Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Сотко нааразы саясатчы ачкачылык кармоону чечти


Бектур Асанов. 27.11.2020
Бектур Асанов. 27.11.2020

Саясатчы, Бектур Асанов мөөнөтсүз ачкачылык жарыялай баштады. Ал муну сотто акталбай, иши каралбай жатканы менен байланыштырууда. Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Асановду Борбордук шайлоо комиссиясы соттуулугу жоюла элек деген негиз менен жарыштан четтеткен.

Бектур Асанов койгон талаптары аткарылмайынча "наар албайм, суу да ичпейм" деп турган кези.

«Аягына чейин ушундай ыкма менен күрөшөбүз. Кыргызстанда болгон үч революция же төңкөрүш дейбизби, үчөө тең адилетсиз шайлоо өткөнү үчүн болгон. Биз муну Садыр Жапаровго, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага эскертебиз».

Саясатчы Бектур Асановдун бийликке койгон эки негизги талабы бар:

Биринчиси - Асанов “2016-жылы бир нече саясатчы менен кошо бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен өзүнө карата козголгон кылмыш ишин Жогорку сотто чукул арада кайра каралышын талап кылууда.

Экинчиси - келерки жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлерди социалдык тармактардан белгисиз аккаунттар аркылуу каралоону токтотуу, чектен ашкандарын укук коргоо органдары аркылуу таптырып, жазага тартуу.

Бектур Асанов койгон талаптарын мындайча чечмеледи:

«Мага 2016-жылы козголгон иш боюнча соттук отурум 25-ноябрда Жогорку сотто кайра каралышы керек эле. Бирок «соттук коллегиянын курамы толук эмес» деген негиз менен отурумду 10-декабрга жылдырышты. Мындан тышкары социалдык тармактарда өтө катуу талаш-тартыштар болууда. Башка пикирдеги адамдар, президенттикке талапкерлерлигин көрсөткөндөрдү сөгүп, каралап жатышат. Керек болсо коркутууга чейин барууда. Мындайлар болбош керек».

Асанов өзүнө байланыштуу сот иштери Жогорку сотто каралбай, башка күнгө жылып калышын саясаттан көрүүдө. Ал муну өзүн президенттик шайлоого катыштырбоо максатында атайын жасалган иш катары баалады.

УКМКнын жообу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун тарапкерлери деп эсептелген тараптардан агрессивдүү постторго жана социалдык түйүндөрдөгү коркутууларга байланыштуу чакырыктар жөнүндө билдирме таратты.

Мекеме бул жөнүндө президенттикке талапкерлигин жылдырган Бектур Асановдун сөзүн өзүнчө белгилеп, аны ашыкча эмоционалдуу деп баалаган. УКМК мындай билдирүү социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кадыр-баркына шек келтирет, коомчулукта нааразылык жаратат деп эсептейт.

Атайын кызмат Асанов мындай жол менен адамдардын эмоциясына ойноп жатканын маалымдап, анын жоопкерчилиги бар экенин эскертет.

«Башка жарандык активисттер жана саясий ишмерлер да жеңил пиар үчүн ушул сыяктуу фейк маалыматтарды таратып, кырдаалды атайылап курчутуп жатат. УКМК бардык укук коргоо органдары менен бул багытта тиешелүү жумуштарды улантат. Буга байланыштуу бардык жактарды кандайдыр бир чагымчыл чакырыктарды, туура эмес маалыматтарды жана күмөндүү видеоматериалдарды таратуудан карманууга чакырабыз», - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Асановдун аракетине баа

Бектур Асанов президенттик шайлоого катышуу ниетин 4-ноябрда билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берген. Бирок БШК 19-ноябрда Бектур Асановду «соттолгон» деген негиз менен президенттик жарыштан четтеткен.

БШК Асановдон башка президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирген 12 жарандын документин да артка кайтарган.

Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда саясатчылар Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков менен кошо «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен камалып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык караган, алар ошол жылдын 12-февралында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган.

Ушул жылдын 25-ноябрында анын иши Жогорку сотто каралмак. Бирок соттук коллегиянын курамы толук эмес деген негиз менен соттук отурум 10-декабрга жылган. Жогорку соттун маалымат катчысы Изати Шүкүралиеванын айтымында, буга Асановдун ишин караган судьялардын биринин ооруп калганы себеп болгон.

Бектур Асанов менен чогуу соттолгон дагы бир саясатчы Кубанычбек Кадыров соттук отурумдун жылышында саясий боёк жок деп эсептейт. Кадыров өзү да президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бирок аны дагы БШК соттуулугуна байланыштуу Асанов менен кошо жарыштан четтеткен эле.

«Сот биз үчүн жылып калган жок. Мен тактадым. Чынында беш-алты судья ооруп жатыптыр. Биздин ишти караган судья операция болуптур. Ооруканада экен. Менин оюмча сабырдуу болуп, күтө турганыбыз оң. Эгер бизге байланыштуу болсо анда саясий жагын карап көрсөк болмок. Саясатта жүргөн ар бир адам сөзүнө жооп берет. Мындан сырткары азыр эл, саясатчылар кыйналып бүттү. Бизге тынчтык керек болуп турат. Дүйнө коомчулугуна да жакшы жагыбыздан көрүнбөй калдык. Өзүм жөнүндө айтсам, мен ачкачылык кармабайм. Ал эми Бектур Асановду саясатчы катары сыйлайм».

Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талантбек Мамытов соттогу маселесин чагылгандай ылдам чечип алганын, аларга карата бардык соттук чечимдер жокко чыгып, ошондой эле абалда калган башка саясатчылардын иши каралбай жатканын сынга алган.

Ал жаңы бийлик келгени саясий куугунтукка кабылгандардын бир бөлүгү акталып, башкалары акталбай турганын «саясий парадокс» деп атаган.

Садыр Жапаровго 2017-жылы «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып коюлуп, 11 жыл, алты айга кесилген. 2019-жылы жазаны сот бир жыл, алты айга кыскарткан.

Жапаровду тарапташтары 5-6-октябрдагы тополоң маалында бошотуп, кийинчерээк, бир айга жакын өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп турду. Бул аралыкта Садыр Жапаровду жана анын саясий санаалаштары Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовду сот чукул арада актады.

Садыр Жапаров 16-октябрда президенттин милдетин аткаруучу болуп турган кезде жалпы кыргызстандыктарга кайрылып, саясий мотивдер менен соттолгондорго өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө убада берген.

Анткен менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев соттор эркин боло албай жатат деп сындады.

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«Бектур Асанов саясий куугунтукка алынганын аны менен катарлаш жүргөн саясатчылар ошондо эле түшүнгөн. Бирок анын сот иштеринин создугуп жатышына Садыр Жапаровдун тиешеси жок. Бул Атамбаев менен Жээнбековдун азабынан болду. Бирок сот системасы да өзгөрбөй жатат. Ошондуктан Бектур Асановдун ордунда ким болбосун ошондой кадамга барышы ыктымал эле».

Ал эми саясатчы Бектур Асанов 2016-жылы өзү менен чогуу бир нече саясатчыга козголгон кылмыш ишин Садыр Жапаровго карата 2013-жылы козголгон кылмыш ишине салыштырды.

«Эгер мен шайлоого барбасам, Садыр Жапаровдун да шайлоого барганга моралдык укугу жок. Экөөбүздүн абалыбыз бирдей. Керек болсо Садыр Жапаровдун беренеси меникинен оор. Жапаров экөөбүз тең Атамбаевдин режимине каршы күрөшкөнбүз. Анын айынан түрмөгө отуруп чыкканбыз. Садыр Жапаров кылган иши үчүн күнөөлөнгөн. Бизди болсо кылбаган иш үчүн күнөөлөшкөн. Биздин сүйлөшкөнүбүздү жаздырып алып “кылмыш жасоого аракеттенди” деп кармалганбыз».

Саясат талдоочу Марс Сариев Асановдун ачкачылык жарыялоо талабы боюнча мындай комментарий берди.

Марс Сариев.
Марс Сариев.

«Бектур Асановдун кадыр-баркы өлкөнүн түштүк аймагында көбүрөөк. Электораты бар. Бирок ал Садыр Жапаровго ачык атаандаш боло албайт. Башка талапкерлер да боло албайт. Караандашы да мүмкүн эмес. Анткени аймактарда эл Садыр Жапаровду колдоп жатпайбы. Кантсе да Бектур Асанов шайлоого катышууга кызыкдар. Анткени бийлик менен соодалашса болот. Шайлоого катыша албай калса, жээкте калышы мүмкүн».

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январга белгиленген. Шайлоого ат салышууга 65 киши арыз берген. Алардын бирөө партиядан болсо, калгандары өзүн өзү көрсөткөн. 30у коммерциялык эмес уюмдарда иштесе, 24ү убактылуу жумушсуз, бешөө мамлекеттик органдарда иштегендер, үчөө Жогорку Кеңештин депутаты, үчөө пенсионер.

Президенттикке талапкер болууга арыз бергендердин 16сы ар кандай себептер менен жарыштан чыккан.

Талапкерлерге банк мекемелеринен эсеп ачып, элден кол топтоп, шайлоо күрөөсүн төгүп, жетишпеген документтерин толуктоого 6-декабрга чейин убакыт берилет. Андан соң Боршайком документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерүүнү жүргүзүп, бул жараян 14-декабрга чейин уланып, каттоо мөөнөтү күндүн акырында аяктайт жана 15-декабрдан тарта шайлоо алдындагы үгүт башталат.

XS
SM
MD
LG