Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Баткен сапары: Нес болгон дипломаттар...


Баткендеги чек арадагы айылдарга барган дипломаттар, 22-сентябрь, 2022-жыл.
Баткендеги чек арадагы айылдарга барган дипломаттар, 22-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер кирген чоң топ Баткенге барып, чек арадагы куралдуу кол салуудан жакындарын жоготкон тургундар менен жолугуп, талкаланып, өрттөлгөн айыл-кыштактарды көрүштү. Алар менен сапарлаш болгон "Азаттыктын" кабарчысы Токтосун Шамбетовдун блогу.

Кыргыз өкмөтү билдиргендей, бул сапардын максаты Баткенге куралдуу кол салуу болгонун эл аралык коомчулукка ачык көрсөтүү эле. Бирок белгилүү себептерден улам дипломаттар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү каргашадан кийинки көргөнүн маалымат каражаттарына жарыялоого болбойт дешти. Андыктан бир күндүк сапарды жөнөкөй сөз менен баяндап берейин.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абалды коопсуз деп айтуу али эртелик кылат. Ошол себептен бизге сак болууну кайра-кайра эскертип жатышты. Эртең менен саат тогуздарга жакын элүүдөн ашык киши Раззаков шаарындагы аба майданына түштүк. Абанын табы 30 градуска жетип, жай саратан кете электей таасир калтырат.

Аэропортто коопсуздук кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан экен. Ондой машинеге бөлүнүп отуруп, Лейлектин чек арадагы Интернационал айылына жөнөдүк. "Элчи менен ырчыга өлүм жок" дегени менен коопсуздук үчүн ар бир машинеде куралданган күч кызматкерлери отурду.

Буга чейин эле "Азаттыктын" журналисттери Лейлектеги калк соода-сатык кылган “Достук” базары өрттөлүп, талкаланганы тууралуу видео баян берген.

Уккан, интернеттен көргөн башка эмеспи. Жыйылган товар, жер-жемиш текчеде турган жеринен өрттөлгөн, чачылып жаткан күрүч, дагы деле түтөп турган ашканада оор үшкүрүнүп үч-төрт киши айланып басып жүрөт. Өзүн Манасбай деп тааныштырган базардын кароолчусу бизди тосуп чыкты.

“Мына көргүлө! Сөздүн кереги жок”, - деген ал 16-сентябрь таң эрте базарды акыркы болуп таштап качып чыкканын айтып берип жатты.

"Бул жерде мөмө-жемиш, товар болгон. Негизи тонолгон анан өрттөлгөн. Соодагерлер качып кетишти, азыр келип шок болуп жатышат. Баары насыя менен оокат кылчу эле", - деди кароолчу оор үшкүрүп.

Нес болгон дипломаттар...

Дипломаттар базарды айлана сүрөткө, видеого тартып, аркайган дубалдарды аралап, сынган айнекти тепсеп басып жүрүштү.

"Достук" базары.
"Достук" базары.

Андан ары Максат айылына бардык. Оор техникадан аткыланган үй, короосунда октун калдыктары жайнайт. Бул жерге келгенде чет элдиктердин арасынан нес болуп калгандарын көрдүм. Айрым дипломаттар оор куралдын огунун, снаряддын чачырандысынын калдыктарын кармап, мындай согуш талаасында гана атыларын өз ара сүйлөшүп жатышты.

Аткыланган үйдүн ээси кантип талаалап качып аман калганын, тууганын өлүү-тирүүсүн билбей бир күн жашынып жатканын, снаряддын чачырандысы тийип мүрт кеткен - деген жүрөк титиреткен окуяларды угуп, баштарын чайкагандан башка арга жоктой турушту.

Максат айылы. 22-сентябрь, 2022-жыл.
Максат айылы. 22-сентябрь, 2022-жыл.

Чакан айылдагы бир ай мурун ишке берилген бала бакчанын дубалы урап, жаңы оңдолгон мектептин өрттөлгөнүн көрдүк. Жеткинчектер тарбия-таалим алган бакча менен мектеп эмне себептен бутага алынганы белгисиз.

Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Өскөнбек Ташбалтаев эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө “билим уясын талкалагандарга кандай жаза бар” деп агынан жарылды.

Максат айылындагы бала бакча. 22-сентябрь, 2022-жыл.
Максат айылындагы бала бакча. 22-сентябрь, 2022-жыл.

"Бул мектепти былтыр дагы күйгүзүп кетишкен. Аны оңдоп балдарды киргиздик. Мына бул бала бакчаны 28-августта ишке бергенбиз. Мурунку бала бакчабызды дагы талкалап салгандыктан жаңы салганбыз. Буларды эмнеге аткылашат? Бул эмне деген шумдук?", - деди айыл башчы.

Дипломаттардын сапарынын программасына жазылган Борбордук, Арка, Достук айылдарына токтободук. Анын себебин жарылбай калган снаряддар бар деп, коопсуздукка негиздешти. Бул айылдарды аралап өтүп баратканда, бир көчөдө бирин-экин гана үй-жай соо калганына күбө болдук.

Капчыгайдагы кайгы-муң

Андан кийинки сапарыбыз Баткен районунун Капчыгай айылына уланды. Бул айыл куралдуу жаңжалдын очогу болгондой. Мында жашагандар жакынын жоготкондорду, үй-жайы өрттөлгөндөрдү өз оозунан угуп кеткиле деп чогулуп турган экен.

Капчыгай айлынын тургуну Нурлан Дубанаев куралдуу кол салууда бир тууган агасын жоготконун айтып, көзүнүн жашын куюлтуп турду.

"Бул мектепке кирип келип, желектерин илип, кароолчусун тирүүлөй өрттөп салышты. Менин агамды дагы өлтүрүштү. Эл эмне кылаарын билбей калды. Азырынча мында жашоо мүмкүн эмес..."

Кырктагы жигиттин көз жашын тыя албай, башынан өткөргөн азаптуу күндөрүн баяндап жатканын уккан дипломаттардын айрымдары ага көңүл айтканга шашылса, башкалары башын жерге салып, мынчалык мыкаачылык менен кыйроонун кимге кереги бар эле дегендей үн-сөз жок турушту.

Капчыгай айылындагы өрттөлгөн мектеп. 22-сентябрь, 2022-жыл.
Капчыгай айылындагы өрттөлгөн мектеп. 22-сентябрь, 2022-жыл.

Баткенге барган дипломаттардын тобун Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коштоп жүрүп, элдин арыз-арманын англис тилине которуп берип жатты.

Чынын айтсам, жакынынан айрылып, там-ташы толук өрттөлүп, ыза менен муңга батып тургандардын арманы котормочусу жок эле сезилип турду.

Албетте, чет элдиктер ой-пикирин ачык айтпаса дагы чек арадагы куралдуу кармаштын масштабын өз көзү менен көрүп, каргашанын коркунучун дагы деле сезип тургандай туюлду. Алардын айрымдары күндүн аптабына карабай ок өтпөгөн күрмөчөн жүргөнүн байкадым.

Капчыгай айылы. 22-сентябрь, 2022-жыл.
Капчыгай айылы. 22-сентябрь, 2022-жыл.

Мындан бир нече ай мурун эле журналисттер тобу менен 2021-жылдын апрелиндеги чек арадагы кол салууда кыйраган ондогон үй-жай кайра салынып, балдардын күлкүсү жаңырган көчөлөрдү аралап кеттим эле.

Эми соңку куралдуу кагылышта алардын кайра жер менен жексен болгонун көрүп, каңырыгым түтөдү...

“Алыстан коноктор келген тура, үйүбүз бүтүн болгондо коноктойт элек...”, – деп муңайым тартып, колунда болгонун жайып, сый көрсөткүсү келген Баткен элинин кайраты, сабыры канчага чейин жетет болду экен....

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG