Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Ошурахунова: Элдик эмес, хандык бийликти орнотуу аракети жүрүп жатат


Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Кыргызстанда Конституциянын коомдук талкууга коюлган жаңы долбоору жарандардын кызыкчылыгын коргоого эмес, президенттин бийлигин хандыкындай кылып бекемдөөгө багытталган. Мындай пикирин 18-ноябрда «Азаттыкка» укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди.

Ошурахунова сөз эркиндигине байланыштуу берене бийликти сындагандарды куугунтукка алууга жол ачарын айтууда:

«Бийликте жүргөн адамдарды, президентти болобу же депутаттыбы, кимиси тууралуу сын айтсак, «ар-намыска шек келтирди» деп жоопко тартып, ооз жапмай болот. Бул абдан коркунучтуу. Түшүнгөн ар бир адам кечээ жарыяланган долбоорду «Ханституция» деп атап жатат. Бул ханды алып келген, ханды күчөткөн Конституция. Экинчиден, адам укугуна жана эркиндигине доо келтирет. Бул укуктарга кепилдик берген беренесине кирип алып, ал жерди да бурмалап жиберишиптир. 30 жылдан бери демократиялык өлкө курабыз деген жетишкендиктерибиздин баарын жокко чыгаруу болуп жатат. Сунуш кылынган Конституция бир да жаранга, анын турмушун жакшыртканга багытталган жок. Парламентти жана өкмөттү алсыратып, курултай аркылуу кол көтөртүп, жалаң гана президенттин бийлигин, аны хан катары орнотууга багытталган».

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда көрсөтүлгөндөй, Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG