Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:31

"Азовсталда" калгандар чыгарыла баштады, Конгресс спикери Киевге барды


Украинанын Мариуполь шаарындагы орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан “Азовсталь” заводу.
Украинанын Мариуполь шаарындагы орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан “Азовсталь” заводу.

Украинанын Мариупол шаарындагы орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан “Азовсталь” заводунда эки айча убакыттан бери алгачкы эвакуация ишке ашты. Расмий Киев жалпы жонунан 100дөй жайкын тургун бошотулганын маалымдады.

Мурдараак Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Орусиянын президенти менен жолугушуп, заводдогу жарандарды чыгарып кетүүгө уруксат сураган.

Алгачкы эвакуация

Мариуполдогу курчоодо калган "Азовсталь" заводунан алгач 20 адам - аялдар менен балдар чыгарылганын учурда заводдогуларды коргоп жаткан "Азов" полкунун командири Святослав Паламарь маалымдады. Анын сөзүнө караганда, эвакуация 30-апрелде, ишембиде болуп, жай тургундар Запорожьени көздөй жиберилди.

Бул ортодо Орусиянын РИА Новости жана ТАСС маалымат агенттиктери "Азовсталдын" аймагынан жалпы жонунан 46 адам чыгарылып кеткенин маалымдады. Ал арада Телеграмм-каналдар БУУ жана Кызыл жарым ай коомунун катышуусунда жай тургундарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазды. Бириккен Улуттар Уюму да эвакуациялоо иштерин ырастады.

Жекшемби күнү кечке чукул Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттердеги баракчасында кененирээк маалымат берип, чыгарылып жаткан жарандардын саны көбүрөөк экенин кабарлады:

“Мариуполдогу "Азовсталдан" жайкын тургундарды эвакуациялоо башталды. 100 адамдан турган биринчи топ биз көзөмөлдөп турган аймактарга аймактарга баратат. Аларды эртең Запорожьеден тосуп алабыз. Биздин командага рахмат! Учурда алар БУУнун өкүлдөрү менен чогуу заводдун аймагынан жарандарды чыгарып кетүүнүн үстүнөн иштеп жатат”,-деп жазды ал.

"Азовсталь" заводунан эвакуацияланып жаткан украиналыктар.
"Азовсталь" заводунан эвакуацияланып жаткан украиналыктар.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. Бирок “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган.

Украинанын расмий бийлиги заводдун алдындагы тоннелдик лабиринттерде миңден ашуун жайкын тургундар баш калкалап жатканын маалымдап келет. Киев аларды чыгарып кетүү үчүн коопсуз жол уюштурууну Орусияга бир нече жолу сунуштаган. Андан майнап чыкпай келген.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш өткөн аптада Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, заводдо камалып жаткан тургундарды чыгарып кетүү маселесин көтөргөн. Жолугушууда Путин Мариуполдон жай тургундарды чыгарууга эл аралык уюмдардын катышуусуна макул болгонун орусиялык басылмалар билдиришкен.

Орус күчтөрү заводду эки айча убакыттан бери тынымсыз аткылап жатты.
Орус күчтөрү заводду эки айча убакыттан бери тынымсыз аткылап жатты.

Италиялык басылмалар Украинадагы согуш башталгандан бери Рим папасы үч жолу Орусиянын президентине кайрылып, Мариуполдон элди алып чыгууга коридор түзүүнү жана ал үчүн Ватикандан кеме сунуштаган. Журналисттердин маалымдашынча, үч жолу тең орус тарап заводдогу элдин коопсуздугуна кепилдик бере албасын билдирген.

Украин бийлиги заводдон бардык адамдарды алып чыгып кетүүнү талап кылууда. Орус бийлиги аскерлер багынып бериши керек деп келатат. Аскерлердин жубайлары Киевде митинг өткөрүп, аларды да чыгарып кетүүсүн украин бийлигинен суранышкан. Мариуполдун бийлиги орус аскерлеринин аткылоосунан улам шаардагы 20 миң чамалуу тургун набыт болгонун билдирүүдө.

Пелоси Киевде, Жоли Львовдо

Бул арада Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси баштаган делегация Киевде украин президенти Владимир Зеленский жана башка бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Алдын ала кабарланбаган иш сапары ишемби-жекшемби күнү уланды.

Пелоси Зеленский менен жолугушууда Украинага колдоо улантыларын АКШнын атынан дагы кайталап, Орусияга каршы согуштагы тайманбастыгы үчүн украин элине ыраазычылык билдирди:

“Биз эркиндик үчүн күрөшүңүздөргө “алкыш” айтуу үчүн келдик. Биз азыр эркиндиктин чек арасында турабыз жана сиздердин күрөшүңүздөр – биздин баарыбыз үчүн күрөш. Биз согуш бүткөнчө сиздер тарапта болобуз, бул биздин милдетибиз”,-деди АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси.

Нэнси Пэлоси баштаган АКШ Конгрессинин делегациясы жана Укриананын президенти Владимир Зеленский (ортодо). Киев. 1-май, 2022-жыл.
Нэнси Пэлоси баштаган АКШ Конгрессинин делегациясы жана Укриананын президенти Владимир Зеленский (ортодо). Киев. 1-май, 2022-жыл.

Жолугушуунун видеосу украин президенти Владимир Зеленскийдин Телеграмм-каналына жарыяланды. Анда Зеленский Орусия менен кармашта АКШ Киевге өтө көп жардам берип жатканын белгиледи. Ал Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен да тынымсыз байланышып турат жана мурдараак ушул эле Конгрессте да онлайн кайрылуу жасаган.

Украин президенти Владимир Зеленский Пелоси менен кездешүүдө мындай деди:

“Мен биринчи кезекте, Кошмо Штаттардын, Кошмо Штаттардын элинин жана Конгресстин эки палатасынын тең Украинаны чечкиндүү колдоосу жөнүндө кабарыңызга ыраазычылык билдирем. Муну мен, президент катары, менин командам жана украин эли абдан жогору баалайбыз. Ушунун өзү Орусиясынын агрессиясына каршы согушта Украинага колдоо көрсөтүүдө Кошмо Штаттары чыныгы лидер экенин көрсөтүүдө. Бул жардамыңыздар Украинанын өз суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн сактоого чоң жардам берет”.

29-апрелде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага аскердик жардам көрсөтүүнүн жолдорун жеңилдеткен ленд-лиз (Lend-Lease) жөнүндө мыйзам долбоорун жактырган. Сенат бул мыйзам долбоорун буга чейин жактырган, эми ага президент Жо Байден кол коюшу керек.

Документте АКШ Украинага жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнө 2023-жылга чейин курал-жарак берери каралган. Ошол эле учурда, Украина алдын ала акы төлөөгө милдеттүү болбойт. "Ленд-лиз" термини "ижарага берүү" деп которулат. Мыйзам Украинага заманбап аскердик техникаларды алууга мүмкүндүк берет, бирок так эмнелер жеткирилет, тизмеси кийинчерээк аныкталат.

АКШнын президенти Байден ушул эле мыйзам менен чогуу Конгресстин кароосуна Украинага жардамга 33 млрд. доллар бөлүү тууралуу өтүнүч киргизген. Мунун 20 млрд. доллары аскердик керектөөгө, калганы экономиканы колдоого жумшалышы шарт.

Нэнси Пелосинин Киев сапары украин бийлигинде “Конгресс бул сунушту колдойт” деген ишеним жаратты. Өткөн аптада АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Пентагондун башчысы Ллойд Остин да Украинага барып кайткан. Анда Остин “Орусияны Украинага алгач кол салган учурда жасаган нерселерин кайталай албай тургандай абалга чейин жеткирүү үчүн” Киевге жардам улантыларын тактаган.

Расмий эмес америкалыктардан актриса, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар иштери боюнча ыктыярдуу элчиси Анжелина Жоли ушул күндөрү Украинанын Львов шаарында жүрөт. Ал бул шаарда Донецкиден качып келген адамдар менен сүйлөшүп, ыктыярчылар жана дарыгерлер менен баарлашты. Анжелина Жоли Украинадагы согуш башталгандан бери Орусияны аны токтотууга чакырып, ал эми батыш өлкөлөрүн украин качкындарына жардам берүүгө үндөп келет.

Актриса Анжелина Жоли Львовдогу ыктыярчылар менен. 30-апрель. Украина. 2022-жыл.
Актриса Анжелина Жоли Львовдогу ыктыярчылар менен. 30-апрель. Украина. 2022-жыл.

Орусия “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украинага кол салган согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган.

Бул аралыкта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Украинанын аймагын 5 миллиондон ашык адам таштап чыгып кетти.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG