Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:46

"Балким тирүү...". Дастандын апасы бийликке кайрылды


Дастан Анарбеков апасы Сауле Иманалиева менен
Дастан Анарбеков апасы Сауле Иманалиева менен

Баткендеги чек ара жаңжалынан кийин 21 жаштагы Дастан Анарбеков ушул күнгө чейин дайынсыз болууда. Дастандын апасы Сауле Иманалиева уулун таап берүү өтүнүчү менен президентке кайрылды.

Баткендеги "Достук" айылындагы чек ара тозотунун жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан Дастан Анарбеков 17-сентябрдан бери дайынсыз.

Дастан Анарбеков - Баткендеги "Достук" чек ара тозотунун жетекчисинин орун басары болгон.
Дастан Анарбеков - Баткендеги "Достук" чек ара тозотунун жетекчисинин орун басары болгон.

Ал ушул жылы Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков аскер окуу жайын аяктап, Баткенге иштөө үчүн бир ай мурда барган.

14-16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин Дастандын ата-энесине анын курман болгонун угузуп, кара кагаз беришкен. Бирок ушул күнгө чейин анын сөөгү келе элек.

Дастандын атасы Алмаз Иманалиев уулу курман болду деген кабарга ишенбей Баткенге чейин издеп барганын айтууда.

"Военкоматтан, акимчиликтен келген кишилер "Уулуңуз эрдик кылды, курман болду" деп угузушту. Биз баламдын өлгөнүнө ишенген жокпуз. 18-сентябрда Баткенге бардык. "Достук" тозотуна жетпей Карабак деген айылга бардык. Ал жерден эч кимге жолуккан жокпуз. Жоокерлер тазалоо иштерин жүргүзүп жатыптыр. Андан баламды карап койгула деп сурандык. Заставага атышуу болуп калышы мүмкүн дешкенинен бара алган жокмун. Бери жакта күтүп турдук. Анан аскерлер карап, "жок" деп чыкты. Ооруканаларды кыдырдык. Колго түшүп чыккандар менен сүйлөштүк. Ооруканадагы кайтыш болгондорду да көрүп чыктык, тапкан жокпуз. Болду ошо менен ДНК тапшырып коюңуз деди".

Алдын ала маалыматтар боюнча 22 жаштагы Дастан, Достук айылындагы мектепте жарылып кеткен деген маалымат анын жакындарына жеткен.

Бирок мындай айың кепти эч бир тарап ырастаган эмес. Дастандын апасы Сауле Иманалиева бийлик башчыларына кайрылып уулун таап берүүнү өтүнүүдө.

"15-сентябрда саат 12 лерде чалсам алган жок. Анан кайра 3төрдө чалды мага, "Апа мен бошой албай калдым. Ташиев келе жатыптыр, күтүп жатабыз" деди. Түнкү 10 до кайра чалды. "Апа Ташиевди күтүп жаттык эле, Лейлекке өтүп кетиптир, эртең эртең менен келет дешти. Биз жак тынч эле сарсанаа болбоңуз" деп жазган мага. 16-сентябрь түштөн кийин чалсам телефону өчүп калыптыр. Ошондон кийин чалып ала албай койдум. Уулум келет, мен ишенем. Президентке, Камчыбек Ташиевге кайрылабыз. Издөөнү токтотпосун, өзү жеке көзөмөлүнө алып биздин балабызды таап берсин. 16-17-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат".

Аскер окуу жайын кызыл диплом менен аяктаган Дастан Анарбековдун жакындары ал тууралуу кандай маалымат болсо дагы кабар берүүнү коомчулуктан өтүнүп жатышат.

Дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселеси 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинде көтөрүлгөн.

“Ата-энеси аябай сарсанаа болуп, кайгырып, күтүп жатат. Ушул боюнча эмне иш жүрүп жатат, эмне болуп жатат, күч органдары жыйынтык маалымат берип койсо...”, - деген депутат Дастанбек Жумабеков.

Бул маселе боюнча комитеттин атынан протоколдук тапшырма берилмей болгон.

"Танктын ичинде күйүп кеткен..."

26-сентябрда "Ата Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон үч аскер кызматкери - Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди.

Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаңыбай уулу Тилек.
Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаңыбай уулу Тилек.

Алар аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кеткен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган. Сөөк коюу зыйнатына маркумдардын жакындары, мамлекет башчы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны коргоп жатып, курман болгон аскер кызматчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында "Ата Бейит" мемориалдык комплексинде эстелик орнотуларын айтты.

26 жаштагы Тилек Жаңыбай уулу 2014-жылы Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы орто мектепти аяктаган. Баткендеги "Бужум" чек ара бекетинде кызмат өтөп, андан соң келишимдик негизде ишин улантып жаткан. Тилек жакындары менен акыркы жолу 16-сентябрда байланышка чыккан.

"Вотсап менен сүйлөштүк кыска эле. "Аке, абал кыйын болуп жатат" деп эле өчүрүп койду. Андан кийин билген деле жокпуз, бул убакка чейин мындай окуялар. Тынч эле болуш керек дегенбиз. Ошо менен 17-сентябрда өтүп кеткенин уктук. Сөөгү келе жатканын айтышты. Бирок сөөгү келген жок. Бала-Сарууга Баткенде курман болгон бир баланын сөөгү келди. Бакай-Атадагы военком "Ошто сөөгү турат, самолетко батпай калыптыр, эртең чыгат деген", - деди Тилектин агасы Тынчтык Жаңыбай уулу.

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп турган күндөрү аскер бөлүктөгү командирдин милдети убактылуу Тилекке жүктөлгөнү белгилүү болгон.

Тилектин апасы Магира Кайкиеванын айтымында, уулунун ДНК-анализи чыга элек. Күл болгон сөөктөрдүн ДНКсы Казакстандын Алматы шаарына жиберилген, анализ бир айда чыгышы мүмкүн.

Жаңыбай уулу Тилек 2021-жылы Орусияда өткөн танкалык биатлон мелдешинде жеңишке жетип, президенттин колунан сыйлык алган. Ал беш бир туугандын эң кенжеси. Жакындарынын айтымында ушул жылдын октябрь айында үйлөнүүнү пландап жаткан.

Тилек Жаңыбай уулу Президент Садыр Жапаровдон сыйлык алуу учуру
Тилек Жаңыбай уулу Президент Садыр Жапаровдон сыйлык алуу учуру

Чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлердин арасында төрт жоокер Талас облусунун тургундары экени айтылууда. Алардын катарындагы Чыңгыз Акчалов менен Рамазан Бактияр уулу кичи мекенинде жерге берилген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон кыргызстандыктардын саны ушу тапта 62ге жетти. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Дастан Анарбеков жана Тилек Жаңыбай уулу тууралуу видео.

Баткен: “Кара кагазы” келип, сөөгү жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:41 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG