Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Кылымдык мурас калтырган Кыдыкеева


Бакен Кыдыкеева.
Бакен Кыдыкеева.

Бишкекте түрк тилдүү элдердин театр ишмерлеринин башын кошкон "Арт-ордо" театр фестивалы жыйынтыкталды. Эки жылда бир өтчү саамалык быйыл СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, атактуу актриса Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналды.

"Кыргыз искусствосунун энеси

20-кылымдагы көпчүлүк кыргыз тасмаларында энелердин ролун арбын ойногону үчүнбү, айтор Бакен Кыдыкеева улуттун энеси болуп калгандай элес калтырат. Жөн эле катардагы эне эмес санаачыл, ошол эле убакта кайраттуу, кыйынчылыктар майыштырганына карабай эртеңки күнгө ишенимдүү кадам таштай алган карапайым кыргыз энесиндей болуп калганы айрыкча анын Толгонайдай каарманынан көрүнбөдүбү. Бакен Кыдыкеева дегенде негедир көпчүлүк көрөрмандар дал ошол кинодогу Толгонайды, Толгонай тууралуу сөз болгондо Бакен Кыдыкееваны элестетип калышкан. Ушул жерден Кыдыкеевадай таланттан өз каарманын көрө билген, аны ачып бере алат деп ишеним арткан айтылуу алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да көсөмдүгүн айта кетсек ашыкча болбос.

Ошол учурда “Саманчынын жолун” тартуу ишин ал 24 жаштагы болочоктогу алп режиссер Геннадий Базаровго сунуштап, ал эми башкы каарман Толгонай эненин ролуна “Бакен Кыдыкееваны тарт” деп табыштап жатпайбы. Муну Базаров да эчен ирет ыраазы болуп айтып берген жайы бар.

Бакен Кыдыкеева.
Бакен Кыдыкеева.

Кыскасын айтканда, таланттардын биргелешкен эмгеги кино ишмерлеринин айтымында өз жемишин татыктуу бере алган. Ошон үчүн мындай чыгаан топтун мээнети менен тартылган тасмалар кезинде “кыргыз керемети” деп аталганы да бекер эместир. Ал эми мындай баанын артында Бакен Кыдыкеева баштаган артисттердин эмгеги жатат.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актёр Чоро Думанаев сахналашын мындайча эскерет.

Чоро Думанаев.
Чоро Думанаев.

“Бакен Кыдыкеева кыргыз искусствосунун энеси деп айтсам жаңылышпайм. Ал элибизге эмне үчүн кеңири таанылып калды? Анткени чыгармачыл жолунда ал жалаң энелердин ролун ойноду да. Кыргыз тасмаларынан сырткары театр сахнасында орус классикасы болобу, дүйнөлүк классика болобу, айтор жалаң энелердин ролун мыкты ойноду. Эми бул жашоодо ар кандай энелер болот да. Ар кимдин мүнөзү ар башка дегендей. Айрымдаары албуут мүнөздүү, сүрдүү болсо, айрымдары токтоо мүнөздүү, кээ бири акылдуу, жапакеч болот. А Кыдыкеева мындай түрдүү мүнөздөрдүн баарынын образын мыктылап ача билчү. Айрыкча өзүнүн баскан-турганы, тулку бою менен интеллигент айымдардын образдарын катыра ойночу. Себеби ал табиятынан ак сөөк, маданияты бийик айым эле”.

Бармактайынан сахнага келген Бакен

Атактуу театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкеева 1923-жылы Чүй облусунун Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Өнөр жолуна бармактайынан аралашып, 1936-жылы 13 жашка толгондо эле жаш көрүүчүлөр театрында Лопе де Веганын "Койлуу булак" драмасында Лауренсиянын ролун аткарган. Мына ушундан кийин болочок зор таланттын чыгармачыл чыйыры башталган.

Сахнага болгон көксөөсү артып, жетинчи класстык билими менен эле ата-энесине айтпай театрга кирип алган Бакен талапты катуу коё билген мугалим атасынын каршылыгына кабылат. Кокусунан чыгармачыл жашоосуна бурулуш болордо, сахна менен коштошуу катары ойногон Лауренсиянын ролу ага ийгилик болуп берет. Аны ийнине жеткире аткарган жаш актриса тууралуу жергиликтүү гезиттер жаза баштаганда атасы окуп калып, анын чыгармачыл адам болушуна макулдугун берет. Кийин анын ар бир ийгилигин колдогон күйөрманына да айланган дешет. Эгерде өспүрүм кыздын өжөр мүнөзү болбогондо балким чоң талант катары калыптана албай, өнөрү ошондо эле өксүп калат беле?

Бакен Кыдыкеева.
Бакен Кыдыкеева.

Өзүнө бийик талапты коё билип, терең изденген Кыдыкеева 1955-жылы кыргыздын алгачкы толук метраждуу "Салтанат" тасмасында да башкы ролду ойноп, тарых жараткан. Ушундай кийин анын өмүрү тасма менен сахнага байланды да калды.

“Бакен эжебиздин башка артисттерден өзгөчөлүгү өзүнө эле талапты катуу коё билбестен, бирге роль ойногон өнөктөш артисттерге да талапты катуу коёр эле. Сахнага жөн чыкпастан, аны терең сыйлачу. Образына терең түнөп, ичинен бышырып алып анан чыкчу. Бир жылы Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” повести боюнча спектакль коюлуп калды. Ал Танабайдын жубайы Жайдардын ролун ойногон. Чыгарманын бир эпизодунда Танабай Бүбүжандын үйүндө түнөп, эртеси келген жери бар. Ошол жерден аны Жайдар тосуп алганда сүйлөбөй туруп, көрүп баа берген жери бар. Болгону бир эле кыска сөзү бар. “Тур, барып кийимиңди кий” деген. Ошол жерди шумдуктай ойноп койгон. Кадимки Айтматов жазган чыгармадагы Жайдардын образы көз алдыга тартылат. Боорукер аялдын ички сезимдерин көз карашы менен түшүндүрүп койгонуна таңкалбай коюу мүмкүн эмес”, - дейт Эл артисти Эгемберди Бекболиев.

“Алгачкы” деген атка татыган

Бакен Кыдыкеева 1941-1944-жылдары Каракол жана Нарын облустук театрларынын актрисасы, 1944-жылдан баштап Кыргыз академиялык драма театрынын актрисасы болуп эмгектенген.

Кыргыз сахнасын өнөргө болгон сүйүүсү менен багынткан талант театр жана кинодо баш-аягы жүздөн ашык роль ойногон.

“Салтанат”киносунда Салтанаттын, Айтматовдун театр сахнасын алгач көргөн “Бетме-Бет” спектаклинде биринчилерден болуп Сейденин ролун ойногону үчүн жана Шекспир баш болгон дүйнөлүк классиктердин пьесаларында кыргыз актрисалардан алгачкылардан болуп кыргыз сахнасында образ жараткандыктан, аны замандаштары “алгачкы” деп аташкан.

Бакен Кыдыкеева.
Бакен Кыдыкеева.

Кыдыкееваны кезинде бир гана Кыргызстанда эмес, кошуна өзбек, казак киностудиялары байма-бай чакырып турушкан. 1968-жылы тартылган “Революциянын атчандары” деп аталган өзбек фильминде Комиссардын ролун ойногон.

Белгилүү театр сынчысы, Кыргыз эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов Кыдыкееванын ролдору, изденүүлөрү тууралуу мындай дейт:

Жаныш Кулмамбетов
Жаныш Кулмамбетов

“Жалпы эл үчүн Бакен Кыдыкеева белгилүү ролодору менен легендага айланса, театр ичинде да өзүнчө легенда болгон. Себеби ал “Курманбектеги” Айганыштын ролу аркылуу ошол учурда Тейитбектин ролун ойноп жаткан атактуу талант Муратбек Рыскулов менен чыгармачыл атаандаштыкка чыккан учуру бар. Аны баары жакшы билет. Анткени Мукебиз образга абдан кирип кеткенде сахнадагы өнөктөшүн сүрдүү көз карашы менен жалтанта тиктеген күчтүү актер эле да. Анан спектаклде Айганыш Тейитбектен Курманбекке ат сурап келген эпизоддо Бакен эже таптакыр Мукемдин көзүн карай албайт. Караса эле каардуу Тейитбек турат. Анан эже кантип ушул абалды жеңсем деп ойлонот. Анан 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 2-декадасына барышат. Ошол учурда эже чымырканып туруп Тейитбекти ойноп жаткан Муратбек Рыскуловдун көзүнө бөтөнчө тик карап, ат сураган жери бар. Ошондо Рыскулов чочуп кетип, сөзүнөн жаңылган да жайы бар экен. Муну көп артисттер айтышчу эле. Ошондон кийин Бакен эженин көзүн Рыскулов карай албачу дешет”.

Актрисанын мааракесине арналган "Арт-ордо" фестивалы

Ар эки жылда уюштурулуп келген "Арт-ордо" фестивалы быйыл кыргыз театр жана кино искусствосуна өчпөс из салган жаркын талант Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык маарекесине арналды. Бишкекте 25-29-сентябрь аралыгында өткөн фестиваль - түрк тилдүү элдердин театр ишмерлеринин башын бириктирген аянтча болуп калды.

Өзбекстандын Анжиян облустук музыкалуу драма театры койгон “Бабур. Кусалык” спектакли.
Өзбекстандын Анжиян облустук музыкалуу драма театры койгон “Бабур. Кусалык” спектакли.

25-сентябрда башталган "Арт-ордо" Назым Мендебаиров койгон “Төлгө” спектакли менен ачылып, төрт күн бою орус, түрк, азербайжан, казак элинин спектаклдери менен уланды.

Калыстардын чечими менен ондогон спектаклдердин ичинен К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры койгон "Күн кармаган бала" жана К. Куанышбаев атындагы казак мамлекеттик академиялык музыкалык драма театры койгон “Баян сұлу – Қозы Көрпеш” спектаклдери баш байгени жеңип алды.

Калибек Куанышбаев атындагы драма театрынын директору Жаудыр Айболат Жангали уулуна сыйлык тапшырылып жатат.
Калибек Куанышбаев атындагы драма театрынын директору Жаудыр Айболат Жангали уулуна сыйлык тапшырылып жатат.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялаган. Мындай чечим 2022-жылы ноябрь айында түрк дүйнөсүнүн маданий борбору саналган Бурса шаарында уюмдун 39-жыйынында кабыл алынган.

СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын бюсту өзүнүн атын алып жүргөн мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын фойесине орнотулду.
СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын бюсту өзүнүн атын алып жүргөн мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын фойесине орнотулду.

100 жылдык маарекесинин урматына карата атактуу актриса Бакен Кыдыкееванын бюсту өз атын алып жүргөн борбордогу жаш көрүүчүлөр театрына орнотулду. Ошондой эле анын сейрек сүрөттөрү Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын фойесине коюлду. Улуу талант менен катар трагедиялуу тагдырга кабылган Кыдыкееваны анын кесиптеш шакирттери даңаза кылып эскеришүүдө.

Эл артисти Шайгүл Алсеитова Кыдыкеева менен жалпы чейрек кылым бирге иштеген.

“Менин бактым ушул эже менен сахнада бир жоп иштешип калганым болду. Мен Бакен эженин сахнада келинин ойнодум, кызын ойнодум, мындан сырткары да кээ бир спектаклдерде өнөктөшү болдум. Бакен эже менен иштөөнүн өзү зор бакыт эле. Анткени анда ак сөөктүк сапат, тубаса бийик маданият бар эле. Өзүнүн 7-класс эле билими болсо да, жогорку окуу жайды, академияны бүткөн айрым артисттерден бир топ жогору эле. Анын элине калтырып кеткен эмгеги эч качан өлбөйт. Эрте кетсе да опол тоодой эмгек жасап кетти. 100 жылдыгына арналган мааракеде баарын көрүп-билип жатабыз. Эже дагы көбүрөөк жашаганда дагы да мыкты ролдорду аткармак”.

Бакен Кыдыкеева.
Бакен Кыдыкеева.

Актрисанын тагдыры

Кыдыкееванын ийгиликтери, бийик даңкы, анын бетке чабар мүнөзү айрым замандаштарынын, кестиптештеринин түн уйкусун бузган да учурлар болгон дешет. Айрымдары ал тууралуу түрдүү ушактарды таратып, актрисанын СССРдин эл артисти наамын алышына жолтоо болушат. Ушул учурларда Кыдыкеева кыргыз драма театры 1960-жылдардан кийин жаңы этапка түшкөн кезде болбогон шылтоолор менен театрдан иштен да айдалат. Ушундан кийин Кыдыкеева бир топ мезгил “Кыргызтелефильмге” кетип калат. Бирок актрисага буюрган тагдырдын бул сыноосу анын тасма талаасындагы дараметин дагы да курчутат. Арадан 7 жыл убакыт өтүп, 1967-жылы Октябрдын элүү жылдыгына карата кыргыз драма театрында Поповдун “Үй-бүлө” спектакли коюлушу керек эле. Бирок чыгармада Лениндин энеси Мария Александровнанын ролу үчүн татыктуу актриса табылбайт.

Жаныш Кулмамбетовдун айтымында, ошол учурдагы маданият министри Күлүйпа Кондучалова Бакен Кыдыкееваны кайра театрга алып келүү маселесин көтөргөндө, театр артисттери каршы чыгышат. Каарданган Кондучалова ошондо “Силердин эмне эки Бакениңер барбы?” деп, демилгесине бек туруп, актрисаны театрга алып келген. Таланттуу актриса дал ошол театрдагы Мариянын ролу үчүн 1970-жылы Токтогул сыйлыгына татыган. Ушул эле жылы СССРдин эл артисти наамы менен да сыйланган. Бирок 1989-жылы кайрадан театрдан экинчи жолу иштен алынган. Бул ага чоң сокку болгон. Кийин тилектеш кесиптештеринин көмөгү менен өзү башта эмгектенип кеткен жаш көрүүчүлөр театрына кабыл алынган, бирок кубанычы көпкө созулган эмес.

Эгемендиктин алгачкы өткөөл жылдары деле актрисага ого бетер түйшүк арткан шекилдүү. 1993-жылы 30-декабрда таланттуу актриса Бишкекте машине коюп кетип каза болгон.

Бакен Кыдыкеева азыркы күнгө чейин кыргыз киносунун жана театрынын бүтүндөй доору катары эскерилип келет. 70 жылдык өнөргө арналган өмүрү, чыйрак чыгармачылыгы дагы да аңыз кеп болуп айтыла берер.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG