Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Бахмут, эгеменчил Бахмут!


Бахмуттагы дүкөндүн талкаланган имараты, 2023-жылдын февралы.
Бахмуттагы дүкөндүн талкаланган имараты, 2023-жылдын февралы.

Орусиялык баскынчылардын "демократиячыл Киев 3–5 күндө кулайт" деген тилеги таш каап, украин эли азыр дагы мамлекеттик көз каранды эместиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн жигердүү салгылашууда. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин акыркы күндөрү айыгышкан салгылашуу жүрүп жаткан Бахмут шаарынын аталышы жана тарыхы жаатындагы блогун сунуштайбыз.

Учурда украин жоокерлери Бахмут шаары үчүн баскынчы орусиялык аскерлерге жана аларды коштогон “Вагнер” тобунун жоочуларына каршы айыгыша көчөмө-көчө салгылашууларды жүргүзүүдө. Бул шаар жана анын айланасы – Украинанын тарыхый аймактарынын бири.

Бахмут - жер-суу аталышы

Оболу “Бахмут” топонимине келсек, бул украин аталышынын келип чыгышы орто кылымдардан тартып ислам динин туткан кыпчак, татар, түрк элдеринин диалект вариантындагы “Махмут” сөзүнө барып такалат деген жоромол бар. Чыгыш Европанын калкы орто кылымдарда көп этностуу болгондугу, анда хазар, печенег, булгар, кыпчак жана башка түрк этностору да, мажар сыяктуу элдер да чыгыш славяндар менен эриш-аркак жайгашкандыгы тууралуу маалымат жамы журтка белгилүү.

Албетте, харьковдук тарыхчы Игорь Рассоха сыяктуу айрым славянофилдер бул топонимди да тээ алмустактан бери индоевропалык тилдерде сүйлөгөн калктар өздөрү эле “кара кайың + бар” (b[h]aH'ko + met) деген, б.а. “Кара кайыңдуу” (“Кара кайыңды” – “Буковый”) деген түрдө колдонушкан, бара-бара бул сөз “Бахмут” болуп калган деген ж.б. жоромолдорду айта башташты.
Орусиялык чыгаан түрколог Николай Баскаковдун (1905–1995) бир катар эмгектеринде, анын ичинде “Игордун кошууну жөнүндө баянындагы” түрк сөздөрүнө арналган өзгөчө маанилүү монографиясында (Баскаков Н.А.Тюркская лексика в «Слове о полку Игореве» / Отв. ред. акад. А. Н. Кононов; Рецензенты: С.Н.Иванов, Э.Р.Тенишев; Институт языкознания АН СССР. — М.: Наука, 1985. — 208 с.) чыгыш славяндар менен чыгыш европалык түрктөрдүн этностук-маданий алакаларын алардын жогорку төбөлдөрүнүн (княздар менен хандардын) куда-сөөктүк байланыштарынан бери чагылдырып, калыс баяндаган.

Жогорудагы чыгыш славяндык чакан эпосто (аны 1180-жылдын тегерегинде чыгарылган, дешет) көп сандаган кыпчак (“половец”) жана чыгыш европалык түрк сөздөрү катталган эмеспи (арасында “болван”, “жемчуг”, “телега”, “орда”, “челка” ж.б. сөздөр азыркы орус тилинде да сакталган).

Айтылуу саякатчы Афанасий Никитиндин 1466–1474-жылдардагы өзүнүн Индияга саякаты тууралуу “Үч деңиз аркылуу жер кезүү” (“Хожение за три моря”) деген чыгармасынын түп нускасында түрк жана мусулман сөздөрүнөн кээде бут коёрго жер таппайсыз.

Анын жол баянынан бир мисал келтирелик:
“А иду я на Русь, кетъмышьтыр имень, уручь тутътым. Месяць мартъ прошел, и яз заговълъ з бесермены в неделю...” (“Мен болсом Орус өлкөсүнө бара жаттым. Ыйманым кетти, орозо туттум. Март айы өттү, жекшемби күнү болсо бусурмандар менен орозо тутуп калдым...”)

Мында Афанасий Никитин диний ишенимди “ыйман” (“имень”), орозону “оруч”, мусулманды “бесермен” деп сыпаттап жазат.

Демек, “мусулман” сөзүнүн алгачкы тыбышы бул булакта да “б” тыбышына өзгөргөн (кыргыздар бул сөздү “бусурман” деп да айтышчу, маркум журналист жана акын Жолдошбек Бусурманкулов агайдын тегатын эле эстейличи).

Негизи, сөз болуп жаткан шаардын жана дарыянын “Бахмут” деген аталышы жаатындагы бири-бирине эч караандабаган эки башка жоромол тең көп этностук тарыхый тамыр жөнүндө баяндашат: “Бахмут” – мусулман түрк элдери аркылуу кирген сөз болушу да ажеп эмес.

“Мусулман” сөзүн чыгыш славяндар илгери “басурман” (Афанасий Никитинде “бесермен”) деп айтышкан сыяктуу эле, “Махмут” сөзүн да “Бахмут” деп аташы толук мүмкүн эле.

Ал эми индоевропалык болжолдуу тамырга келсек, ал деле көп этностордун өз ара алакасы болгон, дегенди туюнтат. “Арийлер – байыртадан эле таза болгон бир тектүү калк” деген жомокко сабатсыз расист жана фашист гана ишениши мүмкүн, бүгүнкү ДНК изилдөөчүлөр ар бир азыркы калктын курамында көп расаларга жана тилдерге жиктелген этностордун гендик бүртүмдөрү бар экендигин, ал түгүл байыркы неандертал жана хомо сапиенс өкүлдөрү да өз ара аргындашкан учурларды тастыктоодо.

Байыркы индоевропалык элдердин бабалары деле Евразияда б.з.ч. II миң жылдыкта урал-алтай элдеринин (анын ичинде биздин эң көөнө бабаларыбыздын) өкүлдөрү менен эриш-аркак байырлашкан. Ошол көөнө доорлордон эч бир жазма сөздүк калбаган соң, ар бир сөздүн “ийгиликтүү” делген индоевропалык этимологиялык жоромолу деле шарттуу болуп саналат.

Бахмут – чеп жана шаар

XVI кылымдын ортосунда (айрым маалыматтар боюнча 1571-ж.) Бахмут коргонуу жайы пайда болгон. Анын айланасында дондук казак орустар (алар да түрк калктары менен тыгыз этностук-маданий алакада болушканы белгилүү) жана айрым түрк калктары байырлашкан.

Түштүктөгү Крым хандыгы да, аны колдоого алган Осмон султандыгы да, Эдил боюндагы ногойлор да бул аймакка өз саясий таасирин таркатуу үчүн ар тараптуу күрөшкөн.

Поляктар негизин түзгөн көп этностуу Речь Посполитая мамлекети менен Осмон Түрк султандыгы Украинанын Днепр дарыясынын оң жээгиндеги өз таасири үчүн таймашып жаткан XVII кылымдын экинчи жарымындагы окуяларды эске алсак, Днепрдин дарыясынын сол жээгиндеги (чыгышындагы) көп этностуу татаал кырдаалды элестетүү оңоюраак.

Ал эми этностук-маданий турмуш согушсуз учурларда да ырааттуу улантылган эмеспи. Чөлкөмдүк соода жолдорун чыңдап, бул аймакта кош (украин жана түрк-кыпчак) тилдүү тургундар, жөөт, армян ж.б. ар кыл этностук тектеги соодагерлер да байырлашкан деп айтууга болот.

Кийинчерээк, падыша Пётр Биринчинин тушунда (1701-ж.) туруктуу чепке айланган бул коргонуу жайы Бахмут дарыясынын атын алган.
Чептин айланасындагы баалуу туз кени үчүн ар кыл казак орус топторунун ич ара салгылашуулары маалында Бахмут чеби ойрондолуп, 1711-жылы ал чеп кайра бышыкталып курулган.

1769-жылы 27-январда Крым хандыгынын 70 миңдей жоокерден турган колу Осмон султанынын көрсөтмөсү менен орус жергесине жортуулга чыгып, Бахмут шаарына чейин жеткендиги жана Петр Румянцевдин кошууну тарабынан токтотулгандыгы жана артка чегингендиги тарыхта маалым.
1783-жылы Бахмут шаарча макамына жеткен. Ал Екатеринослав губерниясына караштуу үйөздүк шаарча болуп калган. Ошол жылга карата мындагы чептин атайын коргонуу жайы катары мааниси жоголгон.

1897-жылдагы эл каттоонун маалыматына караганда, шаардагы 19 316 тургундун басымдуу көпчүлүгү – 11 928 киши украин (“малоросс”), 3659 кишиси – орус (“великоросс”) болгон. Шаарда жөөт (3223 киши), немис, поляк ж.б. улуттардын өкүлдөрү да байырлашкан.

Бахмут же Артёмовск – алардын бирин тандоо логикасы каякта?

1917-жылы 7-ноябрда (жаңы, григорийлик жылнаама боюнча 20-ноябрда) Украина Борбордук Радасы Украина Элдик Республикасын расмий жарыялаган соң, Бахмут шаарынын тургундары бул эгемендик кыймылын колдоого алышкан жана алгачкы жолу Бахмут жергесинде сары жана көк түстөгү украин туусу желбиреген.

Ушул факттын өзү эле Украина бул өлкөгө Лениндин режими советтик жумурият макамын ыйгаргандан 5 жыл мурда эле өзүн эгемен жумурият катары жарыялагандыгын, В.Путиндин “Украинаны Ленин жараткан” деген жоромолу – анын кезектеги калп сөздөрүнүн бири экенин дагы бир жолу айгинелейт.

Ал эми 1924-жылы бийликтеги большевиктер Артём деген каймана аты менен белгилүү болгон орус революционери жана советтик мамлекеттик ишмер Фёдор Андреевич Сергеевдин (1883–1921) атын бул шаарга таңуулашкан да, украиналык бул шаар Артёмовск (украинче Артемівськ) деп дээрлик 92 жылдай аталып калган.

Бул тарыхый инсан – “жолдош Артём” – нагыз ыңкылапчы социал-демократ жана кийинчерээк Иосиф Сталиндин үзөңгүлөштөрүнөн болгон. Анын төңкөрүшчүл ишмердигинин изи алыскы Австралиядан бери маалым. Ал эми уламыштагы кенчи Артём болсо аймактагы байлардын байлыгын тоноп, кедейлерге таркаткан жергиликтүү “Робин Гуд” болгон имиш.

Кызык, “жолдош Артёмдун” бейнеси Украина жаатында Ленинди жана ленинчилерди сындоону жакшы көргөн Путинге эмнеси менен жагып калды экен?

Балким, “жолдош Артёмдун” 1918-жылдын февралынан – 1919-жылдын февралына чейин юридикалык жактан өкүм сүргөн Донецк–Кривой Рог Советтик Республикасынын Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болгондугу, демек, 1918-жылдын феврал-март айларында (эки айга жетпеген убакыт бою) эгемен, “буржуазиялык” Украинага баш ийбеген жана Советтик Орусиянын курамында турган автономияны жетектегендиги – Донецк аймагын каратып алууну самаган Путин үчүн өзгөчө жагдай болгондур?

Советтик режим кулагандан (1991-жылдан) чейрек кылым өткөн соң, 2016-жылы Украинанын Донецк облусуна караштуу бул шаар тарыхый аталышына көчүрүлүп, кайрадан Бахмут аталып калган.

Бирок орусиялык баскынчылардын маалымат каражаттарында шаарды алигиче Артёмовск деп атап келишет. Бул – ого бетер күлкүлүү, анткени, бир чети, Орусиянын президенти Владимир Путин “Украинаны мамлекет кылып Ленин эле жаратып койгон болчу”, деген жоромолу менен элдин шылдыңына калса (кайрадан баса белгилейли: эгемен Украинанын тарыхый тамыры терең, ал эми падышалык кулаган доорго кайрылсак, большевиктер бул аймакты толук карата электе эле Украина өз алдынча демократиялык мамлекет болууга үлгүргөн), экинчи чети, расмий Кремль Артёмовск деген большевиктик топонимди айыгыша колдонуп келет.

Буга салыштырмалуу Кремлдегилер Кыргызстандын борбору Бишкек шаарын мурдагы совет доорундагыдай Фрунзе деп, Казакстандын Астана шаарын Целиноград деп, Санкт-Петербургду Ленинград деп, Уралдагы Екатеринбург шаарын Свердловск деп кайра атай баштаган жок да.
Демек, Бахмут шаарынын аталышына карата Кремлдегилер тандап алган ыкманын тарыхый логикасы жок, тек гана “расмий Киевдин бул топонимди Артёмовск шаар аталышынан эски аталышка өзгөрткөнүн биз кабыл албайбыз” деген шовинист жаш баланын оюнуна жатат.

Бахмут жана атамекендик согуш

Бахмут – Украинанын эгемендиги жана бүтүндүгү үчүн жүргүзүлүп жаткан украин элинин Атамекендик согушунун ийгилиги.

2014-жылдын башында В.Путиндин режими Крым жарым аралына “жашыл аскер кийимчендерди” (“зеленые человечки”) мыйзамсыз аттандырып, БУУнун негизги жобосун, эл аралык мыйзамдуулукка байланыштуу бардык өзөккү документтердин, КМШнын талаптарын бузган.

Бул орусиялык баскынчы аскерлер болсо калайыкка калашников автоматтарын кезеп туруп, мыйзамсыз референдум өткөрүшүп, натыйжада Кремлдин кожоюну бул украиналык аймакты Орусияга өкүмзордук менен каратып алган. Бирок дүйнө коомчулугу, анын ичинде Путинге ымалалаш болгон Кытай, Сербия жана Иран өлкөлөрү) азыр дагы Крым жарым аралын Украинага таандык деп эсептеп келишет.

Андан көп узабастан, тээ 1938-жылы Гитлердин колдоосуна таянып аракет кылган Чехословакиядагы Судет немистериндей эле, Донбасс аймагынын бир катар жерлеринде жикчилдер баш көтөрүшкөн. Орусиялык куралга таянып, алар 2014-жылы 12-апрелде Бахмут шаарын убактылуу басып алышкан.

2014-жылы 6-июлда Украинанын куралдуу күчтөрү Бахмут шаарын орусиялык баскынчылардан жана аларга таянган жикчилерден кайра бошотуп алышкан.
Адатта Украина үчүн жана анын ичинде Бахмут шаары үчүн согуш тээ 2014-жылы эле башталгандыгын кремлчил орусиялык басылмалар айтпай келишет.

2015-жылы 10-июлда Бахмут шаарында “жолдош Артёмдун” (Ф.А.Сергеевдин) айкели атайын буздурулду. Ошол эле жылы 23-сентябрда шаардык кеңеш тарыхый “Бахмут” шаар аталышын кайтаруу тууралуу чечим кабыл алды. Украинанын Жогорку Радасы 2016-жылы 4-февралда бул чечимди тастыктады да, шаар расмий түрдө кайрадан “Бахмут шаары” деп аталып калды.

Бул топонимиялык өзгөрүү дагы өлкөдөгү баскынчыларга каршы идеологиялык согуштун бир өңүрү болуп калды. 2022-жылдын май айында Бахмут шаары кайрадан кан майдандын тилкесине чектеш өзгөчө кооптуу жайга айланды.

Ит жыгылыш мүнөзүндөгү айыгышкан салгылашуулар баскынчыларга майнап бербей жаткан кезде, 2022-жылын октябрынан тартып, баскынчы аскерлер ирандык “Шахед” дрондорун Бахмут шаарына карай үстөккө-босток учура башташты.

В.Путиндин эң жакын кишиси, петербургдук олигарх Евгений Пригожин негиздеген “Вагнер” жоочулар тобу (бул жеке менчик аскердик компания бир катар өлкөлөр тарабынан эл аралык террорчулар тизмесине киргизилген) жана аларга жамынган орусиялык аскерлер Бахмут шаарынын жанындагы айрым кыштактарды ээлеп алууга жетишкени менен дал ушул шаардын айланасындагы салгылашуулар маалында орусиялык аскерлер Ооганстанда жана Чеченстанда кан майданда набыт кеткен аскерлеринин санынан алда канча көп сандагы жоготууларга учурагандыгы дүйнөнүн көз каранды эмес маалыма каражаттары аркылуу маалымдалды (бул өтө олуттуу кабарды кремлчил маалымат каражаттары өз элинен жаап-жашырууда).
Бахмут шаары үчүн салгылашуу алдыдагы жаз айларында кандай нукта өнүгөрү тууралуу жоромол кылуу – өтө оор түйшүк.

Бирок бир маселе анык: Бахмут шаары үчүн салгылашууда боштондукчул украин эли моралдык жеңишке анык ээ болду.

Жалпы Украина мамлекетин “3–5 күндө тизелетебиз” деген орусиялык баскынчылардын мизи уруш талаасында гана майтарылып келбестен, алар эл аралык коомчулук үчүн дипломатиялык таймашта да жеңилүү ызасын тартышууда.

Мурдагы бир блогубуздагы ойду тереңдетип кайталасак, азыркы тапта Бахмут шаары жана Украинанын жалпы аймактык бүтүндүгү үчүн каармандык менен күрөшүп жаткан украин эли КМШда кала берип жаткан Казакстан, Кыргызстан, Молдова сыяктуу башка постсоветтик өлкөлөрдүн дагы мамлекеттик эгемендигин чыңдоого опол тоодой салымын кошууда.

Редакциядан:

Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG