Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

"Эки саат сурак бердим". Таза сууга талап кантип саясатташты?


Эртай Искаковду сотко алып кирип бараткан учур. 17-июль, 2023-жыл. Сокулук
Эртай Искаковду сотко алып кирип бараткан учур. 17-июль, 2023-жыл. Сокулук

Сокулук райондук сотунун 17-июлдагы чечими менен таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалган үч адамдын бири, блогер Эртай Искаков эки айга камакта калды.

Ал 15-сентябрга чейин тергөө абагында болот. Блогердин бөгөт чарасын төрт сааттай карап чечим чыгаргандан кийин сот жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовдун бөгөт чарасын кароого киришти. Үч сааттан ашык убакытта, түнкү саат 12ден өткөндө аларды да 15-сентябрга чейин камакта калтырган чечим чыгарды.

Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов
Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов

Бир канча күндөн бери суудан мукураган Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Милиция 15-июлда нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырып, алардын ичинен митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаковду, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алган. Аларга "жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган" деген берене менен иш козголгон. Адвокаттар бул берене менен айыпталгандар үй камагына бошотулушу керектигин билдиришкен.

Сары-Өзөн жаңы конушунун 20дан ашык тургуну 16-июлда суу тартыштыгына нааразылык акциясынан кийин кармалган үч кишини бошотууну талап кылып чогулушту.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, топтолгондор президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдошту.

"Биздин суусуз отурганыбызга үч ай болду. Үнүбүздү жеткирүү үчүн, көңүл бурдуруу үчүн чогулдук. Аргасыз ушул кадамга бардык. Камалган үч адамды бошотууну суранабыз. Эгер камай турган болсо баарыбызды камасын!", - деди жыйынга келген жергиликтүү тургундардын бири Жыпар Курманалиева.

Сары-Өзөндүн 16-июлда чогулган тургундары. 2023-жыл
Сары-Өзөндүн 16-июлда чогулган тургундары. 2023-жыл

Эртай Искаков социалдык тармактарда активдүү. Ар кыл багытта өз ой-пикирин билдирип, видео жана башка материалдарды жарыялап турат. Блогер 14-июлдагы нааразылык акциясын видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарып турган. 15-июлда суракка күбө катары чакырылып, милиция бөлүмүнө баратканын "Азаттыкка" кабарлаган.

Ал 28-майда Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоодо талапкер болгон.

Искаков менен бирге кармалган Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовдун укугун адвокат Агзам Дүйшөналиев коргоп жатат.

Жактоочу митингге чыккандар саясий эмес, социалдык талаптарды көтөргөнүн, эч кандай бейбаштыкка барбаганын айтып, кармалгандарга карата туура эмес кине коюлганын айтты:

"Эл үч айдан бери суусу жок отурат. Көйгөй чечилген жок. Жашоочулардын жол тосууга чейин барганын бийликке үнүн жеткирүү аргасы деп бааласа болот".

Агзам Дүйшөналиевдин айтымында, кармалган үч кишиге жол тосуудан башка дагы бир берене менен айып коюлду.

"Алар биринчи көрсөтмө беришти. Суу жок болгонуна байланыштуу чогулуп чыкканын айтышты. Эч кандай бейбаштык жасаган жокпуз дешти. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин экинчи бөлүгүндөгү ("Бейбаштык, адамдар тобу тарабынан") жана 279-берене ("Жолдорду мыйзамсыз тосуп алуу") деген айып үчөөнө тең коюлуптур. Мыйзам боюнча бул эки берене менен айыптоо анча оор эмес кылмыштарга кирет. Ошондуктан булар үй камагына чыгарылышы керек. Анткени туруктуу жашаган жери бар, аты-жөнү такталган".

14-июлдагы акцияга Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун жүздөй тургуну чыккан.

Милиция чогулган элдин арасынан "күч органынын кызматкерлерине баш ийбей, таш ыргыткандар" болгонун, териштирүү маалында бул атайын уюштурулганы аныкталганын билдирди.



"Селекция айылынын Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары ар кандай маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн ачылган Вотсап тайпада учурдагы көйгөйгө айланган суу маселесин да талкуулап келишкен. Ал тайпага ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер “Э.И.” кошулуп, жергиликтүү тургундар радикалдуу кыймыл-аракет жасабаса, суу маселеси чечилбесин айткан. Өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөрүн айтып, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды. Буга байланыштуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) жана 280-беренеси (Бейбаштык) менен иш козгогон", - деп жазылган Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 15-июлдун түнү тараткан маалыматта.

Акциянын катышуучуларынын бир тобун милиция суракка чакырган. Арасында жергиликтүү жашоочу Тилек Нурбеков 15-июлда суракка кирип чыкканын билдирди.

"Кечээ мен сурак берип чыктым. Камайбыз деп коркутуп, үйдөн мажбурлап алып кетишти. Мен ошол күнү барган эмесмин. Болгону эл чогулуп бергиле деп группага жазгам, ошол үчүн эки саат суракка алып кыйнашты. Эл деген суу көйгөйү үчүн эле чыккан да. Канчадан бери суу деп жүргөнүн баарыңар эле билесиңер. "Эртайга акча бердиңер беле, аны жалдадыңар беле?" деп кайра-кайра сурады. Ал өз эрки менен үнүбүздү жеткирейин деп келди. Тайпада эмне сөз болсо ошонун баары делодо бар экен. Бирөө өлүм алдында, бирөө төрөткө баратса, силер жол бууйсуңар деп жатат. Болгону суу берсин деп чыктык. Суу жок болгонуна үч-төрт күн эмес, үч ай болду", - деди ал.

Аталган конуштун дагы бир тургуну Динара Сапалова да эскертүү алганын айтып берди:

"Мага милициядан чалып айтышты. "Сиз эле активдүү экенсиз. Жазбаңыз, айтпаңыз" дешти. Мен элди үгүттөгүдөй, мыйзамга каршы чыккыдай эмне сөз сүйлөдүм, эл өзү чыгып жатат. Азыр үч кишини камап салган туурабы десем, "өзүңүзгө залакасы тийип калбасын, балдарыңызды ойлоңуз, мен сизге юридикалык акысыз кеңеш берип коеюн" дейт. Көрсө, группага сүйлөгөндүн баары активист, козголоңчу боло берет турбайбы".

Жергиликтүү тургун Жыпар Курманалиева азыр конушту кечке маал патрул көзөмөлдөп жүргөнүн айтты:

"Кечкисин жаңы конушту патрулдар кыдырып жүрөт. Биз деген өкмөттөн бир нерсе талашып жаткан жокпуз да. Азыр кошунамдын балдары ичи өтүп, ооруп жатат. Же оорукана албайт алдарды. Сууну водовоз алып келет, андан биз желим бөтөлкөлөргө куюп алабыз. Ал бир күн тургандан кийин эмне болот билбейбиз".

Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков да 15-июлда милицияга кирип чыккан.

"Менден суу эмне болгонун, эмнеге эл чыгып жатканын сурады. Мен үч айдан бери суу жок отурганын, чынында эл суусуз кыйналып, нааразы болгонун айтып, түшүнүк кат жазып бердим. Ал эми бүгүн суу берилип жатат, бизди Орто-Алыш суу каналына кошту. Эки-үч көчөдө жок болушу мүмкүн", - деди ал.

Милиция жергиликтүү жашоочулардын эскертүү, сурак тууралуу айткандарына комментарий бере элек.

"Эки айдан бери таза суу жок". Какшыган конуштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:53 0:00

Суу жоктугуна нааразы болгон аймактын тургундары июндун аягында да нааразы болуп чогулушкан. 3-июлда алар менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айткан.

“Бизге убакыт бергиле, эки-үч жыл ичинде борборду дагы, Чүй облусун дагы суу менен камсыз кылуу маселесин толук чечебиз”, – деген Жапаров.

Аймакты суу менен камсыздаган "Бишкексууканал" ишканасынын башчысы Таалайбек Орозов 14-июлда акцияга чыккандар менен кезикти. Анда ал суу кезек менен берилип турарын убада кылды.

"Азыр бир сааттын ичинде система толсун, андан кийин сиздерге суу жетет. Мага азыр айыл башчыларынын номурларын берип койгула, мен тактап турайын. Кимде чыкпаса, мага айткыла. Азыр Арча-Бешикти жаап жатабыз. Эртең Арча-Бешик суусуз калат, бир күнү силерге, бир күнү Арча-Бешикке берип турабыз. Ал эми 25инде суу толук силерге жетет".

Аптапта Селекция, Орок, Ак-Ордо, Арча-Бешиктен тышкары Бишкектин четиндеги Ынтымак, Ала-Тоо конуштарынын тургундары ичүүчү суунун машакатын өзгөчө тартып жатат. Суу ушул аптада башкалаанын борбордук бөлүгүндө да эки күнгө токтогон.

"Азаттык" буга чейин борбордогу жана анын четиндеги суу тартыштын себебин түшүндүрүп берген.

Бишкекте таза суу эмнеге тартыш?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00

  • 16x9 Image

    Максат Кутманбеков

    Максат Кутманбеков "Азаттыктын" кабарчысы, Кыргыз-Орус Славян университетин 2018-жылы аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG