Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Башталбай жатып белгилүү болгон чечим. Сот кимдин буйругун аткарды?


Судья Уулкан Осмоналиева жана айыпталуучулар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов. Коллаж.
Судья Уулкан Осмоналиева жана айыпталуучулар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов. Коллаж.

17-июлда Сокулук райондук соту таза суу талап кылган акциядан кийин камалган блогер Эртай Искаков, Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовдун бөгөт чарасын катары менен карап, аларды эки айга камады.

Алгач блогер Искаковго чечим чыгып, андан кийин Балбаев менен Бекболотовго карата түнкү саат 12де камакка алуу чечимин кабыл алды.

Бирок Чүй облустук сотунун андан бир жарым саат мурун алардын камалганы тууралуу маалымат таратканы ар кыл суроолорду жаратууда. "Азаттыктын" сотко толук катышкан кабарчысына айыпталуучулардын адвокаттары чечимдин адилеттүүлүгүнөн шек санай турганын билдиришти.

Баштала электе чечими белгилүү болгон сот

"Чечимиңиз эки саат мурун эле интернетте жүрөт го", - адвокат Агзам Дүйшөналиевдин сот чечими чыккандан кийинки биринчи сөзү ушул болду. Анткени Сокулук райондук соттун судьясы Уулкан Осмоналиеванын бул чечими бир жарым саат мурун эле таратылып, белгилүү болгон.

Селекция, Сары-Өзөн конуштарына суу берилишин талап кылгандан соң кармалган Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алуу чечими түнкү 12ден өтүп кабыл алынды. Бирок мындан бир жарым саат мурун 22:22де Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов эки жарандын эки айга камалганын журналисттерге кабарлаган. Мындай билдирүү 100дөн ашык журналист катталган Жогорку Соттун ватсап тайпасына жиберилген.

Чүй облустук соту тараткан маалымат. Билдирүү 22:23дө келип түшкөн.
Чүй облустук соту тараткан маалымат. Билдирүү 22:23дө келип түшкөн.

Байгазиновдун расмий маалыматына таянып айрым сайттар жаңылык жазып чыкты. Бирок бул маалда чечим чыкканды мындай кой, сот баштала элек болчу. Бул жаңылык соттун башталышын күтүп аткан айыпталуучулар менен алардын адвокатынын маанайын түшүрүп койду.

"Б.Б.З. - мен коргоп аткан жаран. Бирок бөгөт коюу чарасын карай турган отурумга жете элекпиз. Мындай маалымат түшсө, демек судья чечим кабыл алып коюптур. Анда "эки айга камакка алуу" чечими мыйзамсыз. Анткени иш жүзүндө сот отуруму боло элек", - деди облустук сот тараткан маалыматты көргөндөн кийин адвокат Агзам Дүйшөналиев.

Эки айга камакка алынган Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов.
Эки айга камакка алынган Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов.

Облустук сот эки жарандын 15-сентябрга чейин камалганын кабарлагандан жарым саат өткөндөн кийин гана Балбаев менен Бекболотовдун баш коргоо чарасы боюнча отурум башталды. Бир жарым сааттан соң судья Осмоналиева таза суу талап кылып камалгандарды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

"Саат 12ден өттү. Сот отуруму жаңы бүттү. Бул факты боюнча тиешелүү органдарга кайрылабыз. Эгер соттун алдын ала маалымат таратканы аныкталса, анда жоопко тартылат деген ойдомун. Тартылыш керек. Соттун чечими отурумдан кийин гана жарыяланышы керек. Мыйзамдын талабы ушундай", - деди адвокат Дүйшөналиев.

Мыйзам боюнча судья отурумдун жүрүшүндө тергөөчүнүн, прокурордун жана адвокаттын жүйө, далилдерин угуп, андан соң чечим чыгарышы керек. Эмне үчүн соттун чечими алдын ала белгилүү болуп калды? Адвокат Агзам Дүйшөналиев Балбаев менен Бекболотовдун камакка алына турганы алдын ала чечилген деп эсептейт.

Таза суу үчүн сот: 1,5 саат мурда белгилүү болгон чечим
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00

Ал эми сот чечими чыга электе билдирүү тараткан Чүй облустук соттун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов маалыматты Сокулук райондук соту бергенин айтты. Биз аны менен болгон сүйлөшүүнү толук жарыялайбыз.

- Байыш мырза, кечээ Сокулуктан кармалган эки жаран боюнча маалымат бердиңиз. Ошону райондук сот менен тактап бердиңиз беле?

- Ооба, алардан сурап чыгарбаса болбойт да. Өзүм билбейм да аны.

- Эки жаран камалды деп он жарымда тараттыңыз. Бирок алардын отуруму 12ден өтүп бүттү да.

- Мага ошол он жарымда Сокулук району маалымат берди. Ошону силерге дароо жарыяладым.

- Маалыматты ким берет? Судьябы, же басма сөз катчысы барбы?

- Мен өзүм сурап алдым. Так маалыматты алдын ала бердим да. Суратпайчы.

- Жо, отурум баштала элек болуп атпайбы. Маселе ушунда.

- Мага берген маалыматты эле бердим.


Сокулуктун ушул эле судьясы ага чейин блогер, жыйынтыгы жокко чыгарылган Ленин районундагы шайлоодо талапкер болгон Эртай Искаковдун баш коргоо чарасын карап, аны да эки айга камакка алуу чечимин чыгарган эле. Сот залынан Искаков өзүнүн кармалышын жарандык активдүүлүгү менен байланыштырды:

"Менин сөзүмдү кыскартайын, оозумду жабайын деген иш-аракеттер болуп жатат. Буга чейин милицияларды тартып жүргөм, Ленин районунда талапкер да болгом. Мен ал жерге элдин көйгөйүн тартыш үчүн баргам. Мен барганда жол жабык болчу".

Үч адам Селекция жана Сары-Өзөн жаны конушунда эки-үч айдан бери таза суунун жоктугуна эл нааразы болуп чыккандан кийин кармалган. Жергиликтүү тургундар буга чейин да нааразы болуп, 3-июлда алар менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да жолугушкан. Анда маселе чечиле турганы айтылган эле.

14-июлда Сары-Өзөндүн жашоочулары кайра нааразылык акциясына чыгып, кечке жуук Жайыл баатыр көчөсүн тосушкан. Окуянын эртеси айрым тургундар суракка чакыртылып, үч жаран камакка алынган. Алар "Бейбаштык" жана "Жолдорду мыйзамсыз тосуп алуу" беренелери боюнча айыпталып атат. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы мындай маалымат тараткан:

"Селекция айылынын Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары ар кандай маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн ачылган Вотсап тайпада учурдагы көйгөйгө айланган суу маселесин да талкуулап келишкен. Ал тайпага ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер “Э.И.” кошулуп, жергиликтүү тургундар радикалдуу кыймыл-аракет жасабаса, суу маселеси чечилбесин айткан. Өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөрүн айтып, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды".


Эки айга камалган Эртай Искаков блогер катары таанымал болсо, Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов Сары-Өзөндүн катардагы тургуну. Жаңы конуштун дээрлик бардык тургундары соңку үч айдан бери таза суу берилбей жатканын айтып, бийликке, мамлекеттик мекемелерге кайрылып келишкен. Алар жол жапканга чейин да бир нече жолу акция өткөрүшкөн.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG