Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Он миңдеген бирмалыктар аскердик кутумду айыптап, көчөгө чыгышты


Бирмалыктар шайланган лидер Аун Сан Су Чжинин бошотулушун талап кылышты. Янгон шаары. 07.2.2021.
Бирмалыктар шайланган лидер Аун Сан Су Чжинин бошотулушун талап кылышты. Янгон шаары. 07.2.2021.


7-февралда Бирмада он миңдеген адамдар катары менен экинчи күнү нааразылык жыйындар өткөрүп, жакында болгон аскердик төңкөрүштү айыпташты жана шайланган лидер Аун Сан Су Чжинин бошотулушун талап кылышты. Бул нааразылык жыйындар – 2007-жылдагы демократияга өтүүгө түрткү берген Шафран ыңкылабынан кийинки эң ири нааразылык чарасы болуп калды.


Бирмадагы аскердик хунтага каршы кеңири жайылган нааразылык чараларынын экинчи күнүндө ири шаар Янгонго чогулган калайык Су Чжи айымдын Демократия үчүн улуттук лигасынын (NLD) түсү болгон кызыл түстөгү кыска көйнөктөрдү кийип, кызыл желектерди жана кызыл шарларды көтөрүп чыгышты.

Алар “Биз аскердик диктатураны каалабайбыз! Биз демократияны жактайбыз!” деген ураандарды чакырышты.

“Мьянма” деп да аталган Бирма жумуриятындагы аскердик жетекчилик 1-февралдын таңында капысынан жарандык бийликти басып алып, өлкөнүн демократиялык нугун токтотуп салды.

Бул окуя эл аралык коомчулуктун да терең нааразычылыгын жаратты.

Кабарларга караганда, 7-февралдагы нааразылык жыйындар бир күн мурунку митингдерден алда канча ири болду. Ишембиде деле он миңдеген кишилер аскердик кутумга каршы алгачкы ирет нааразылык чараларына чыгышкан. Кутумчулар коомдук коопсуздукту шылтоо кылып интернет байланышын үзгүлтүккө учуратканына карабастан, калайык өздөрүнүн демократиялык талаптары менен жапатырмак көчөлөргө чыга алды. (TT)

XS
SM
MD
LG