Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

Бирмада аскер огунан кеминде 18 адам мерт болгону кабарланды


Янгон шаарындагы кагылышуу маалы. Бирма. 2021-жылдын 10-марты.
Янгон шаарындагы кагылышуу маалы. Бирма. 2021-жылдын 10-марты.

Бирмадагы аскердик хунтага каршы 14-марттагы демонстрациялардын жүрүшүндө полициянын огунан кеминде 18 адам набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 14 демонстрант өлкөдөгү ири шаар Янгондогу нааразылык чарасын басуу учурунда мерт болгон, калган төрт адам башка шаарларда окко учту. Бирманын мамлекеттик телеканалы демонстрациялар учурунда бир полициячынын набыт болгонун кабарлады.

Кытайдын Бирмадагы элчилиги кытай жарандарын жана мүлкүн коргоого чакырды. Акыркы окуялар учурунда Кытай каржылаган эки тигүү ишканасы өрттөлгөн.

Бирмалык демонстранттарга көздөн жаш агызчу газ менен атуу учуру. Найпидо. 2021-жылдын 8-марты.
Бирмалык демонстранттарга көздөн жаш агызчу газ менен атуу учуру. Найпидо. 2021-жылдын 8-марты.

БУУнун эсебине караганда, февралдын башынан бери аскердик төңкөрүшкө каршы чыккан 50дөн ашык киши полициячылардын огунан набыт болду. Бирок демонстрациялардын жүрүшүндө андан да көп адам каза болушу мүмкүн.

Бирма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган эле.

Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан жарандык бийликти кулатып, Нобел сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. Аскердик жетекчилик былтыр ноябрдагы "парламенттик шайлоону бийлик таза өткөргөн жок" деген шылтоону жүйөө катары карманып жатат.

Бирманын оппозициячыл күчтөрү гана эмес, дүйнө коомчулугу да аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG