугуна байланыштуу мыйзамсыз иштер аныкталса, шайлоо учурунда же депутат болуп шайланган күндө талапкерлиги жокко чыгарыларын эскерткен.

Ырысбек Атажанов (№3 Кадамжай шайлоо округу)

47 жаштагы ишкер. Буга чейин анын аты коомчулукка Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндөгү жолду салууга байланыштуу чыккан. Анда Бишкек мэриясы Атажанов жолду узартуу үчүн 10 сотыхтан ашык жер тилкесин акысыз бергенин билдирген.

Өмүрбек Бакиров (№4 Көк-Жар шайлоо округу)

43 жаштагы Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына "Ата Журт" партиясынын, алтынчы чакырылышына КСДП партиясынын тизмесинен шайланган.

2020-жылдагы Октябрь окуяларынан соң жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо Бакиров бийликчил "Биримдик" партиясынан ат салышкан. 2000-жылдардын башында Бакировго карата "каракчылык" жана башка бир нече берене боюнча кылмыш иши козголгону маалымат каражаттарында айтылган. Өмүрбек Бакиров сот аны бул иштер боюнча актаганын айтып келет.

Жусупбек Коргонбай уулу (№5 Ноокат шайлоо округу)

44 жаштагы Жусупбек Коргонбай уулу ишкер. Ал 2016-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмесинен Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Бирок ал мурда Орусиянын жарандыгын алганы аныкталды деген негизде мандатынан мөөнөтүн мурда ажыратылган. Бул чечим 2020-жылы "Биримдик" партиясынын тизмесинен, быйыл бир мандаттуу округдан парламент депутаттыгына ат салышууга тоскоол боло алган жок.

Жусупбек Коргонбай уулу Кыргызстандын бокс боюнча федерациясынын вице-президенти.

Жалолидин Нурбаев (№6 Араван шайлоо округу)

51 жаштагы Нурбаев жөнүндө ачык булактарда көп маалымат жок. Ал Аравандагы Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчылыгын аркалаган. Буга чейин "айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү тургундар шайлашы" керек деген позициясын айтып келген.

2020-жылы “Биримдик” партиясынын тизмесинде 69-орунда Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан. Нурбаев кесиби боюнча агроном, райондук администрациядагы логистика борборун жана "Чынар" дыйкан чарбасын бир нече жыл башкарып турган.

Айбек Осмонов (№7 Ош шайлоо округу)

37 жаштагы Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына "Бир Бол" партиясынын тизмесинен депутат. Ал агасы Нурбек менен бирге "Ихлас" курулуш компаниясынын, Оштогу "Кыргыз унаа курулуш" заводунун кожоюну катары белгилүү.

Осмонов буга чейин "Мекеним Кыргызстан" партиясынын төрагасы катары көрсөтүлүп жүрсө, 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо "Ыйман нуру" партиясынын тизмесинен ат салышкан. 2021-жылдагы Бишкек жана Ош шаардык кеңешинин шайлоосунда "Биздин Кыргызстан" аттуу партия түзүп, анын лидерлигин аркалаган.

Нурбек Алимбеков (№8 Төлөйкөн шайлоо округу)

46 жаштагы Нурбек Алимбеков Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына "Республика", ал эми алтынчы чакырылышына "Кыргызстан" партиясынын тизмесинен депутаттыкка шайланган. Саясатка ишкерликтен келген. "Папан курулуш" компаниясынын негиздөөчүсү.

Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп турган кезинде Кытай өз алдынчалыгын тааныбаган Тайванга сапар менен барганы белгилүү болуп, кызматын тапшырган.

Алимбековдун бир тууган агасы Давлет Алимбеков бир нече жыл өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп эмгектенген.

Искендер Матраимов (№9 Кара-Суу шайлоо округу)

59 жашта. Буга чейин КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2020-жылы "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка ат салышкан.

Бажыдагы коррупцияга боюнча күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төлөгөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. "Азаттык", "Клооп", OCCRP бажыдагы коррупция боюнча журналисттик иликтөөнү жарыялаган учурда Искендер Матраимов маалымат каражаттары аркылуу инисин актаган билдирүүлөрдү тараткан. ​

Данияр Төлөнов ( №10 Куршаб шайлоо округу)

​49 жаштагы Данияр Төлөнов парламенттин алтынчы чакырылышына "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Кыска мөөнөт ичинде вице-спикерликти аркалап, кийин өз каалоосу менен ордун тапшырган.

Ага чейин Ош облустук миграция жана жумуштуулук комитетинин төрагасы болгон.

Данияр Төлөнов жалпысынан жетекчилик кызматта 2013-жылга чейин иштеген. Ал эмгек жолу 1993-жылы ички иштер органдарында башталганын, жалпы жонунан он жылдай иштегенин "Азаттыкка" айтып берген.

Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышында депутат болгон Арапбай Төлөновдун аталаш иниси. Төлөновдун бир тууганы Мамлекеттик миграция кызматына караштуу Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору Бахтияр Төлөнов 2020-жылы пара алуу боюнча шектүү катары кармалган.

Улан Примов (№11 Алай шайлоо округу)

Жогорку Кеңештин VI чакырылышына КСДП тизмеси менен депутат болгон Улан Примов 42 жашта. Ош технологиялык университетин аяктаган соң Алайдагы финансы бөлүмүндө эмгектенген. 2004-жылы Примов үй-бүлөсү ээлик кылган компанияларда жетекчилик кызматтарды аткарган. Аларга таандык “Пэрити Коал”, “Пэрити Коал Юг” , “Көмүр компаниясы” жана “Ош Пирим ОСкен” көмүр казат. Ал эми “Береке Кен” компаниясы гипс казат.

Ошондой эле депутаттын үй-бүлөсү “Ош прим” аттуу телеканал негиздеген.

Улан Примовдун бир тууганы Клара Примова “Улан-Чи” кыш заводунун директору. Бул үй-бүлөгө “Ош Пирим Деронг”, “Адыгене Строй” менен “Синжи Пирим” ЖЧКсынын байланышы бар.

Элмурза Сатыбалдиев (№12 Өзгөн шайлоо округу)

Элмурза Сатыбалдиев 55 жашта. Өзгөндүн Мырзаке айылында туулган. Кыргыз улуттук университетин аяктагандан тарта прокуратура тармагында иштеп, 2007-2009-жылдары өлкөнүн башкы прокурору болгон. Андан соң мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген.

2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2016-жылдын аягында сот тарабынан белгиленген жазанын үчтөн экисин өтөп, эркиндикке чыккан. 2019-жылы Октябрь райондук соту анын соттуулугун алып салган. 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого Сатыбалдиев “Замандаш” партиясынын тизмесинде ат салышкан.

Тазабек Икрамов (№13 Сузак шайлоо округу)

47 жаштагы Тазабек Икрамов экинчи жолу депутаттыкка шайланды. Ал Бишкектеги Дене тарбия институтунда окуган. Эмгек жолун дене тарбия мугалими болуудан баштап, кийин ишкердик менен алектенген.

2010-жылдан тарта Соода-өндүрүш палатасынын Кытайдагы өкүлү болуп, 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмесинен депутаттыкка шайланды. Жогорку Кеңеште жана коомдо Тазабек Икрамовдун бир катар карама-каршылыктуу билдирүүлөрү, демилгелери талкууга түшкөн эле.

Шайырбек Ташиев (№14 Жалал-Абад шайлоо округу)

45 жаштагы Шайырбек Ташиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. Жалал-Абаддагы Коммерциялык институтту аяктаган. Эмгек жолун Жалал-Абад университетинде баштап, кийин Монополияга каршы агенттигинде, бажы кызматында иштеген.

2013-жылы Шайырбек Ташиев жакындары жана тарапташтары менен ошол кезде камакка алынган бир тууганы Камчыбек Ташиевди (УКМКнын азыркы жетекчиси), Садыр Жапаровду (азыркы президент) жана Талант Мамытовду (шайлоого чейин ЖК төрагасы болгон) бошотуу талабы менен нааразылык акцияларын уюштуруп, Бишкек-Ош жолун Барпы айылына кире бериш жерден тосуп алган. Ушундан кийин ал “массалык башаламандык уюштурууга жана конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого” айыпталып, үч жылга шарттуу түрдө кесилген. Соттун өкүмү быйыл жазында жокко чыгарылган. 2016-жылдан тарта “Ата-Журт” партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон.

Агасы УКМК башчылыгына келген соң Шайырбек Ташиевдин Жалал-Абаддагы таасири күчөгөнү айтылып, аны Ташиевдердин үй-бүлөсү четке кагып келет.

Айбек Алтынбеков (№15 Базар-Коргон шайлоо округу)

43 жаштагы Айбек Алтынбеков Ош мамлекеттик университетин аяктаган. Жеке ишканада юрист, жеке күзөт агенттигинин директору болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика – Ата Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болгон. Парламентте кезинде Алтынбеков активдүү билдирүүлөр, демилгелер менен чыкканы байкалган эмес.

Айбек Алтынбеков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Баяман Эркинбаевдин жээни катары белгилүү.

Бактыбек Сыдыков (№16 Ноокен шайлоо округу)

Бактыбек Сыдыков 51 жашта. Москва техникалык институтун аяктаган. Союз учурундагы партиялык ишмер, кийин президенттик аппаратты жетектеген Үсөн Сыдыковдун уулу. Эмгек жолун кыргыз-казак биргелешкен ишканасында жетекчи болуу менен баштап, кийин “Кыргыз Дан-азык” ишканасында иштеген. 2005-жылы каржы министринин кеңешчиси болгон. Ушул жылдан тарта “Манас” аэропортуна вице-президент, кийин президент болуп Апрель окуясына чейин эмгектенген. 2015-жылы “Республика-Ата-Журт” партиясынан парламент депутаттыгына шайланган.

Бактыбек Сыдыковдун аба бекетине байланыштуу бизнеси да бар. Анын үй-бүлөсүнө таандык “АККА күйүүчү май куюучу комплекси” компаниясы учактарга керосин ташыса, “АККА-Кейтеринг” “Ош” эл аралык аэропортунун кызматын колдонгон жүргүнчүлөрдү тамак-аш менен камсыз кылат.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Сыдыков “Манас” аэропортунун президенти болуп дайындалган. Ошол кезде анын бул кызматка кайра келишине каршы нааразылык акциялары өткөн. Бактыбек Сыдыковдун уулу Алымбек Бактыбаев Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.

Нурланбек Шакиев (№17 Аксы шайлоо округу)

Нурланбек Шакиев Аксы районунда туулган. 44 жашта Кыргыз агрардык академиясын аяктаган. Эмгек жолун өлкөдөгү гезиттерде баштап, 2005-жылы өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитинин редакторлугуна жеткен. Шакиев 2006-2009-жылдары Бакиевдин командасында иштеген. Адеп администрациясына басма сөз катчы болуп келген жана коомдук башталышта анын кеңешчиси болгон.

2009-жылы Шакиев ЭлТР коомдук телеканалын жетектеп, ыңкылаптан кийин кызматтан алынган. Бийлик алмашкандан кийин 2010-2011-жылдары “Ата Журт” партиясынын квотасы менен Кыргызстандын маданият министри болуп турду.

Мындан кийин NewTV телеканалынын директору болуп эмгектенип келет. Нурланбек Шакиевди саясий чөйрөдө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын кеңешчиси катары сыпатташат. Айрым маалыматтар боюнча Шакиев жетинчи чакырылыштагы парламенттин төрагасы болушу мүмкүн.

Азизбек Турсунбаев (№18 Ала-Бука шайлоо округу)

Азизбек Турсунбаев 55 жашта. Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. 2005-жылга чейин мамлекеттик жана жеке ишканаларда ар кыл жумуштарда иштеген.

2005-жылы Ала-Бука округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп, саясатка аралашкан. Эки жыл өтпөй ал кездеги бийликчил "Ак жол" партиясынын, ал эми апрель ыңкылабынан соң "Республика" партиясынын тизмесинен парламентке депутаттыкка шайланган.

2011-жылы бир жылга жакын Жалал-Абад облусунун губернаторлугун аркалаган. 2015-жылы Турсунбаев "Кыргызстан" партиясы менен кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Азизбек Турсунбаевди өлкөдөгү бай адамдардын катарына кошуп жүрүшөт.

Кундузбек Сулайманов ( №19 Токтогул шайлоо округу)

54 жаштагы Кундузбек Сулайманов Кыргыз техникалык университетин аяктаган. 20 жылга жакын Ош шаардык жол кайгуул башкармалыгында эмгектенген. Акыркы жылдары курулуш тармагында иш алып барган КУБ ишканасынын директорлугун аркалайт. Буга кошумча “Ата-Журт” партиясынын Токтогул районундагы баштапкы уюмун жетектеген.

2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынын катарында, 2020-жылы “Мекенчил” партиясынын катарында шайлоого катышкан. Биринчисинде тизмеде артта болгону үчүн өтпөй калган, экинчи шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Дастан Жумабеков (№20 Манас шайлоо округу)

Дастан Жумабеков 45 жашта. Талас облусунда төрөлгөн, кесиби юрист. 2009-жылга чейин ар кыл жеке ишканаларда эмгектенген. 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таластагы бөлүмүнө ишке кирип, бир жылга жетпей “Ата Журт” партиясынын тизмесинен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

2015-жылы парламенттин 6-чакырылышына “Кыргызстан” партиясынан шайланып келген. 2017-жылдан тарта үч жыл парламенттин төрагасы болду. Бул учурда Дастан Жумабеков коомчулуктун көңүл борборунда болуп, карама-каршылыктуу билдирүүлөрү талкуу жараткан. 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясынан катышып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккандан кийин кызматын тапшырып берген.

Бактыбек Чойбеков (№21 Талас шайлоо округу)

44 жашта. Талапкерлик биографиясында убактылуу иштебейт деп маалымдалган, ачык булактарда “Арча-Бешик конушу” коомдук бирикмесинин төрагасы экени көрсөтүлгөн. Ага чейин жеке ишкер, “Альянс” акча алмаштыруу жайлардын ассоциациясынын төрагасы болгону белгиленет.

2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине КСДП партиясынан талапкер болгон, 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясынан 25-катарда барган. ​

Нурлан Азыгалиев (№22 Жайыл шайлоо округу)

Нурлан Азыгалиев 51 жашта. Кыргыз агрардык академиясында, кийин Түркиядагы Эге университетинде билим алган. Эмгек жолун Бишкектеги туристтик компанияларда баштап, курулуш бизнесине өткөн. Соода-өнөр жай палатасынын кыргыз-түрк форумунун жетекчиси. 2020-жылы “Биримдик” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан.

Карим Ханджеза (№23 Москва шайлоо округу)

39 жаштагы Карим Ханджеза жеке ишкер. Кыргыз-Орус славян университетинин юридика бөлүмүн аяктаган. Бир катар жеке ишканаларда юрист болуп иштеген. Учурда “Кут-Билим” окуу борборунун жетекчиси. Кыргызстан дунгандар ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы. 2015-жылы “Ата Мекен” партиясынын тизмесинде депутаттыкка ат салышкан.

Аманкан Кенжебаев (№24 Сокулук шайлоо округу)

Аманкан Кенжебаев 54 жашта. Кесиби боюнча экономист. Айыл чарба кооперативинде, Бишкек эркин экономикалык аймагында иштеген. Чүй облусундагы Ала-Арча жана Военно-Антоновка айылдык кеңештеринде депутат болгон. Эки ирет Сокулук районунун акими болгон. Шайлоого чейин Кара-Кулжа районун башкарган. Шайлоого байланыштуу кызматын тапшырган.

Сеидбек Атамбаев (№ 25 Аламүдүн шайлоо округу)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тун уулу Сеидбек 45 жашта. Бишкектеги Курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. “Автомаш-Энерго” ишканасынын жетекчиси. Мурда “Автомаш-Экол”, “Кыргызавтомаш” ишканаларында түрдүү кызматтарда иштеген. Атасы президент кезинде Сеидбектин саясатка аралашканы байкалган эмес. 2019-жылы мурдагы президент камакка алынгандан кийин тун уулу саясатка аралашууга аргасыз болгонун билдирген. Ал ошол жылдан 2021-жылдын февралына чейин Социал-демократтар партиясынын төрагасы болгон. 2020-жылы парламенттик шайлоого аны баштап чыккан.

Жаныбек Абиров (№26 Ленин шайлоо округу)

32 жаштагы Жаныбек Абиров буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана анын төрагасы катары белгилүү. Ал Кыргыз-Орус славян университети жана президенттин алдындагы Башкаруу академиясын аяктаган. 2016-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланганга чейин бизнес менен алектенген.

Быйыл 11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого "Эмгек" саясий партиясынан ат салышкан.

Атасы Болотбек Абиров - Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү тендерлерин бир нече жыл катары менен утуп келген "Рассвет Компани" ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Адилет министрлигинин маалыматында кыймылсыз мүлктөрдү башкарган жана адистешпеген дүң соода менен алектенген бир катар компаниялардын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

"Абиров" коомдук фонду 2017-жылдын 20-апрелине чейин Ж.Абировго таандык болгон.

Дастан Бекешев (№28 Октябрь шайлоо округу)

Буга чейин Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон Дастан Бекешов 38 жашта. Бишкекте төрөлүп-өскөн.

Саясатка аралашканга чейин Салык кызматы, Экономика министрлигинде иштеген. 2010-жылы “Ар-намыс”, 2015-жылы Социал-демократтар партиясынын тизмесинен депутат болгон. Парламентте Бекешев эң активдүү депутаттардын бири катары байкалган. Ал бажыдагы коррупция, сөз эркиндигин чектөөгө алуу боюнча демилгелерге каршы чыккан.

Акбөкөн Таштанбеков (№30 шайлоо округу)

Акбөкөн Таштанбеков 58 жашта. Ал Ооганстандагы согуштун ардагери. 2000-жылдардын башында Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясын түзүп, 2000-жылы бул саясий уюмдун тизмесинен Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болгон. Анда бери Таштанбеков бир нече шайлоого катышканы менен ийгиликтүү болгон эмес.

Быйыл шайлоодон кийин Акбөкөн Таштанбековго карата Жазык кодексинин “Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда УКМКнын тергөө абагында камакта. Эгер бул иш боюнча соттун чечими чыкса, Таштанбековго мандат берилбей калышы мүмкүн.

Мирлан Самыйкожо уулу (№32 Кочкор шайлоо округу)

37 жаштагы Мирлан Самыйкожо акын жана журналист катары таанымал. Ак-Талаа районунда туулуп-өскөн. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.

2002-жылы чыгармачыл жаштардын “Нурборбор” коомдук бирикмесине мүчө, аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болгон. Кийин "Бийиктик" басмаканасында, Жазуучулар союзунда, Коомдук телерадиокорпорациянын радио бөлүмүндө эмгектенген.

Самыйкожо коомдогу терс көрүнүштөр, саясий абал боюнча курч ырлары менен таанымал.

Улан Бакасов (№33 Нарын шайлоо округу)

Улан Бакасов 37 жашта. Жалал-Абад университетин аяктаган. 2000-жылдардын башынан тарта ишкердик менен алектенген. Буга чейин коомчулукка ысымы белгисиз ишкердин аты 2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда чыккан. Анда Бакасов Нарын облусуна бир нече "Тез жардам" унаасын белек кылган эле. Мындан кийин 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого бийликчил "Биримдик" партиясынын тизмесинин алгачкы сабында катышкан.

Арсланбек Малиев (№34 Жети-Өгүз шайлоо округу)

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арсланбек Малиев 64 жашта. Ал Харьков тамак-аш академиясын бүтүрүп, союз маалында бул тармакта иштеген. 1995-жылдан 2007-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2017-2021-жылдары президенттик шайлоого катышкан. БШКда Малиев "Чет өлкөлөр менен достошуу жана кызматташуу боюнча кыргыз коомдорунун биримдигинин" президенти катары жазылган. Арсланбек Малиев бир нече ишканага ээлик кылары көрсөтүлгөн.​

Акылбек Түмөнбаев (№35 Түп шайлоо округу)

49 жаштагы Акылбек Түмөнбаев Кыргыз улуттук университетин аяктаган. ИИМ, Салык кызматы, Финансы полициясында 15 жылга жакын эмгектенген. 2016-жылы Эсеп палатасынын аудитору болгон. 2020-жылы парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде катышкан. Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы болору буга чейин айтылган.

Максатбек Сарбагышев (№36 Ысык-Көл шайлоо округу)

Максатбек Сарбагышев 36 жашта. Бишкектеги Курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. Ысык-Көлдөгү Чоң- Сары-Ой айыл өкмөтүн эки жолу башкарып, Ысык-Көл районунун акими болуп иштеген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG