Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Ереванда оппозициянын нааразылык чарасы өттү


“Мекенди сактап калуу” кыймылынын лидери Вазген Манукян нааразылык жыйынында сүйлөдү. Ереван. 2021-жылдын 20-февралы. 
“Мекенди сактап калуу” кыймылынын лидери Вазген Манукян нааразылык жыйынында сүйлөдү. Ереван. 2021-жылдын 20-февралы. 

Армениянын оппозициясы 20-февралда Ереванда азыркы премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган тынч нааразылык жыйынын өткөрдү жана жүрүш уюштурду.

“Мекенди сактап калуу” кыймылынын багыттоочусу Ишхан Сагателян эми 22-февралдан (дүйшөмбү күндөн) тартып ушул эле талап менен мөөнөтсүз нааразылык чаралары баштала тургандыгын шардана кылды.

“Дүйшөмбүдө кечки саат алтыда (Бишкек убактысы боюнча 20:00да) жолугушабыз да, баш ийбөөчүлүк жүрүшүн баштайбыз. Бул өкмөт кызматтан кетмейинче нааразылык чараларыбыз улантыла бермекчи”, – деди Сагателян.

Ишембиде армян оппозициясынын өкүлдөрү оболу Эркиндик аянтында өкмөткө каршы жыйын куруп, андан соң майда топторго бөлүнүп алып, борбор шаардын көчөлөрү боюнча жүрүшкө чыгышты. Алар “Мекенди сактап калуу” кыймылынын лидери Вазген Манукян жетектей турган убактылуу өкмөттү түзүү талабын айтууда.

Армян оппозициясы Тоолуу Карабактагы алты апталык армян-азербайжан . согушуна чекит койгон 2020-жылдын ноябрындагы ок атышууларды токтотуу боюнча Армения, Азербайжан жана Орусиянын үч тараптуу келишимине кол койгондугу үчүн Пашинянды айыптап келишет. Ал болсо өз өлкөсүнүн кызыкчылыктары үчүн ушул кадамга аргасыз барганын билдирген.

Армения бийликтери оппозициянын парламенттик эрте шайлоо өткөрүү талаптарын четке кагып, азыркы тапта андай зарылчылык жок деп келет. (TT)

XS
SM
MD
LG