Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Армян оппозициячыл күчтөрү парламент имаратын тороп алышты


Армян премьер-министри Н.Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жыйыны. Ереван. 2021-жылдын 9-марты.
Армян премьер-министри Н.Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жыйыны. Ереван. 2021-жылдын 9-марты.


Армения оппозициясынын миңдеген жактоочулары премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, Еревандагы парламенттин имаратын курчоого алышты.

Демонстранттар 9-мартта имаратты курчап алышты жана полиция менен айрым учурларда жакалаша кетишти. Бир катар оппозициячыл депутаттар катуу кагылышуулардын алдын алуу үчүн полиция менен элдин ортосунда турууга аргасыз болушту.

Атайын коопсуздук кийимдерин кийген полиция кызматкерлери элди күчтөп таркатуу аракетин жасаган жок.

Оппозициячыл саясатчы Ишхан Сагателян сүйлөөдө. Ереван. 2021-жылдын 9-марты.
Оппозициячыл саясатчы Ишхан Сагателян сүйлөөдө. Ереван. 2021-жылдын 9-марты.


Оппозициячыл саясатчы Ишхан Сагателян: "Чагымдарга эч алдырбаңыздар", – деп нааразы болгон калайыкка кайрылды:

"Эч кимибиз Улуттук Жыйындын дарбазасын бузуп ичкериге өтпөйбүз. Бул – биздин парламентке каршы жарандык баш ийбөө чарабыз болуп саналат", – деди ал.

Өкмөт башчы Пашинян өткөн жылы Тоолуу Карабак аймагына байланыштуу Азербайжан менен армян күчтөрүнүн ортосундагы алты апталык согуштан кийин ок атышууларды токотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол койгондугу үчүн армян оппозициясынын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жыйындарына туш болду.


Армениядагы нааразылыктын өзөгүн былтыр 9-ноябрда Орусиянын ортомчулугу менен жетишилген тынчтык келишими түзөт. Бул макулдашууга ылайык жеңилип бара жаткан Армения күчтөрү менен Азербайжандын Түркия кыйыр колдогон аскерлеринин салгылашуулары токтотулган.

Армения Орусиядан аскердик жардам сураганда, расмий Кремль азырынча согуш аракеттери Азербайжандын гана аймагында жүрүп жаткандыгын айтып жооп узаткан.

Келишимге ылайык, Армения Тоолуу Карабактын бөлүктөрүнө жана Азербайжандын 1990-жылдардын башынан бери армян аскерлери басып алган Тоолуу Карабактын тегерегиндеги райондоруна көзөмөлүн жоготкон.

Пашинян оппозициянын кызматтан дароо кетүү талабын четке кагып келет. (TT)

XS
SM
MD
LG