Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:43

Түркия "Стамбул каналы" долбоорун өнүктүрүү планын бекитти


Босфор кысыгы. Кадыкөй, Стамбул, Түркия. 2020-жылдын 11-ноябры.
Босфор кысыгы. Кадыкөй, Стамбул, Түркия. 2020-жылдын 11-ноябры.

Түркия Босфор кысыгы аркылуу кеме каттамдарын жеңилдетүү максатында Стамбулдун сыртындагы чоң каналдын аймакташтырылган планын бекитти.

Айлана-чөйрөнү коргоо министри Мурат Курум 27-мартта өкмөт өнүгүү планын бекиткендигин жана президент Режеп Тайып Эрдоган колдогон көп миллиарддаган долларлык долбоорду тездик менен жүзөгө ашыра баштаарын билдирди.

Жасалма канал 45 чакырымга созулуп, Стамбулдун түндүгүндөгү Кара деңизди түштүктөгү Мармара деңизине байланыштырат. Андан ары кемелер Жер Ортолук деңизге карай сүзүүсүн улантат.

Өкмөттүн айтымында, бул долбоор Босфор кысыгы аркылуу кеме каттамынын жүгүн кыскартууга багытталган. Бул кууш кысык Самбул аркылуу өтөт жана дүйнөдөгү өзгөчө кымгууттукта болгон деңиз өткөөлдөрүнүн бири саналат.

Долбоор Түркияга Босфор жана Дарданелл кысыктарын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берген 1936-жылдагы Монтрё келишими боюнча суроолорду жаратты.

Монтрё келишими деңиздин жээк боюнда эмес мамлекеттерге, – анын ичинде Түркиянын АКШ сыяктуу НАТОдогу ынтымакташтарына, – Кара деңиздеги аскер деңиз күчтөрүнүн кемелерин жайгаштырууну 21 күнгө чейинки мөөнөт менен чектеп келет.

Орус аскер деңиз флотунун "Азов" кемеси Босфор кысыгында. Стамбул. 2020-жылдын 3-июну.
Орус аскер деңиз флотунун "Азов" кемеси Босфор кысыгында. Стамбул. 2020-жылдын 3-июну.


Ошондой эле келишим бардык чет элдик деңиз күчтөрүнүн жана курал-жарактын айрым түрлөрүнүн тоннасын чектейт. Бул жагдай НАТОнун мүчө өлкөлөрү Кара деңизге жайгаштыра турган аскер-деңиз кемелеринин түрлөрүнө да чектөө коёт.

Бирок президент Эрдоган “Стамбул каналы” Монтрё келишимине байланбайт деп айтты. Анын сөзү Орусия бийликтеринин НАТОнун деңиз аскер күчтөрү Кара деңизге кеңири жана узагыраак мөөнөткө жайгаштырылышы мүмкүн деген кооптонуусун жаратты.

Орусия болсо деңиз кысыктары тууралуу Монтрё келишими болочокку “Стамбул каналына» дагы тиешелүү деген турумду ээлеп келет. (TT)

XS
SM
MD
LG