Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Маданият министрлиги ЖМК мыйзамы боюнча сунуш-пикирлерди кабыл алууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору үчүн жарандардын сунуш-пикирлерин кабыл алууда.

Бул тууралуу министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмурматова 29-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлер 11-октябрга чейин кабыл алынат. 16-октябрда мыйзам долбоорун даярдоо үчүн түзүлгөн жумушчу топ келип түшкөн сунуштарды карап чыгат.

“26-октябрга чейин сунуш-пикирлерди карап чыгып, ошонун негизинде мыйзам долбоорун президенттик администрациянын кароосуна жөнөтүшүбүз керек”, - деди Калмуратова.

Президенттик администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер долбоорго байланыштуу кабатырлануусун билдирип чыккан.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп, президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар президент Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Бул мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратарын айтып, бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков бул мыйзамды өзгөртүү учур талабы экенин, долбоорду даярдоого жарандык коомдун өкүлдөрү катышканын билдирген.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG