Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Иран: абак жазасы аяктаган Загари-Рэтклиффтин үстүнөн кайра сот башталды


 Назанин Загари-Рэтклифф
Назанин Загари-Рэтклифф

2016-жылдан бери Иранда кармалып келген гуманитардык кызматкер Назанин Загари-Рэтклифф айымга карата «системага каршы үгүт» доосу боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу Загари-Рэтклиффтин адвокаты Хожат Кермани ирандык маалымат каражаттарына билдирди. Адвокат 14-марттагы сот отуруму тынч жана айыпталуучунун катышуусу менен өткөнүн айтып берген. “Ал акталат деп үмүттөнөм”, - деп Кермани билдирди.

Жаңы соттук жүрүмдү Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб “кабыл алынгыс” деп сындап, Назанин Загари-Рэтклифф айым иран өкмөтүнүн атайылап жасаган аракетинен улам катаал сыноого кабылганын билдирди.

«Thomson Reuters Foundation» фондунун менежери, 42 жаштагы Загари-Рэтклифф айым 2016-жылдын апрелинде кызы менен Улуу Британияга кайтып баратканда, Тегеран аба майданында кармалган.

Ал “Иран өкмөтүн төңкөрүү боюнча кутумга катышкан” деп айыпталып, беш жылга түрмөгө кесилген. Анын үй-бүлөсү жана фонд бул айыптарды четке каккан. “Amnesty International” уюму Загари-Рэтклифф айымдын сот ишин “өтө адилетсиз” деп мүнөздөгөн. Назанин Загари-Рэтклифф Улуу Британия менен Ирандын жараны.

Андан бери Улуу Британия Загари-Рэтклиффти жана ал сыяктуу Иран түрмөлөрүндө отурган кош жарандыгы бар адамдарды бошотууну талап кылып келет. Расмий Тегеран кош жарандыкты тааныбайт.

Былтыр ноябрь айында Загари-Рэтклиффке “режимге каршы үгүт жайылтты” деген жаңы айып коюлуп жатканы кабарланган. Былтыр март айында коронавирус пандемиясына байланыштуу ал Эвин түрмөсүнөн үй камагына которулган болчу.

Быйыл 7-мартта Загари-Ратклифф мөөнөтү бүткөндөн кийин үй камагынан бошотулган, бирок ал жаңы айыптоолорду тагуу үчүн кайрадан дароо сотко чакырылган. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG