Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Башкы прокуратура Мадумаровду жоопко тартууга уруксат сурады


Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңеште "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Анын алдында Башкы прокуратура ушундай өтүнүч менен кайрылганы белгилүү болгон жана буга байланыштуу тармактык комитет чукул жыйынга чогулган.

Мыйзамга ылайык, башкы көзөмөлдөөчү органдан кайсы бир депутатты жоопко тартууга уруксат алуу тууралуу өтүнүч келип түшсө, Жогорку Кеңеш 48 сааттын ичинде жыйынга чогулуп, депутаттык комиссия түзүлүшү керек.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жетекчиси Медер Алиев аталган комитет буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүү чечимин кабыл алганына токтолду.

“Эртең менен Башкы прокуратуранын сунушу келип түштү. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө. Комитет кезексиз жыйынын өткөрүп, төмөнкү чечимге келди: Башкы прокурордун сунушу боюнча Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүү жөнүндө маселе киргизилсин", - деди Алиев.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Исхак Масалиев Мадумаровдун ишин кароодо регламент бузулуп жатканын айтты.

"Регламент боюнча кагаз колубузда болушу керек. Бир да депутат ушул күнгө чейин жашыруун документке жол таба элек. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарыбыз. Биз бирөөгө кошумча депутат эмеспиз. Тескерисинче, биз бирөөнүн кол алдында болуп калдык".

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Камила Талиева 48 сааттын ичинде комиссия түзүү сунушун сынга алып, "башкы прокурор Курманкул Зулушев жыйынга катышсын" деген талап койду.

"Ынтымак" фракциясынан депутат Балбак Түлөбаев Мадумаровду жоопко тартуу баш прокурор менен УКМК башчысын тирештире турганын айтты:

"Кыргызстанды бирөө чала баштады. Жакын арада баш прокурор менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин кармашына күбө болосуздар. УКМК жарандарды уксун деген мыйзамга баш прокурор өзү каршы чыкты. Протокол боюнча "Пандора кутусун" ачпагыла. Эртең бирөөңөрдүн башыңарга тиет. Протокол чатак".

Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Мадумаров “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, муну “100% саясий иш” деп атады.

"Орусия Федерациясында бир депутат бир багышты атып алды. Аны жоопко тартууну Думада караганда, баш прокурор өзү келди. Мен азыр мыйзамдуулук тууралуу айтып жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Комиссияны түзө бергиле. Баш прокурордун абийиринде болсун. Бул заман тез эле өтөт. Булут тарайт. Ошондо ал "мен жок болчумун, орун басарларым кылып коюптур" деп айтат. Азыр кесиптешим Балбак Түлөбаев айтты, аябагандай чоң күчтөр кырдаалды курчутууга аракет кылып жатат. Жалаң "Бүтүн Кыргызстандын" мүчөлөрү, депутаттары ушундай абалга кабылганы - бул саясий буйрук. Ошондуктан, комиссияны тезирээк түзүп карай берели".

Мадумаров: Мага “Чыккынчылык" беренеси менен иш козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

11-февралда бул Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров протокол иши боюнча күбө катары эле өтүп жатканын билдирди.

“Азыр күбө макамында. Себеби, Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаты. Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча биринчи уруксат алыш керек (Жогорку Кеңештен-ред.). Андан кийин кылмыш жоопкерчилиги квалификация болуп айыпкер катары жоопкерчиликке тартылат. Ага чейин күбө макамында болот”, - деди Камолидинов "Азаттыкка".

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары бир нече жолу сурак берген. Депутат муну бийликтин басымы катары баалаган.

Саясатчы 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ошол кезде ал Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырган. Бул иш боюнча Мадумаров менен Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров 19-январда беттештирилген.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атаган. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын айтып келет.

Талаштуу протоколдун таржымалы

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери суракка алынган протоколго 2009-жылы 3-мартта Тажикстандын Кожент шаарында кол коюлган. Кыргызстандан барган делегацияны ошол учурдагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров жетектеп барса, аны тажикстандык кесиптеши Амиркул Азимов баштаган топ тосуп алган. Документ жалпы тогуз пункттан турат. Талаштуу маселе анын экинчи пункту менен байланыштуу. Анда кыргыз тарап Тажикстандан 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алганы жазылган. Кыргызстан ал жерге көпүрө салып, Баткен - Исфана жолун салган.
Сөз болуп жаткан 275 метрлик жер Баткендеги Көк-Таш айылында жайгашып, кыргызстандыктарга Төрт-Көчө деген ат менен белгилүү. Ал жерден Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына алып барган жолу кесилишет.
Баткен менен Лейлекти байланыштырган мурдагы жол Тажикстандын Сурх, Чорку айылдарын аралап өтүп турган. 2007-жылдан кийин Баткен облусунда көз карандысыз жолдорду куруу аракети башталган.
2009-жылдан кийин салынган жаңы Баткен - Исфана жолу Тажикстандын айылдарын айланып, Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө тилкесинен Лейлек районуна өтүп кетет.
Адахан Мадумаров 2009-жылы протокол кабыл алынбаса, анда Баткен - Исфана жолу курулбай, Лейлек районунун тургундары мурдагыдай Тажикстандын айылдарын (Сурх, Чорку) аралап жүрмөк деген жүйөнү айтууда.
Протоколдо сөз болгон 275 метр жерди Тажикстан өзүнүкү деп эсептесе, кыргыз тарап талаштуу тилкелердин катарына кошуп келет. Бул маселеде Баткен - Исфана жолу өткөн Төрт-Көчө Кыргызстанга да, Тажикстанга да абдан маанилүү жер экенин түшүнүү керек. Эки өлкөнүн ортосунда чыр чыккан маалда тажик тарап Төрт-Көчөнү жаап, Лейлек району менен түз байланышты үзүп койгон учурлар кездешкен. Бир жыл мурдагы кыргыз-тажик жаңжалында дагы Төрт-Көчө бир нече жолу жабылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жетти. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады.

Чек арадагы соңку куралдуу тирештен кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу өтө турган болду. Ал 10-февралдан 15-февралга чейин Кыргызстандын аймагында өтөрү кабарланды.

Талаштуу тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арасында чыр-чатак байма-бай болуп турат. Былтыр жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштери козголгон.

Чек ара көйгөйү качан чечилет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:00 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG