Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:28

Миннеаполис шаары Флойддун өлүмү боюнча үй-бүлөлүк сот ишин жайгаруу үчүн 27 миллион доллар төлөйт


Жорж Флойддун өлтүрүлүшүнө каршы нааразылык жыйыны. Миннеаполис шаары, АКШ. 2020-жылдын 31-майы.
Жорж Флойддун өлтүрүлүшүнө каршы нааразылык жыйыны. Миннеаполис шаары, АКШ. 2020-жылдын 31-майы.



АКШнын Миннеаполис шаарынын бийлиги 2020-жылы май айында полициячылар кармап жатканда каза болгон куралсыз кара киши – Жорж Флойддун үй-бүлөсү менен 27 миллион долларлык наркты түзгөн жайгарууга жетишти.

Шаардык кеңеш 12-мартта бир добуштан үй-бүлөнүн соттук доосун жайгаруу үчүн жогорудагы ири көлөмдөгү акчаны төлөө тууралуу чечимди бекитти.

Жорж Флойддун бир тууган карындашы Брижетт Флойд айым ал жана анын үй-бүлөсү "менин агам Жорж үчүн акыйкаттыкка жетүү үчүн болгон кайгылуу сапарыбыздын ушул бөлүгү чечилгенине кубанычтабыз", – деп билдирди.

Шаардык полициянын мурдагы кызматкери Дерек Шовиндин тизесинин астында муунтулган Флойддун өлүмү камерага түшүп, дүйнө жүзүндө нааразылыктарды жараткан.

Полиция тарабынан жумуштан айдалган Шовиндин сот жүрүмү ушул аптанын башында башталды. Ага киши өлтүрүү жана байкоостон өлүмгө учуратуу боюнча доолор коюлду. Учурда сот ишине арачылар тобунун курамына талапкерлерди тандоо жүрүп жатат. Жалпы 12 арачынын алтоосу тандалып алынды.

Шовин күнөөсүн мойнуна алган жок жана өзү полиция кызматкерлеринин машыгуусундагы эрежелерди гана так аткаргандыгын билдирди. Өткөн жылы Флойддун туугандары Миннеаполис шаарын, Шовинди жана федералдык сотко шектүү катары тартылып жаткан дагы үч полиция кызматкерин сотко беришкен. Алардын айтымында, полиция Флойддун конституциялык укуктарын бузуп, ага карата ашыкча күч колдонгон.

Флойддун үй-бүлөсү шаар бийлиги менен сот ишин жайгаруунун натыйжасында бөлүнчү акча каражатынын ичинен 500,000 АКШ доллары өлчөмүндөгү салымды Миннеаполис шаарынын Жорж Флойд каза болгон көчө кесилишине жакын конуштарда байырлап жаткан жамааттын пайдасына бөлүп бермекчи. (TT)

XS
SM
MD
LG