Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Сенат: Трамптын адвокаттары импичмент боюнча сот жүрүмүн мыйзамсыз деп санашат


АКШнын Сенаты мурдагы президент Д.Трампка карата экинчи импичмент боюнча сот ишин баштады. Капитолий. 2021-жылдын 9-февралы.
АКШнын Сенаты мурдагы президент Д.Трампка карата экинчи импичмент боюнча сот ишин баштады. Капитолий. 2021-жылдын 9-февралы.


АКШнын Сенаты 9-февралда мурдагы президент Доналд Трампка карата быйыл 6-январда анын тарапташтары Капитолийди убактылуу басып алган окуяга байланыштуу “козголоң уюштурган” деген доо боюнча экинчи импичмент боюнча сот ишин баштады.

Сот жараяны шейшембиде эртең менен эки тараптуу макулдашуу боюнча процессуалдык добуш берүү менен ачылып, анда оболу импичмент соттун жүрүшүнүн эрежелери аныкталып, жактырылды.

Андан кийин Сенат “экс-президенттин сот жообуна тартылышы конституцияга туура келеби же жокпу?” деген маселе боюнча талаш-тартышка өттү. Сенаттагы республикачылардын көпчүлүгү бул жүрүм мыйзамга төп келбейт деп чыкты. Бул жагдай республикачылардан болгон мурдагы президент акыры бул сот жүрүмүндө акталып чыгышы ыктымалдыгына ишаара кылып койду. Арийне, баары бир Трамп АКШ тарыхында эки жолу импичмент сотуна кабылган жападан-жалгыз президент болуп кала берээри шексиз.

Тасма. Сенаттагы отурум ободо жана онлайн түз берилүүдө. 09.2.2021.

Сенат экинчи импичменттин конституцияга шайкештиги маселеси боюнча дебатты жергиликтүү саат 13:00дө баштады. Ушул эле күнү түштөн кийин дал ушул суроо боюнча добуш берүү жүргүзүлөт.

Импичмент боюнча сот жараянын улантууга айрым республикачы сенаторлор “макул” деп добуш бериши мүмкүн жана алардын колдоосуна таянып, демократтар көпчүлүк добушка жетише алат жана импичмент соту андан ары улантылышы күтүлөт.

Трамптын адвокаттары бул сот жүрүмү "бир катар жүйөөлөрдөн улам конституцияга каршы келет" деп өз турумун билдирүүгө беленденишүүдө. Бул жүйөөлөрдүн арасында Трамптын 6-январда эртең менен Ак Үйдүн маңдайындагы өз тарапкерлерине кайрылган сөзү өлкөнүн Баш мыйзамы тарабынан корголгон сөз эркиндигинин алкагында айтылган болчу деген жүйөө бар.


Трамптын жактоочуларынын айтымында, мурдагы президент 6-январда өз тарапташтарына "каймана мааниде" гана сүйлөп, аларды Капитолийге барып, "тозок отундагыдай салгылашкыла" деп айткан болчу, ал эми демократтар анын сөздөрүнөн өздөрүнүн жүйөөсүн колдогон бөлүктөрүн гана жулуп алышкан.

Трамптын адвокаттары мурдагы президенттин Капитолийге кол салгандарга карата түздөн-түз тиешеси жок жана Вашингтонго баруу чечимин өздөрү ыктыяры менен кабыл алган "кылмышкерлердин чакан тобунун" иш-аракеттери үчүн Трамп эч кандай жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес, деп баса белгилөөгө беленденип жатышат. (TT)

XS
SM
MD
LG