Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:47

Коронавирус: Кошумча 3500 орун даярдалат


Оорукана, Бишкек
Оорукана, Бишкек

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 20-февралда коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб менен жыйын өткөрүп, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды кылдат көзөмөлгө алуу боюнча бир нече тапшырмаларды берди.

Ал дарыканаларда керектүү дары-дармектердин баасын катуу көзөмөлдөп, аймактарды зарыл болгон дарылар менен камсыздоо керектигин белгиледи. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде чукул план иштеп чыгып, бир нече күндүн ичинде дарылардын жетишсиздиги, ооруканадагы орундарды даярдоо жана кошумча медициналык кызматкерлерди жумушка тартуу зарылдыгы айтылды.

Ооруканаларда планга ылайык дагы 3500 кошумча керебет коюлуп, 500 реанимациялык орун даярдоо каралууда.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 21-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан алты адам каза болду​. 54 кишиге вирус жукканы маалым болду.


Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1458 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 888 адамга жетти. Андан айыгып чыккандардын саны - 82 756. (BCh)

XS
SM
MD
LG