Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Дүйнөдө расалык теңсиздикке каршы жүрүштөр өттү


Ак үйдүн алдына чыккан демонстранттар. Вашингтон. 4-июнь, 2020-жыл.
Ак үйдүн алдына чыккан демонстранттар. Вашингтон. 4-июнь, 2020-жыл.

Расалык теңсиздикке жана полициянын зомбулугуна каршы АКШда башталган жүрүштөр жекшембиде дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде өттү.

Жекшембиде Италиянын баш калаасы Римде миңдеген адамдар «Каралардын жашоосу мааниге ээ» деген акцияга кошулушту. Беткап кийген демонстранттар ортодогу аралыкты сактап, ырдап жатышты. Алар ошондой эле тизелеп, бир мүнөт аза күтүштү.

Ушундай эле акциялар 7-июнда дүйнөнүн башка мамлекеттеринде дагы өттү. Испаниянын баш калаасы Мадридде жүрүшкө чыккандар «Менин демим кыстыгып жатат», «Жорд Флойд биз менен, расизмге жол жок» деген ураандарды чакырып жатышты.

Лондондогу каршылык акцияга чыккандар да беткап тагынып, мээлей кийип алышкан. Алар «Коронавирустан да жаман вирус бар, ал деген расизм» деген жазууларды көтөрүп турушту.

6-июнда Германия менен Австралияда да расизмге каршы акциялар өткөн. Миңдеген австралиялыктар көчөгө чыгып, өлкөсүндөгү түпкүлүктүү элдин же аборигендердин маселесине да көңүл бурдурганга аракет кылышты.

Лондондогу акциянын катышуучулары. 3-июнь, 2020-жыл.
Лондондогу акциянын катышуучулары. 3-июнь, 2020-жыл.

Францияда ушундай эле акцияга жыйырма миңдей адам чыкканы кабарланды. Ал эми Германиянын баш калаасы Берлинде 15 миңдей адам Александр Платц аянтына чогулушту. Алар тогуз мүнөттөй тизелеп отуруп, Жорж Флойдду тунжуроо менен эскеришти. Дал ушунча мүнөт полиция кызматкери Флойдду жерге жаткырып, тизеси менен муунткан. «Демим кыстыгып жатат» деп Флойд бир нече ирет кайталаганына карабай полициячы аны муунта берген. 25-майда болгон окуяны ошол жердеги күбөлөр видеого тартып алышып, Интернетке жайылып кеткен.

Флойд жасалма акча колдонгон деген шек менен кармалган эле. Окуяга катыштыгы бар төрт полициячы тең камакка алынды.

Ошол күндөн тартып башталган нааразылык акциялары токтой элек. Вашингтондо 6-майда он миңдеген адамдар жүрүшкө чыгышты. Каршылык акциясынын катышуучуларынын бири Форрест өз укугун коргоп чыкканын айтты:

"Муундан муунга бул күрөш уланып жатат. Бул үчүн биздин чоң ата-чоң энелерибиз, ата-энелерибиз күрөшүшкөн. Эми биздин балдар, неберелер ушундай акцияларга чыкпашы керек"-деген Форрест 60 жылдан кийин да анын балдары же неберелери ушундай акцияга чыкса баарынан өкүнүчтүү болорун кошумчалады.

Вашингтондогу жүрүшкө оң миңдеген адамдар чыкты. 6-июнь, 2020-жыл.
Вашингтондогу жүрүшкө оң миңдеген адамдар чыкты. 6-июнь, 2020-жыл.

Ири акциялар Нью-Йорк, Филадельфия, Сиэтл, Чикаго жана Лос-Анжелес шаарларында өттү. Бул АКШ президенти Дональд Трамп мамлекет башына келгенден берки эң ири толкундоолор болуп калды.

Айрым шаарларда акциялар талап-тоноо менен коштолду.

Флойддун сөөгү 8-июнда жерге берилет. Анын үй-бүлө мүчөсү Кристофер Симмонс каршылык акциялар көптөн бери уланып жаткан жаранын бетин ачканын айтат:

«Мен бул өлкөдө эмне болуп жатканын көрдүм, албетте мунун баары кейиштүү. Бирок бул Кошмо Штаттардан качантан бери уланып келаткан көйгөйгө болгон аллергиялык реакция. Коронавирус сыяктуу эле, полиция зомбулугунун да дарысы табыла элек. Бул оор кырдаалда биз бири-бирибизди колдоп, бирге турушубуз керек».

Конгрессте Өкүлдөр Палатасынын жана Сенаттын мүчөлөрү полициянын реформасы боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатышат. Документ ушул айдын соңунда добушка коюлары күтүлүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG