Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Акчаны электрондоштуруу: Кыргызстандагы секирик


Кыргызстандын улуттук валютасы - сом жана накталай эмес акчанын инструменттери.
Кыргызстандын улуттук валютасы - сом жана накталай эмес акчанын инструменттери.

Дүйнөдөгү олку-солкулуктун фонунда Кыргызстандын өкмөтү экономиканы накталай эмес акча жүгүртүүгө өткөрүүнү күчөттү. Бирок рыноктогу валюта тартыштыгы жана банктардагы ашыкча алымдар калкты кайра артка тартып жаткандай.

Салттуу түрдө Кыргызстанда нак акча иштетүү басымдуулук кылат. Өлкөдө башка мамлекеттер сыяктуу электрондук төлөм жана онлайн алып-сатуулар толук өнүккөн эмес. “Элдик экономика” түрмөгүндө бул жолу ушул тема талданды.

Үчүнчү секирик

Кыргызстандагы накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мекемелер аралык комиссия бул багытта ушуга чейин аткарылган иштерди корутундулап, тиешелүү тараптарга жаңы тапшырмаларды берди.

Комиссия мындан ары ири соода-тейлөө борборлорунан тышкары жайларда да нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө масштабдуу шарт түзүүнү буйруду. Анын ичинде кафе-ресторандарды, жеке медициналык клиникаларды, жеке билим берүү мекемелерин, саламаттык сактоо, тамактануу, транспорт жана маданий тармактагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди да бул жараянга жапырт ыңгайлаштыруу талабы коюлду.

Мекемелер аралык комиссияны жетектеген Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жаңы аракеттердин маңызын “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

Адылбек Касымалиев
Адылбек Касымалиев

“Эл аралык тажрыйбада деле накталай эмес акча төлөм жүргүзүүнүн көбөйүшү экономика үчүн жакшы нерсе. Биз маянаны же жөлөк пулдарды банктагы эсептерге, карталарга которсок, аны колдонуучулар кайра дароо эле чыгарып алып атпайбы. Ошону үчүн көп жерлерде банкоматтар болсун деп жатабыз, ал жакын болсо адамдар көп чыгарбай, эсебинде кармоого аракет кылат. Ошону менен бирге карта менен төлөй турган аппараттарды бардык жерлерге орнотушубуз керек. Ошол боюнча Улуттук банкка жана коммерциялык банктарга тапшырма бердик. Айталы, мамлекеттик кызматкерлер акчаны нак кылып албай, сатып алчу нерселерин карта менен төлөөгө өтө баштаса жакшы болмок”.

Нак акчанын катышуусу жок, банктык эсеп же башка каражаттар аркылуу эсеп-кысап жүргүзүү накталай эмес эсептешүү деп аталарын жакшы билебиз. Бул экономикада чоң мааниге ээ. Тагыраагы, ал капиталды жүгүртүүнү тездетет, рынокто нак акчаны кыскартат жана бир катар багыттарда чыгымдарды азайтат. Башкысы көмүскө экономиканы ачыкка чыгарат деп эсептелет.

Кыргызстанда бул багыттагы аракеттердин биринчи этабы 2003-2007-жылдары башталган. Экинчи этабы 2012-2017-жылдары ишке ашты. Бул аралыктарда улуттук төлөм системасы, улуттук карта жана башка программалар иштелип чыккан. Финансылык уюмдар интернет банкинг, мобилдик банкинг, электрондук капчык жана башка инструменттерди киргизди.

Улуттук "Элкарт" картасынын ар кайсы банктар чыгарган үлгүсү.
Улуттук "Элкарт" картасынын ар кайсы банктар чыгарган үлгүсү.

Маяна, пенсия, жөлөк пул жана башка бюджеттик каражаттардын басымдуу бөлүгү банктык эсептерге же банктык карталарга накталай эмес которула баштаса, ошол эле маалда салык, бажы алымы, айыппул, мамлекеттик кызматтардын кызмат акылары POS-терминалдары, төлөм терминалдары, электрондук капчыктар жана башка нерселер менен төлөнүп жатты.

Азыркы бийлик да кызматка киришкенден бери накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү аракеттерин күчөткөн. Муну үчүн жаңы жобо иштелип чыгып, тиешелүү комиссиянын курамы жаңыртылган.

Улуттук банк учурда үчүнчү этап катары – 2018 -2022-жылдарга жазылган мамлекеттик программа ишке ашырылып жатканын билдирүүдө.

Мекеменин Төлөм системалары башкармалыгынын жетектөөчү адиси Канат Ормонов андагы айрым жумуштар менен тааныштырды.

Улуттук банк
Улуттук банк

“Мамлекеттик программанын алкагында жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн да, юридикалык жактар ортосунда, үчүнчү жактардын пайдасына эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн, накталай эмес ар кандай ыкмаларды колдонуу менен кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Анын ичинде электрондук акча, интернет банкинг, мобилдик банкинг, уюлдук телефондорду пайдалануу менен төлөө, банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, QR коддор (эки өлчөмдүү штрих-код) жана башкалар өркүндөтүлүп жатат”, – деди ал.

Ормонов белгилегендей, ар башка төлөм системалары бир системага интеграцияланып жатат. Ал ошондой эле QR-коддор менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү боюнча системалар Улуттук стандартка дал келтирилип жатканын белгиледи. QR-код төлөм – бул кадимки мобилдик телефондун экранындагы код менен төлөм аткарылуучу система.

Улуттук банк мындан сырткары маркетплейс уюштурганы турат. Бул деген электрондук коммерция жүргүзгөндөрдүн, интернет-дүкөндөрдүн жана башка кызмат көрсөткөндөрдүн операторлорунун онлайн платформасы болот. Маркетплейсте алар көрсөткөн кызматтардын тизмеси жайгаштырылат. Башкы каржы көзөмөл мекемеси өзү бул тармактагы операторлордун реестрин түзөт.

Көзөмөл-кассалык машинелердин (ККМ) бир үлгүсү.
Көзөмөл-кассалык машинелердин (ККМ) бир үлгүсү.

Баса, жаңы Салык кодекси менен ишкердик чарбаларга Көзөмөл-кассалык машинелер (ККМ) милдеттүү түрдө киргизилип жатканына байланыштуу коомчулукта бир сыйра дүрбөлөң түшүп, басылды. Түпкүлүгүндө бул жабдуулар нак акчаны деле, накталай эмес акчаны деле төлөм катары кабыл ала берет, бирок баары бир ал экинчи формадагы төлөмдүн көбөйүшүнө шарт түзөт.

Ошондуктан муну да кыргыз өкмөтүнүн аталган багыттагы жумуштарынын бири катары караса болот. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМ аппараттарынын жөнүн ишкерлерге түшүндүрүп жатып, аны накталай эмес төлөм жүгүртүү менен байланыштырганы бекеринен эмес.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

“Эки жылдан кийин соода баары бир телефон менен болуп калат. Ошол мезгилде сиздерде, ишкерлерде Көзөмөл-кассалык машинелер турса QR-кодун коюп, кардарлар ыкчам төлөп коюп кете берет. 30 миң ККМдин баары мына ушуга ылайыкташкан. Анда бухгалтердик санагы да, товардык номенклатурасы да бар. Жарандар бармак изин басып, QR-код, мобилдик телефон менен төлөй алышат. Же банктык карта менен төлөйт. Азыр өзүбүздүн “Элкарт” картабызды 2,5 миллион чыгардык, биз мындан 7 миллион чыгарабыз. Элдин баарын картага өткөрөбүз. Мына ошондо баарыңар ыраазы болуп, накталай эмес төлөмдөрдү ала баштайсыңар. Жакшы эле ККМге өткөн экенбиз деп чыгасыңар”, – деген Акылбек Жапаров 7-июлда ишкерлер менен жолуккан учурда.

Кармалбаган акчанын эсеби

Ушунча болгон соң эми Кыргызстандагы бул жааттагы реалдуу абалдын өзүн карап көрөлү. Муну үчүн кайра эле Улуттук банктын маалыматтарына жана статистикаларына таянып сөзүбүздү улантабыз.

Башкы каржы көзөмөл мекемесинин Төлөм системалары башкармалыгынын жетектөөчү адиси Канат Ормонов өлкөдөгү акча массасынын нак жана нак эмес катышын пайыз менен бөлүп берди.

“2022-жылдын 1-июлуна карата нак эмес эсептешүүлөрдүн жалпы үлүшү 45,7% түзөт, ал эми нак түрдөгү эсептешүүлөр 54,3% ээлейт”, – деди ал “Азаттыкка”.

Ормонов муну атайын формула менен чагып санаганын билдиргени менен тиешелүү суммалардын номиналдык көрсөткүчтөрүн атоодон карманды. Бирок ал сандар жабык маалымат эмес жана аны өз алдыбызча талдаганга аракет кылып көрөбүз. Болгону Улуттук банктын формуласы бизге белгисиз болгону үчүн пайыздык көрсөткүчтөр аз-маз айырмаланып калышы мүмкүн.

Демек, быйыл жарым жылдын жыйынтыгында Кыргызстандагы акча массасы 360 миллиард сомду түздү. Муну адистик тилде Кеңири мааниде колдонулуучу акча массасы (M2X) деп атап коюшат. Бул өлкөдөгү жарандардын, ишкерлердин, компаниялардын, уюмдардын жана мамлекеттин ээлигиндеги нак жана нак эмес акчанын жыйындысы. Аталган суммага улуттук жана чет элдик валютадагы акчанын баары кирет, бирок сом менен көрсөтүлөт.

Кыргызстандагы акча массасынын динамикасы. Улуттук банктын маалыматы.
Кыргызстандагы акча массасынын динамикасы. Улуттук банктын маалыматы.

Жалпы акча массасынын 150 миллиард сому банктардан тышкары же элдин колунда турат. Ал эми 209 миллиард сом банктарда турат, эсептерде же депозитте. Ошондо биздин эсепте өлкөдөгү бар акчанын 41,75% накталай түрдө, 58.25% накталай эмес түрдө болуп чыкты. Эгер муну беш жыл мурдагы көрсөткүчтөргө салыштырсак, номиналдык көлөм өскөнү байкалат, бирок пайыздык катыш ошол эле бойдон.

Финансист Асланбек Кененбаев Кыргызстанда накталай эмес акча кармоо жылдан жылга өнүгүп жатканын, келерки эки-үч жылда дагы да жаңы секириктерге туш болорун белгиледи.

Асланбек Кененбаев
Асланбек Кененбаев

“Азыр ички дүң өнүмдүн өсүп жатканы, салыктын көбөйүп жатканы экономика өнүгүп жаткандан эмес, көмүскө экономика ачыкка чыгып, накталай эмес төлөм көбөйө баштаганын түшүндүрөт. Мен билгенден акыркы жылдары накталай эмес төлөмгө өтүү үчүн бир топ шарттар түзүлдү. Ошол эле салыкты нак төлөсөң көбүрөөк төлөйсүң, накталай эмес төлөсөң азыраак бересиң деген бир жеңилдик. Угушумча, мүмкүн болушунча көбүрөөк шарт түзүү үчүн банкоматтарды, терминалдарды кошумча нарк салыгы жок киргизе башташыптыр. Инфратүзүм дегенде, элдин баарында смартфон болуп калды, онлайн төлөм, накталай эмес акча үчүн ошол деле жетет. Болгону бизде дагы Орусиядагы “Тинькофф”, Казакстандагы Kaspi сыяктуу онлайн банктарды уюштуруш керек. Мен билгенден Аман Тентиев деген ишкер онлайн банкка лицензия алды. Мына ушуга окшогон нерселерди көбөйтүп, шарттарды мүмкүн болушунча жарата бериш керек. Менимче, жакынкы жылдары “жарылуу” болгон сыяктуу секириктер болот”.

Дүйнөдө Канада, Швеция, Австралия, Улуу Британия, Франция, Кытай, АКШ, Германия, Норвегия, Дания, Жапония, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттерде экономика 85-90% накталай эмес формага өткөнү белгилүү. Аларда калктын 15-20% эле нак акча алып жүрбөсө, калгандары банктык карта, электрондук капчык, телефон же башка нерселер менен эсеп-кысапка өткөнү маалым. Айрым мамлекеттерде накталай эмес төлөмдү 100% чейин жеткирүү демилгелери айтылып келет.

“РИА Новости” маалымат агенттиги Борбордук банкка таянып келтирген маалыматка ишенсек, Орусия быйыл 75% накталай эмес эсептешүү жүргүзүүгө өттү. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстанда көрсөткүч ушуга жакын, Өзбекстан менен Тажикстанда абал Кыргызстанга окшошураак. Ал эми Түркмөнстан бул жаатта кыйла эле артта.

Украинадагы согуштан улам Орусияда чет элдик валюталар тартыш болгону Кыргызстанга да таасир этти. Кыргызстандыктар чет жактан которулган доллар же еврону ала албай, бир сыйра чуу чыкты. Айрымдар ал тургай өз эсебиндеги акчасын чыгарууда тоскоолдуктарга дуушар жатты. Себеби банктар накталай эмес акчаны накка айлантуу үчүн 3-5% комиссия сурап турушту.

Мына ушуга окшогон жагдайлар айрымдарды акчасын банктарда кармоодон кыйла чочулаткандай болду.

Финансы жаатындагы эксперт Бакыт Сатыбеков ушул жерден мындай үн кошту:

Бакыт Сатыбеков
Бакыт Сатыбеков

“Албетте, накталай акча кармоо бир чети мурдатан адат болуп калган. Адамдар колунда турган, кармай турган нерсеге ишенип, көнүп калышкан. Ал тургай ошол эле өнүккөн өлкөлөрдө накталай эмес төлөм жүргүзүүгө бардык шарт бар экендигине карабай, коомдун кайсы бир бөлүгү баары бир нак акча кармап кала берет. Көпчүлүк накталай эмес төлөмдөргө өтүү үчүн банктарга ишениш керек, инфратүзүмдөр болушу шарт. Маселен, ошол эле чет элдик валютаны накталай түрдө чыгарып алууга киргизилген чектөөлөр, бул үчүн 5% комиссия сыяктуу нерселер анын баарын кайра артка тартат. Мен дагы июлда банкоматтан долларды эч чыгара албай койдум. Банктарда кезек көп болчу, көп адамдар ушуга даттанып чыгышты. Ушуну ким кылды? Бийлик, Улуттук банк өздөрү кылды да. Накталай акча жетишпей жатабы, аны ачык айтыш керек болчу. Мамлекет улуттук валютанын чет элдик валютага алмаштырууга, эркин жүгүртүүсүнө кепилдик берет да. Албетте, мына ушуга окшогон жагдайлар калкты мамлекетке, банктарга ишенбөөгө алып келет. Натыйжада жарандар мүмкүн болушунча акчасын накталай сактоого аракет кыла баштайт”, – деди ал.

Согуштук кырдаалдан улам ошол эле Орусияда эл аралык банктык карталар иштебей калып, ал жактын тургундары Грузия, Армения, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан сыяктуу мамлекеттерге келип, эсеп ачып, карта алган учурлары арбыды. Эл аралык басылмалар жазгандай, быйыл жыл башынан бери эле Кыргызстанда карта берүү 40% көбөйгөн. Бул дагы Ала-Тоодогу акчанын нак эмес формага ыкчамыраак өтүшүнө түрткү бергенсиди.

Инструменттер: коопсуздук жана ыңгайлуулук

Накталай эмес акча жүгүртүүнүн жалпы көлөмү жөнүндө сөз кылгандан кийин анын инструменттерин колдонуудагы статистикаларды да келтире кетели. Улуттук банктын маалыматтарына таянсак, мында да көрсөткүчтөр жылдан жылга көбөйүп жатат экен.

Муну үчүн биз үч инструментти – банк карталарын, электрондук капчыктарды жана төлөм терминалдарын алалы. Башта банктык карта жөнүндө айталы.

Жогоруда белгилегенибиздей, Кыргызстан өзү “Элкарт” деген улуттук картасын иштеп чыккан. Анын экинчи версиясы катары кытайлык төлөм менен биргеликте “Элкарт-UPI” картасы аз-аздан колдонууга берилип келет. Өлкөдө эл аралыктардан Америка Кошмо Штаттарынын VISA, Master Card карталары, Кытайдын Union Pay (UPI) жана Орусиянын “Золотая Корона” карталары иштейт.

Кыргызстандагы банк карталарынын түрлөргө карата бөлүнүшү.
Кыргызстандагы банк карталарынын түрлөргө карата бөлүнүшү.

Эгер статистикага таянсак, 1-июлга карата банк карталарынын саны Кыргызстанда 4,3 миллионго жетти. Мунун 60% жергиликтүү карта, 40% эл аралык карта. Эң көбү “Элкарт” картасы – 2,6 миллион, экинчиси VISA картасы – 1,5 миллион. Бул сандар беш жыл мурдагы – 2017-жылкы көрсөткүчтөргө караганда эки эсеге көптүк кылат.

Карталар аркылуу төлөм жүргүзүү же транзациялардын өзүн алсак, ал да кыйла өскөнүн көрөбүз. Ошол эле 2017-жылдын алты айында 7,3 миллион транзакция аткарылып турса, 2022-жылдын алты айында көрсөткүч мындан төрт эсе ашыптыр. Быйылкы жарым жылдагы сан ал тургай былтыркыга караганда да кыйла көптүк кылат экен.

“Отчеттук жылдын (2022-жыл) II чейрегинин жыйынтыгы боюнча карттарды колдонуу менен 30,8 миллион транзакция аткарылган, мында жалпы 120,1 миллиард сом төлөм жүргүзүлгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда транзакциялардын көлөмү 50,3%, төлөмдөрдүн көлөмү 23,9% көбөйгөн”, – деп үн кошту Улуттук банктын өкүлү Канат Ормонов.

Кыргызстандагы банктык карталар жана алар аркылуу аткарылган транзакциялар.
Кыргызстандагы банктык карталар жана алар аркылуу аткарылган транзакциялар.

Масштаб канчалык өскөнүн түшүнүү үчүн биз карталар аркылуу айланган акчаны кайра эле беш жыл мурдагыга салыштырып көрөлү. 2017-жылдын алгачкы эки кварталында анын суммасы 35 млрд. сомдон араң ашкан болсо, 2022-жылдын алгачкы жарымында бул көлөм 120 млрд сомдон көп болуп жатат. Мындан биз жарандардын картаны көбүрөөк пайдалана баштаганын түшүнүп жатабыз.

Кыргызстанда өнүгүп бараткан экинчи инструмент бул – электрондук капчыктар. Эгер жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк, электрондук же мобилдик капчык кадимки эле банктарда ачылган эсепке окшош. Болгону бул жерде банктагы эсеп эмес, телефон номери капчык катары милдет аткарат. Башкача айтканда акча банктык эсепте эмес, мобилдик номерде сакталып турат. Ал ыңгайлуу жана жөнөкөй болгондуктан колдонгондор жыл сайын арбып баратат.

Учурда өлкөдөгү коммерциялык банктар менен уюлдук операторлор ээлик кылган электрондук капчыктардын тогуз түрү бар. Алар “Элсом”, Umai.kg, Balance, О!Деньги”, MegaPay сыяктуулар. Кезинде мобилдик капчыктардын түрлөрү 10-15ке чейин жеткен учурлары болгон, бирок айрымдары кайра иштебей калган.

Бирок жалпы жонунан ишмердүүлүгүн улантып жаткан мобилдик капчыктарды колдонгондор көбөйүүдө. Эгер беш жыл мурда – 2017-жылдын ушул маалында өлкөдө электрондук капчыктын колдонуучулары 500 миңге жакын болсо, азыр алардын саны 5 миллиондон ашты. Бул дээрлик 10-11 эсе көп дегенди түшүндүрөт.

Кыргызстандагы электрондук капчыктардын динамикасы.
Кыргызстандагы электрондук капчыктардын динамикасы.

Адистер Кыргызстанда бир эле электрондук капчык түзсө ал ыңгайлуу да, коопсуз да болорун билдиришет. Эксперт Бакыт Сатыбековдун ушул тууралуу оюн кошолу.

“Индия куду ушул жол менен кеткен. Алар кытайлык миллиардер Жек Манын “Алибаба” компаниясы менен келишим түзүп, электрондук капчык уюштурган. Ага керектүү бардык инфратүзүмдөрдү жараткан. Бардык эсептешүүлөр Борбордук банк аркылуу жүргүзүлөт. Бул адамдардын ишеничин жаратат, эч ким акчасы кайдадыр жоголуп кетет деп ойлобойт. Мында банктык эсеп эле электрондук капчыктарга туташтырылган, акчаны башкага которсоң, ал анын банктык эсебине түшөт. Анан бирдиктүү мобилдик капчык болсо, бул адамдар үчүн кыйла ыңгайлуу, бири-бирине каражаттарды ээн-эркин которо алат. Казакстанда да мамлекеттин колдоосу жок эле Kaspi Pay деген электрондук капчыкты киргизип, кыйла алдыга кетип калышты. Бизде баары башаламан кетип баратат. Банктар өз мүмкүнчүлүгүнө жараша капчык ачышат, анан түрү көбөйүп кетип жатат. Эгер бирдиктүү капчык болсо, акча которуу жана башка нерселер ыңгайлуу болмок”.

Эгерде электрондук капчыктардын ичинде жүгүртүлүп жаткан акчаны карасак, алгачкы алты айда бири-бирине которуулар 4,9 млрд. сомду түзгөн жана товарлар менен кызматтарды капчык аркылуу төлөө 5 млрд. сомго жеткен. Муну беш жыл мурдагыга эмес, былтыркыга салыштырганда эле 1,5-2 эсеге көптүк кылып жатат.

Тизмебиздеги үчүнчү инструмент бул – төлөм терминалдары. Адистик тилде cash-in же акча кабыл алуучу автоматташтырылган жабдуулар ушинтип аталат. Эгер 2017-жылдын баштапкы жарымындагы статистиканы карасак, Кыргызстанда болгону 3 816 төлөм терминалы болгон, ал эми 2022-жылдын алгачкы жарымында бул 10 395 даананы түздү. Мындан биз беш жылда аталган аппараттар дээрлик үч эсе өскөнүн көрүп жатабыз.

Бул терминалдар аркылуу 2017-жылдын жарым жылында болгону 6,1 млрд. сомдук төлөм жүргүзүлсө, 2017-жылдын алгачкы жарымында колдонуучулар 41,1 млрд. сомдук төлөм жасашкан. Бул дагы жарандар терминалдарды барган сайын көп колдонуп жатканын көрсөтөт.

Кыргызстанлагы төлөм терминалдарынын динамикасы.
Кыргызстанлагы төлөм терминалдарынын динамикасы.

Эгер соңку статистиканы карасак, жарандардын көбү терминалдарды банк эсебин толтурууга пайдаланган жана анүчүн 10,9 млрд. сом салган. Кийинки орунда мобилдик балансын толуктоо турат, жарандар 8,4 млрд. сомду бирдик үчүн аппаратка киргизген. Коммуналдык кызматтарга төлөө, салык жыйымдары, жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптык төлөмдөр, мамлекеттин бюджетине башка төлөмдөр үчүн 1,8 млрд. сом жүктөсө, калган суммалар башка кызматтарды төлөө үчүн салынган. Бул суммалар да көбөйүп жатканы көрүнүүдө.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG