Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Орусиядагы табышмактуу чабуулдар. Москванын дооматын Киев четке какты


Былтыр 19-ноябрда Санкт-Петербург шаарынын четиндеги токойдо газ куурунда жарылуу болгон.
Былтыр 19-ноябрда Санкт-Петербург шаарынын четиндеги токойдо газ куурунда жарылуу болгон.

Орусия Украинадан чыккан диверсанттар Брянск облусуна өтүп келип, жайкын тургундарга ок атканын билдирди. Киев Москванын мындай дооматтарын "чагым" деп атады. Орусияда утур-утур катталган чабуулдардын артында кимдер турат?

Украинанын түндүгү менен чектеш Орусиянын Брянск облусунда 2-мартта талаш-талкуу жараткан окуя болду.

Облус губернатору Александр Богомаз чек арага жакын Любочане кыштагына "Украина тараптан диверсиялык чалгын тобу" кирип келгенин, алар бир автоунааны аткылаганын билдирди. Анын айтымында, бул окуяда эки киши өлүп, он жаштагы өспүрүм жараат алган.

Москванын дооматы, Киевдин жообу

Богомаз Сушаны аттуу дагы бир айылда учкучсуз учактын соккусунан бир үй күйүп кеткенин кошумчалап, буга Украинанын куралдуу күчтөрүн айыптады.

Орусиялык маалымат каражаттары Брянск облусуна 40-50 чамалуу "диверсанттар" кирип келгенин билдиргени менен муну ырастаган видео же сүрөттөрдү жарыялаган жок. Брянск аймагында кандай окуя болгонун көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоо мүмкүн боло элек.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "мамлекеттик чек араны бузган" топ Украина тарапты көздөй сүрүп чыгарылганын, аларга "чоң артиллериялык сокку урулганын" билдирди.

Орус президенти Владимир Путин да бейшемби күнү Педагогдор жана устаттар жылын жарыялоо аземине онлайн форматта жолдогон кайрылуусунда Брянск аймагындагы окуяга токтолуп, аны "террорчул акт" деп атады.

"Чек аралаш аймакка кирип келип, жайкын тургундарга ок атты. Ал жөн-жай жашоочулардын автоунаасы экенин, анда жайкын тургундар жана балдар отурганын көрүшкөн. Кадимки эле "Нива" болчу. Ага ок атышкан", - деди Владимир Путин.


Киев орус бийлигинин мындай билдирүүлөрүн кескин түрдө четке какты. Украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк бейшемби күнү Твиттерге жазган билдирүүсүндө Орусиянын соңку айыптоолорун чагым деп атады. Анын айтымында, Орусия өз элин коркутуп, коңшу өлкөгө кол салганын актоо үчүн ушундай кадамдарга барып жатат.

Аны улай Подоляк видео кайрылуу жолдоп, Москванын "украиналык диверсанттар" тууралуу билдирүүсүн жалганга чыгарды жана Киев Орусияга чабуул койбой турганын баса белгиледи.

"Бул биз билген эле Орусия. Ал дайыма чагым кылат, жалган айтат жана маалыматтык шылтоолорду жаратат. Чынында, эмне үчүн азыр, толук масштабдуу согуш жүрүп жаткан маалда муну кылып жатканы түшүнүксүз. Ансыз деле согушуп жаткан тарап үчүн чагым уюштуруунун кажети жок. Украина Орусияга чабуул койгон жок. Диверсиялык чалгын топторун жөнөткөн жок. Жайкын тургундарды өлтүргөн жок. Бул Украинага керек эмес", - деди Подоляк.

Ал "Орусияда партизандык кыймылдар агрессивдүүрөөк жана күчтүрөөк боло баштаганын" кошумчалады.

"Орус ыктыярчыларынын" жүрүшү

Любочане кыштагына киргенин айткан "Орус ыктыярчылар корпусунун" өкүлдөрү.
Любочане кыштагына киргенин айткан "Орус ыктыярчылар корпусунун" өкүлдөрү.

Киев менен Москвада карама-каршы билдирүүлөр айтылып жатканда өздөрүн "Орус ыктыярчылар корпусу" деп атаган топтун өкүлдөрү Орусиянын Брянск облусундагы чабуулга жоопкерчилик ала турганын жарыялашты. Бул топтун Телеграмдагы билдирүүлөрүнө ылайык, "Орус ыктыярчылар корпусунун" жоокерлери Брянск аймагына кирип, эки чопкутталган аскердик унааны буктурмага алган.

Бул топтун Телеграм-каналына куралчан жана аскердик кийимчен эки кишинин видео кайрылуусу жарыяланды. Алардын видеосу Брянскидеги "Любочаненин фельдшердик-акушердик борбору" деген жазуусу бар имарат алдында тартылган. Анда сүйлөгөн киши "Орус ыктыярчылар корпусу" Путинге жана аны колдогондорго каршы курал алып күрөшүп жатканын айтты.

"Биз жайкын тургундар менен согушкан жокпуз. Куралы жок адамдарды өлтүрбөйбүз. Ушуну эсиңерге түйүп алгыла! Эми Орусиянын карайым тургундарына алар кул эмес экенин түшүнүүгө убакыт жетти. Козголгула, кармашкыла", - деди ал.

Орусиялык жана украиналык көз карандысыз басылмалар видеодогу киши Денис Капустин (Никитин) аттуу орус жараны экенин жазышты. Маалыматка ылайык, Капустин Москвада төрөлүп, Европада окуган жана 2017-жылы Украинага көчүп кеткен.

"Медуза" басылмасы жазгандай, Денис Капустин "Орус ыктыярчылар корпусун" "этникалык орустардан" кураган. Бул топтун канча жоокери бар экени белгисиз. Бул корпус Путинге жана Кремлге каршы турган, Украинада иш алып барган ашкере-оңчул орустардын бирикмеси деп мүнөздөлүп келет. Ошентсе да бул топту бир эле учурда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына, ошол эле учурда Украинага байланыштыргандар да бар.

"Орус ыктыярчылар корпусунун" бир жоокери Брянск облусундагы соңку операцияга 45 киши катышканын, бир чек арачы жараат алганын, эч кимди барымтага алышпаганын, бул окуяда балдар жабыркаганын көрбөгөнүн "Важные истории" басылмасына айтып берген.

Стратегиялык жайлар бутага алынууда

30-ноябрда Брянск облусунун Сураж районундагы мунай жайында болгон жарылуу.
30-ноябрда Брянск облусунун Сураж районундагы мунай жайында болгон жарылуу.

Кантсе да Брянсктагы соңку чабуул Орусиянын жер-жерлеринде маал-маалы менен орун алып жаткан табышмактуу чабуулдарды жана кырсыктарды эске салды. Ноябрь айында да Брянск облусунун Сураж районунда мунайзат сактаган кампа өрттөнгөн.

Былтыр 24-февралда орус күчтөрү Украинага кол салгандан бери Орусиянын аймактарындагы аскердик объекттерге бир нече жолу сокку урулду. Алардын көбүндө учкучсуз учуучу аппараттар колдонулган. Украина мындай чабуулдарды уюштурганын расмий түрдө ырастаган эмес.

2-мартта да Москва облусундагы Коломна шаарынын тургундары калаада чоң жарылуу болгонун билдирип чыгышты. Телеграмдагы Mash каналы жарылуунун добушу угулганын күбөлөгөн видеолорду жарыялады. Орусиянын медиасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Коломнадагы объекттерди текшерип чыгышканын, эч кандай жарылуунун белгисин таппаганын билдирүүдө. ТАСС жаңылыктар агенттиги асманда дрон жарылышы мүмкүн экенин укук коргоо кызматкерлерине шилтеме кылып жазды.

Жума күнү Телеграмдагы "Типичный Краснодар" каналы Краснодар-Центральный аскердик аэродрому жайгашкан аймактан коюу түтүн чыгып жатканын көрсөткөн кадрларды жарыялады. Бул аэродромдун жанында жогорку аскердик авиациялык окуу жай жайгашкан. Аймакта өрт чыкканын НАСАнын спутниктери да каттады. Бул окуяга эмне себеп болгону азырынча айтыла элек.

Февралдын аягында жана марттын башында Орусиянын кеминде беш аймагында дрондор кыйраганы кабарланган. Белгород облусунда үч дрондун калдыктары аныкталганын, дагы бирөө турак жайдын терезесине учуп киргенин жергиликтүү бийлик билдирген. Брянск облусунун үстүндө бир дрон атып түшүрүлгөн. Адыгея жумуриятында “учуучу жабдыктын” сыныктары табылды. Дрон ошондой эле Краснодар крайындагы мунай базасынын аймагында да байкалганы кабарланган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG