Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:51

Банк төрайымынын суроо жараткан жарандыгы


 Евгения Судец. Коллаж.
Евгения Судец. Коллаж.

Кыргызстанда Мамлекеттик өнүгүү банкы түзүлүп, анын башкармалыгын Орусиянын мурдагы жараны Евгения Судец жетектемей болду. Ал мындан жарым жыл мурда жөнөкөй тартипте кыргыз жарандыгын алганын ишенимдүү булагына таянып, жергиликтүү агенттиктер жазып чыкты.

Улуттук банктын расмий өкүлү менчигинин түрүнө карабай банк жетекчилиги "кыргыз жараны гана болсун" деген талап жоктугун, ошол эле кезде Судецтин кантип жөнөкөй тартипте жарандык алганы персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамга ылайык ачык айтылбай турганын билдирди.

Мамлекеттик банк таштаган кадам

Кыргызстанда 100% мамлекеттин үлүшү менен Мамлекеттик өнүгүү банкы негизделип, анын укуктук жана уюштуруу маселелери аяктап калганы белгилүү болду. Мамлекеттик өнүгүү банкынын мамлекеттин атынан негизги жана бирден бир акционери Мамлекеттик мүлк фонду болуп саналат.

Бул тууралуу билдирген аталган мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров жаңы негизделген банктын негизги миссиясы аныкталып, анын директорлор кеңеши жана башкармалыгын бекитүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Азыркы кезде Мамлекеттик өнүгүү банкын түзүү жүрүп, ал Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, эсеп-кысаптар ачылды. Анын уставдык капиталына каражат салып, толуктоо иштери жүрүп жатат. Директорлор кеңешинин толук курамын бекитүү маселеси каралууда. Өнүгүү банкы биздин өлкөдөгү ири долбоорлорду каржылоо боюнча иштерди алып барып, эл аралык каржылык уюмдар менен ири кредиттик келишимдерди түзүп, инвестицияларды тартууга багытталган. Мында негизинен ири инфратүзүмдүк жана инвестициялык долбоорлорду каржылоого ылайыкташкан. Ал эми "Айыл банк" айыл чарбасын каржылоого, РСК банк болсо чакан жана орто ишкердикти насыялоого ыңгайлашкан. Бул үч мамлекеттик банктын миссиясы жана аткарган кызматтары ар башка".

Жаңы жетекчинин таржымалы: ВТБ банктын кадры

Мамлекеттик өнүгүү банкынын башкармалыгынын төрайымдыгына мурда Орусиянын жараны болуп кийин кыргыз жарандыгын алган Евгения Судецтин талапкерлиги Улуттук банктан макулдашуудан өткөнү кабарланды. Ал көп жылдар бою Орусиянын ВТБ банкынын тутумунда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Бир эле учурда Евгения Судец ВТБ банктын улук вице-президентинин кеңешчиси, "ВТБ капиталдын" башкы операциялык директору, "ВТБ капитал", "ВТБ активдерди жана инвестицияларды башкаруу" жана "ВТБ капитал пенсиялык резерв" сыяктуу аталган банктын түзүмдөрүндө финансылык директор, башкы директордун орун басары жана башкы директор болуп иштеген.

Ал мындан сырткары, Москва банкында башкы директордун орун басары, финансылык директор, "Россия-2" деген телекоммуникациялык холдингдин жана "Аэропорт альянс" деген нидерланддык компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Евгения Судец андан тышкары "ВТБ инфратүзүмдүк холдингинин" жетекчиси болуп турган.

"Коммерсант" басылмасы 2021-жылы ВТБ банкынын басма сөз кызматына шилтеме берип, Судец тууралуу маалымат жарыялаган.

ВТБ банкы Орусия быйыл 24-февралда Украинага кол салгандан кийин эл аралык санкциялар салынган орусиялык финансылык мекемелердин тизмесинде турат.

Жеңил жол менен жарандык берүү шарты

Economist.kg сайтынын маалыматында Орусиянын жараны Евгения Судец быйыл 18-июлда президенттин №239 жарлыгы менен жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кыргыз жарандыгын алган.

Бул эреже боюнча этникалык кыргыздар же мурда жарандыгын жоготкондор гана жеңил жол менен жарандык алат. Евгения Судецтин жарандык алышы мунун кайсынысына туура келери белгисиз.

Bulak.kg сайтынын башкы редактору Семетей Аманбеков чет элдик банкирге жеңил шарт менен тез арада жарандык берүү жана ага маанилүү мамлекеттик банкты жетектөөнү ишенип тапшыруу чоң суроо жаратарын айтты.

"Бул абдан туура эмес. Анткени жөнөкөй тартипте жарандык ала турган бир топ этникалык кыргыздар же мурда жарандыгын жоготкондор жарандык ала албай жүрөт. Бул жакта төрөлгөн болсо же этникалык кыргыздар арыз бергенде гана аларга жөнөкөй тартипте жарандык берилиши керек. Евгения Судец Орусиянын жараны экен. Ошондой эле анын орус жарандыгынан баш тартканы тууралуу да маалымат жок. Мурда ВТБ банкында иштептир. Анан такыр эле башка жактын жаранына жеңил шарт менен тез убакытта жарандык берип, мамлекеттик маанилүү банкты жетектөөнү ишенип тапшырууну мен түшүнгөн жокмун. Анткени Мамлекеттик өнүгүү банкында көптөгөн мамлекеттик маанилүү финансылык операциялар жүрөт. Ал жакта өтө жашыруун мамлекеттик сырлар дагы болушу мүмкүн. Ошол себептүү башка өлкөнүн жаранына жөнөкөй тартип менен жарандык берип, ага жоопкерчиликтүү кызматты ыйгаруу туурабы же туура эмеспи, бул чоң суроо жаратат. Биздин өлкө ичиндеги эле биздин жарандардан, кесипкөй банкирлердин арасынан деле бул банктын жетекчисин тандашса болмок".

Улуттук банк: төрайымдын жарандыгы боюнча маселе жок

Мамлекеттик өнүгүү банкынын башкармалыгынын жетекчилигин тандоо эрежеси Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк ишмердиги тууралуу" мыйзамга ылайык жөнгө салынат. Анда менчигинин түрүнө карабай банкты түзүүчү акционер же акционерлер банктын башкаруу курамын аныктап, директорлор кеңешин түзүп, башкармалыкты бекитет.

Башкармалыкка мүчөлөрдүн арасынан анын төрагасы жана орун басарлары дайындалат. Бул дайындоолорго талапкер көрсөтүү боюнча сунуштама Улуттук банк менен макулдашуудан өтөт. Анан анын жетекчилик курамы бекитилет.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева банк жетекчисинин кандай шарт менен жарандык алганы жабык маалымат экенин айтып, бирок коюлган квалификациялык талаптарда "сөзсүз кыргыз жараны болушу керек" деген талап жоктугун белгиледи:

Аида Карабаева, Улуттук банктын расмий өкүлү.
Аида Карабаева, Улуттук банктын расмий өкүлү.

"Улуттук банк көзөмөл функциясынын алкагында жетекчиликке көрсөтүлгөн талапкерлердин персоналдык же кызматтык маалыматтарын алат. Андай маалыматтарды ачыкка чыгарып, таркатууга бизге мыйзам тыюу салат. Ошондуктан биз мындай маалыматтарды бере албайбыз. Анткени ал макулдашуунун алкагында берилген. Негизи, биздин банктарда башка өлкөнүн жарандары деле иштей алат. Ал сөзсүз эле кыргыз жараны болушу керек деген талап жок. Бул шарт менчигинин түрүнө карабай, мамлекеттик болобу же коммерциялык болобу, бардык банктар үчүн бирдей".

Президент Садыр Жапаровдун №239 жарлыгына ылайык, Орусиянын жараны Евгения Судецке 2022-жылы 18-июлда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кыргыз жарандыгын берүүнүн негиздемеси көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда Мамлекеттик өнүгүү банкы тууралуу мыйзам кабыл алынып, анын ишмердиги жана артыкчылыктуу багыттары боюнча жобону өкмөт быйыл жайында бекиткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG