Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

СNN: АКШ Кара деңизге аскердик кеме жиберүүнү караштырууда


АКШнын "USS Ross" аскердик кемеси Босфор кысыгынан өтүп жаткан учуру. 2015-жылы тартылган сүрөт.
АКШнын "USS Ross" аскердик кемеси Босфор кысыгынан өтүп жаткан учуру. 2015-жылы тартылган сүрөт.

СNN телеканалынын аты аталбаган расмий адамдардын айтканына таянып маалымдаганына караганда, АКШнын аскер өкүлдөрү Мамлекеттик департаменттен Түркияга америкалык аскердик кеме Кара деңизди карай Босфор жана Дарданелл кысыктарынан өтө турганын кабарлап коюуну суранган.

Мындан ондогон жылдар мурда кабыл алынган эл аралык келишимге ылайык, Кара деңиздин жээгинде турбаган мамлекеттердин баары аталган эки кысыктан өтөрүн Түркияга он беш күн мурда кабарлашы керек.

Курамына Кара деңиз жээгинен бир нече өлкө кирген НАТО жана АКШ Орусиянын тынчыздануусуна карабай бул деңиздеги күзөткө аскердик кемелерин такай жөнөтүп турушат.

Вашингтондун Кара деңизге аскердик кеме жиберүү боюнча жаңы планы Орусия менен Украинанын мамилеси деңиздеги каршылашуудан улам кайрадан чыңалган учурга туш келди.

25-ноябрда Кара жана Азов деңиздери кесилишкен Керч кысыгында болгон окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия”, Орусия “чагым” деп баалаган.

Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган.

СNN телеканалынын кабаына караганда, Кара деңизде акыркы ирет АКШнын транспорттук кемеси октябрь айында болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG